Айбат » Каргашалуу июнь коогалаңы экинчи кайталанбасын

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Каргашалуу июнь коогалаңы экинчи кайталанбасын

ОшМындан туура төрт жыл мурун эзелтеден соода кылса базары бир, жалган дүйнө менен кош айтышса мазары бир болгон кыргыз-өзбек бир тууган элинин ортосуна от жаккан чагымчылдардын айынан жүрөк үшүн алган түштүк коогалаңы болуп өткөн эле. Бул кандуу окуядан жүздөгөн мекендештерибиз өтө жакын адамдарын жоготуп кан жутуп боздоп атса, айрым шумпайлар кароосуз калган мүлктөрдү басып алып, байып алганга үлгүрдү. Бирөөнүн кайгысынын үстүнө өз бактыңды кура албайсың демекчи, көп узабай эле андай шумпайлардын былык иштери чекесинен чыгып атат. Негизи карапайым кыргыз-өзбек эли эч качан бири-бирине үстөмдүк кылууга жутунбаган жайбаракат турмушта жашап келишкен. Ошондой эле тынчтык жашоону азыр деле каалашат. Туура, төрт жылдын ичинде эле балдарын, жакындарын жоготкон энелердин көз жаштары кургап калган жок. Зар какшап отургандар азыр деле бар. Бирок, убакыт деген бул улуу дарыгер демекчи, акырындык менен ал окуянын кайгылуу күндөрү унутулуп, элибиз кайрадан эки элдин ортосундагы ынтымакты бекемдегенге аракет жасап келишет. Бул окуя тарых барактарынан эми эч качан сызылып калбайт. Аны дайым эстеп турабыз. Бирок, эстеген сайын андай араздашуу эч качан жакшылыкка алып барбай тургандыгын, мындай кагылышуудан эч ким утпай тургандыгын, кан жутуп боздогон энелер, аталап ыйлаган балдар калаарын эстеп, экинчи эл бузарлардын артынан ээрчип, эгерим мындай кагылууша барбай тургандай болуп эстеп турушубуз керек. Биздин бакубат келечегибиз өзүбүздүн гана колубузда. Биз канчалык ынтымактуу болсок, ошончолук өркүндөп-өсүүгө, жашоо-шартыбызды оңдоого багыт алабыз. Ал эми ар бир жаңжал адам өмүрүп алып, материалдык да чыгымдарга дуушар кылаарын көрүп билдик. Эми болуп өткөн окуялардан сабак алып, эртеңибизге бекем ынтымак, аруу тилектер менен баралы.

Айбат гезити №81



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru