Айбат » Агент, одноклассники же фейсбукта отургандар оорулуу эмесмин десеңер, кийинки суроого жооп бергилечи, белек беребиз!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Агент, одноклассники же фейсбукта отургандар оорулуу эмесмин десеңер, кийинки суроого жооп бергилечи, белек беребиз!

Социалдык тармакГезитибиздин өткөн санында “Агентте көп отурган жаштар “түнөл” орусуна чалдыгуусу мүмкүн” деген макала жарык көргөн. Ал оору физикалык таасир болсо, бүгүн “агеннтин” жана ушу сыяктуу социалдык тармактардын психикалык таасири тууралуу кеп куралы.

Эдинбург университетинин окумуштуусу Аях Рахман жетектеген илимий эксперименттин жыйынтыгы, социалдык тармактарда көп отуруу, логикалык ой жүгүртүүгө жана чечим чыгарууга зыян келтирүүсүн даана көргөзгөн. Социалдык тармактардын көпчүлүк активдүү аудиториясынын эс тутуму жана аналитикалык жөндөмдүүлүгү начарлайт.

Эксперимент эки катар бөлүктөн турган. Биринчисинде, эксперименттин катышуучуларына жөнөкөй логикалык суроо берилген: топу менен жемпирдин баасы биригип 110 сом. Жемпир топудан 100 сомго кымбат болсо, топу өзү канча сом? Суроонун жөнөкөйлүгүнө карабастан, көпчүлүк катышуучу жообун туура айта алган эмес.

Туура жообу айтылгандан кийин, эксперименттин экинчи бөлүгүндө ушул эле суроону башка бир топ адамга беришкен (жарымы туура жообун билет). Бирок ошого карабастан, кайра эле туура эмес жооп берген адамдарга кошулуп, бир туура жооп берүүгө келе албай калышкан.

“Бул эксперимент катышуучулардын (көбү жаш жана социалдык тармактарда көп отургандар) маалыматты үстүртөн кабыл алуусун жана логикалык ой жүгүртүү жөндөмүн жоготкондугун көргөздү. Андан тышкары, статистика боюнча чоң текст жана сүрөтү жок макалаларды аягына чейин окугандар абдан азайды” – дейт Аях Рахман.

Көп окумуштуулардын пикири – социалдык тармактар жалган виртуалдык дүйнөнү жашоо маңызы жана ал тармактардагы “авторитеттер” адамдын жүрүм-турумуна туура эмес таасир берет – дейт. Адам өзү ой жүгүрткөндү унутуп, соц. тармактарда жазылгандай жашап калышат. Себеби бир түрдүү кыймыл аракеттер (кат келди, аны окуу, жооп берү, класс, “лайк” ж.б. ушул сыяктуу) адамдын аң-сезимин деградацияга алып келет!

Мына окурман, сиздерге жогорудагы логикалык суроону бердик (топунун баасы канча сом?). Ким биринчи туура жообун табып, редакциябызга жазып жиберсе, ошол окурманыбызга белек беребиз ;)

Жообун 1032 кыска номерине aibat деген сөздү кошуп смс менен жөнөтүңүз (смс баасы – 15 сом)

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №80



Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Жакшы жазыптыр.

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru