Айбат » Бабырбек Жээнбеков кызматтын «кулу» экенин далилдеди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Бабырбек Жээнбеков кызматтын «кулу» экенин далилдеди

Жээнбеков БабырбекБашбакан Жоомарт Оторбаев монополияны жөнгө салуу агенттигинин директору Бабырбек Жээнбековду жумуштан алуу тууралуу буйрукка кол койду. Ал эми Бабырбек Субанович буга моюн сунбай, кресло үчүн соттошууга да барарын «Вечерний Бишкек» сайтына курган маегинде билдириптир. “Менин кызматтан четтетилгеним боюнча ММКлардан билдим. Азыр мени эмне себептен жумуштан кетиришкенин билбейм. Ден соолугумду чыңдаган соң сотко кайрылам, укугумду коргойм” деген Бабырбек мырза кызматтын кулуна айланганын тастыктады. «Кызмат, байлык – колдун кири» дейт элибизде. Анын сыңарындай, Б.Жээнбеков мынчалык тырышпай, сыйы менен эле жумушун өткөрүп берсе болмок. Кол астындагы кызматкери 300 миң сом пара менен кармалып, аны Б.Жээнбековго алып барып берерин айткандан кийин эле анын антимонополдук комитетти жетектегенге моралдык укугу калбай калган. Бирок, маңсап дегенде эт-бетинен кеткен кишилерге айла жок тура…

Айбат гезити №81




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru