Айбат » Эркингүл Иманкожоева Нурсулуу Ахметованы жалган маалымат менен күнөөлөгөнү үчүн жооп береби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Эркингүл Иманкожоева Нурсулуу Ахметованы жалган маалымат менен күнөөлөгөнү үчүн жооп береби?

Иманкожоева ЭкингульПрезидент Алмазбек Атамбаевдин ЖК депутаттары кабыл алып, ага сунуштаган «Мөңгүлөр тууралуу» мыйзам долбооруна кол койбой, кайра артка жөнөткөнү депутат-авторлордун күчтүү эмоциясын ордунан козгоп койду. Адегенде мамлекет башчысы бул мыйзамга эмне себептен кол койбогондугун кыскача айта кетели. Мыйзам долбоорунун артка кайтарылышынын себеби анын бюджеттин киреше бөлүгүнүнө тийгизе турган таасири менен байланыштуу. Себеби, сунушталган мыйзамда мөңгүлөр, кар күрткүлөрү жана тоң-муздар жайгашкан  тилкеде кенди ачык ыкма менен иштетүүгө тыюу салынат. Демек ага ылайык, азыр иштеп жаткан кен казуучу компаниялар жер алдында иштөөгө тийиш. Андыктан казып чыгаруу ыкмасын өзгөртүү үчүн өндүрүштү болжол 2 жылга токтотууга туура келмек. Мындай жагдай чыгымды көбөйтүп, кирешени азайтат. Анын эсебинен бюджетке салыктардын, социалдык фондко тёлёмдёрдүн түшүүсү токтоп калат. Бул өлкөбүздөгү социалдык көйгөйлөрдүн жаралышына алып келиши толук мүмкүн болчу. Учурдагы кырдаалга жараша президенттин мыйзамга кол койбогондугун туура түшүнүүгө болот. Бирок, “КСДП” партиясынан эл өкүлү Эркингүл Иманкожоева президенттин бул чечими менен макул эмес экендигин билдирип, анын мындай чечимге келишине президенттин аппаратынын акча-кредит саясаты жана финансылык мониторинг бөлүмүнүн башчысы Нурсулуу Ахметованы себепкер деп чыкты. «Мына ушу Нурсулуу Ахметовага окшогондордун экспертизасынын жана президентке берген туура эмес маалыматынын негизинде ушундай чечим чыгып калды. Менимче, ал айымга “Кумтөрдүн” жетекчилиги жакшы сүйлөп койгон болушу керек» дейт Эркингүл айым. Депутат мындай билдирүүсү менен Нурсулуу Ахметованы “Кумтёрдён” кандайдыр бир сыйлык алган болушу керек дегенди кыйытып жатат. Мындан башкача түшүнүүгө мүмкүн эмес. Андыктан Иманкожоева мындай билдирүүсү менен өздөрү жакында эле кабыл алган «кылмыш жасагандыгы тууралуу жалган маалымат тараткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу» мыйзамынын алдында жооп бериши керек болуп калды. Бул биринчиден. Экинчиден, Нурсулуу Ахметова өзүнүн иш тажрыйбасында башынан тарта эле экономикалык багыттагы жооптуу кызматтарда иштеп келет. 2011-жылга чейин ал ЮСАИДдин долбоорлорунун бирин жетектеп келген. Ал эми 2011-жылдан тарта премьер-министр Бабановдун кеңешчиси болуп иштеген. Демек, ал экономикалык багыттагы жооптуу кызматтарда такшалып, кандай иш-аракет мамлекет үчүн пайдалуу натыйжа бере тургандыгын, кайсынысы чыгымга дуушар кыларын абдан жакшы билет. Ал эми Иманкожоеванын багы 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин гана ачылып, «чү дегенде» эле Убактылуу өкмөттүн идеологиялык иш жана коомчулук менен байланышуу бөлүмүн жетектеп калган. Кесиби боюнча инженер-технолог. Демек, эч кандай экономикага тиешеси жок. Эмгек жолун кийим тигүүчү болуп баштап, андан кийин технолог, инженерлик кызматтарды аркалаган. Андан кийин өзүнүн «Карек» аттуу коомдук бирикмесин түзүп алган. Жогоруда айтып өткөндөй анын бактысын апрель революциясы ачып, учурда Жогорку Кеңештин депутаты болуп отурат. Эми өлкөбүздөгү экономикалык абалды кесиби боюнча экономист түшүнөбү, же инженер-технолог түшүнөбү? Өзүңүздөр баамдап алаарсыздар…

Айбат гезити №81



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru