Айбат » Кожобек Рыспаев: “Түштүк коогалаңынан сабак алышыбыз керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Кожобек Рыспаев: “Түштүк коогалаңынан сабак алышыбыз керек”

Кожобек Рыспаев- Кожобек мырза, жүздөгөн мекендештерибизге унутулгус кайгы-муң салып өткөн каргашалуу июнь коогалаңынын болуп өткөнүнө төрт жылдын жүзү болду. Мына ушул окуя бизге, келечек муундарга кандай сабак болушу керек?

Бул окуя жалпы эле баарыбызга, келечегибизге да өтө чоң сабак боло турган окуя болуп калды. Илгертеден ынтымакта жашап келаткан эки улуттун ортосуна от жаккандар ойдо болбогон окуяны жасап жиберишти. Ачыгын айтканда, бул жерде кыргыз тарап да, өзбек тарап да күнөөлүү эмес. Күнөөлүүлөр эки элдин ынтымагын бузуп, өз максаттарына жеткиси келген үчүнчү күчтөр болду. Анткени карапайым кыргыздар да, өзбектер да уруш-талашты каалабайт. Эми мына ушул окуядан биз сабак алышыбыз керек. Мындан ары эл бузар, журт бузарлардын сөзүнө алданбашыбыз керек.

- Эл өкүлү катары эл менен жолугушууларга барганда эки элдин ортосундагы мамиленин кандай болуп калганын байкап жүрөсүз?

– Ачыгын айтканда жакындарын жоготкон мекендештерибиздин, балдарын жоготуп сыздаган энелердин көз жашы төрт жылда эле кургап калбайт. Мен өзүм да Афган согушуна катышкам. Андыктан согуштун кандай экенин, жакынын жоготуудан улам аккан көз жаштын кандай ачуу болорун жакшы билем. Азырынча энелердин көз жашы толук кургак элек. Бирок, мурдагыдай чыңалуу жок. Тескерисинче эл азыр кайрадан ынтымакта болууга, мурдагыдай бири-биринин үйүнө конокко барып, беймарал жашоого өтүүгө аракет жасап жатышат.

- Эми дагы ушул өңдүү кайгылуу окуялар кайталанбашы үчүн кандай аракеттерди жасашыбыз керек?

Биринчи кезекте эл бузарлардан сак болушубуз керек. Украинада болуп аткан окуядан сабак алышыбыз кажет. Анан дагы Кыргызстандын түпкүлүктүү эли кыргыз болгондон кийин кыргыз тилин кеңири жайылтып, аны укеңири колдонууга мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек. Бөлүнбөшүбүз зарыл. Албетте, өлкөбүздө жашаган ар бир улут өз тилинде сүйлөгөнгө акылуу. Бирок, барыбыздын башыбызды бириктире турган тил кыргыз тили болушу кажет.

Айбат гезити №81




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru