Айбат » Атамбаев качкын президент Бакиевге унчукпа деп кеңеш берди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Атамбаев качкын президент Бакиевге унчукпа деп кеңеш берди

atambae1Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-июнда Нарын Жогорку каскадына ГЭСтин фундаментин куюу учурунда Жети-Өгүз районунда жана Жалал-Абад облусунда жакында болгон окуяларга токтолду.

“Жети-Өгүз жана Жалал-Абадда болгон окуяларга кайрылбай коё албайм. Өзгөчө түндүк менен түштүктү бириктерген жол Жалал-Абадда тосулушуна токтолбой коё албайм. Бул бизди ойлондурат. Бизди жаңжалга түртүп аткан тийиштүү күчтөр бар экенин көрүп атабыз. 2010-жылы атууга буйрук бергендер кубанып атат. Кайтадан эле ар кандай шылтоо менен кендеги жарык өчүрүлсүн, имараттарды басып алуу боюнча чакырыктар айтылууда. Алардын чакырыгы “Атамбаев кетсин!”,- деди өлкө башчы.

Ал качып кеткен президент Курманбек Бакиев “Кумтөрдө” болгон окуялар учурунда унчукпай турганы жакшы болмок,- дейт.

“Качып кеткен Бакиев үч жыл бою унчукпай турду. Азыр эми мен кыйраткыч, ал жасагыч экенин айтып атат”,- деди ал. Атамбаев ошондой эле Бакиевдин бир катар айткандарына токтолду. Өлкө башчысы ал 2007-жылы премьер-министр болуп турганда жаман келишим даярдалган, ал эми 2009-жылы анын баласы Максим Бакиев жакшы келишим даярдаган деген айыптоону четке какты.

“Чындыгында бул эки документте чоң айырмачылык бар болчу, бирок Кыргызстандын пайдасына эмес. Бакиевдердин келишими боюнча Centerraга 16,5 миң гектар жер берилген. Ал жакта миллирддаган долларга бааланган кен болгон. Бул келишимди парламент колдогондон кийин Максим Бакиев алгачкы 1 миллиард долларын Москвадагы казинодо майрамдаган”,- деди Атамбаев.

P6121086

P6121082

P6121079

P6121076

P6121062

P6121054

P6121051

Булак http://kyrgyz.vb.kg/225570

http://barakelde.akipress.org/news:50137/



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru