Айбат » Жалгыз депутаттын айынан жалпы Алайлыктар кыйналууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Жалгыз депутаттын айынан жалпы Алайлыктар кыйналууда

Кыргыз элинин каада-салтында, нарк-насилинде жок «жол тосмой» өңдүү көрүнүштөр акыркы учурларда байма-бай боло баштады. Бул жолу коррупцияга шектелип камакка алынган Акматбек Келдибековдун тарапташтары Ош-Эркечтам жолун 27-майда буушуп, бүгүнкү күнгө чейин ачыша элек.

1

Илгертен жол аркылуу ырыскы келе тургандыгын жакшы түшүнгөн кыргыз эли жол тосмок тургай, ага кокусунан түшүп калган ташты да четке чыгарып, жолду таза кармап келишкен. Себеби бул жол аркылуу адам баласы бардык тиричилигин жасайт. Жол аркылуу соода-сатык кылгандар, оору-сыркоолор, же жөн эле конокко бараткандар каттайт. Жолдун так ортосуна боз үй тигип алуу деген бул жадакалса ата-бабабыз бизге калтырган боз йүдү да сыйлабастык болуп калды. Жосунсуз жорук жасап, кутурган адамдын аракетинин кесепети кээде беймарал турмушун жасап, чымчыкка да зыяны жок жүргөн адамдарга тийе берет экен. Мына ушул митингчилердин айынан өз убагында ооруканага жете албай, ооруп турган 3 айлык наристенин чымындай жаны чыркырап учуп кетти. Анын убалы кимге? Бул жарык дүйнөнү эми гана көз ачып көрүп, эми гана жашоонун даамын татып баштаарында жалган дүйнө менен кош атышкан наристенин өлүмүнө эми ким жооп берет? Кан жолдун үстүндө катыра «Кара жорго» бийин бийлеп, көңүлдөрүн ачып аткан митингчилер ошол наристенин өлүмүнө себепкер болуп калгандарын түшүнүшөөр бекен?

 

Мамлекет казынасын күнүнө 11,5 миллион сомго жана жеке ишкерлерге 50 миллион сом чыгаша алып келгендерин сезишеби?

Учурда Ош-Эркечтам жолунда токтоп турган жүк ташыган жана жеңил унаалардын саны күн санап өсүп барат. Жүк ташуучулар Ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиевдин айтымында ал жерде 120 автоунаа өтө албай турат. Ал эми бул кан жол менен каттап, соода-сатык кылган жеке ишкерлер 50 миллион сом чыгашага туш болушканын айтат. «Биз Келдибековдун тарапташтарын өз талаптарын мыйзамдуу жол менен коюуларына чакырабыз. Учурда ал жолдон автоунаалар өтө албай, көптөгөн миллион чыгашага дуушар болуп жатышат. Оорулуу адамдарды кол менен көтөрүп өтүүгө туура келүүдө. Эгерде алар жолду ачышпаса, анда биз Башкы прокуратурага аларга кылмыш ишин козгоону өтүнүп кайрылабыз» дейт Шабданалиев. Ал эми Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча жолдон өтө албай токтоп турган автоунаалардын саны 27-майдан 31-майга чейин эле 109га жеткен. Ал эми алардын арасында импорттоого алып бара жаткан товарлардын көлөмү 1 764 тоннаны түзгөн. Анын негизинде өлкө казынасына бажы төлөмдөрүнөн күнүнө 11,5 миллион сомдон акча каражаты түшпөй калууда. Эми бул сумманы 8 күнгө көбөйткөндө өтө ири сумма келип чыгарын жакшы билебиз. Мунун бардыгы келип эле кайрадан карапайым калктын чөнтөгүнө зыян алып келери турган иш. Пенсия-пособиялардын, айлык акылардын кечеңдешине шарт түзүп коет. Мына ушуну жол тосуп отурган мекендештерибиз туура түшүнүшсө жакшы болмок.

 

Келдибековдун тарапташтарынын жол тоскону, биринчи кезекте Алайлык туугандарга жакпай турат

Ош-Эркечтам жолуЖердештеринин жалгыз депутаттын айынан миңдеген адамдардын укугун бузуп, жол тосуп отургандарынан биринчи кезекте Алайлык туугандарыбыз нааразы боло башташты. Тактап айтканда Алай районунун алты ишкери Ош шаарынын ИИМ башкы башкармалыгына жол тоскондорго карата тиешелүү чара көрүүлөрүн өтүнүп арыз менен кайрылышкан. Алар бир нече күн бою жолдон өтө албай, жоготкон чыгымдарын митингчилердин төлөп берүүсү керек экендигин билдиришүүдө. Андан сырткары Чоң Алай, Алай жана Араван райондорунун жашоочулары бийлик төбөлдөрүнө митингчилердин мыйзамсыз аракеттерине карата чара көрүүсүн суранып атайын кайрылуу жолдошту. Ал кайрылууларда жолдун жабылып тургандыгынан улам элдин аябай кыйналгандыгы айтылган. Мындан улам айрым оппозициячыл саясатчылар ооз көбүртүп «Жалпы алайлыктар Келдибековду колдоп чыгышууда» деген билдирүүлөрү суу кечпеген калп экендиги оркоюп көрүнүп калды.

 

Митингчилер айыл акскалдарын да тоготпой калышты

Сегиз күндөн бери жабылып турган жолдун айынан Чоң Алай районунда ун азыктары менен күйүүчү майлардын запасы түгөнүп баратканы маалым болду. Эгерде жол ачылбаса 29 миң жашоочусу бар тоолуу район таптакыр азык-түлүгү жок калышы мүмкүн. Бул туурасында райондун акими Абдулазиз Аширалиев билдирди. Ансыз да нөшөрлөп жааган жамгырдын айынан айрым жерлерде көпүрөлөрдү суу алып кетип жергиликтүү эл кыйналып жатса, экинчи жагынан жол тоскондор өзүнчө көйгөй жарата баштады. Райондун акими сатуучулардын арасында атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, азык-түлүккө болгон баалардын көтөрүлүп кетишинен эптеп сактап тургандарын билдирет. Андан сырткары пенсия-пособияларды берүү иштери да кечеңдеп жатат. Өзгөчө медициналык кароого муктаж адамдар дагы Ош шаарына жете албай райондун борборунда кармалып турушат. «Калк арасында нааразычылыктар өсүп баратат. Бир депутаттын айынан эмне үчүн миңдеген адамдар жабыркашы керек деген суроону коюшууда. Кечээ биздин аксакалдар Тамчыга барып митингчилер менен сүйлөшүп келишти. Бирок жыйынтыгы жок» дейт аким. Айыл аксакалдарын да тоготпой калышкан митингчилер акыры бирдин ичинен чыгышпаса болду. Эң негизгиси Кудайга да жакпаган жорукту жасап жаткандардын кесепети мыйзамды сыйлаган адамдарга көрүнбөй, өз баштарына көрүнсүн деп туралы…

Айбат гезити №81




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru