Айбат » Жээнбек Осмоналиев: “Балдарды коргосок – келечегибизди коргой алабыз!”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жээнбек Осмоналиев: “Балдарды коргосок – келечегибизди коргой алабыз!”

Жээнбек ОсмоналиевМектепке барбай, “А” деген арипти аңдай албай жатып талаа жумуштары менен алышып, бала күнүнөн түмөн түйшүккө малынган өспүрүмдөр бүгүнкү кыргыз коомунун орчундуу көйгөйү экени талашсыз. Бул маселеге олуттуу көңүл буруп, балдардын эмгеги менен күрөшүүгө бел байлагандар да жок эмес. Алардын катарында Кыргыз Республикасынын агро өнөр жай комплексинин жана айыл чарбасынын муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитети. Бүгүн биз аталган комитеттин төрагасы Жээнбек Осмоналиевди кепке атрттык.

 – Жээнбек Чыныбекович, 12-июнь Бүткүл дүйнөлүк балдардын эмгеги менен күрөшүү күнү эмеспи, сиздер балдардын эмгеги менен күрөшүү жаатында бир топ иштерди аркалап келесиздер. Дегеле бүгүнкү күндө талаада иштеп, акча табуунун амалын издеп жүргөн жаш жеткинчек балдар тууралуу эмне айта аласыз?

– Балдардын эмгеги бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселелеринин бири болууда. Бул – көйгөй менен кездешпеген бир да өлкөнү табууга мүмкүн эмес. Миӊдеген балдар өзүлөрүнүн өсүп-өнүгүшүнө, билим алуусуна тоскоол болгон эмгек менен аракеттенишүүдө. Алардын көпчүлүгү физикалык жана психологиялык жактан жабыркап, келечегине зыян алып келүүчү жана өмүрүнө коркунуч туудуруучу өтө жагымсыз иштерде иштеп келишет. Балдардын эмгегинин мындай жагымсыз түрлөрүнө чалдыккандар, келечекте билимсиз, акыл жана физикалык жактан чектелген, эң жакыр адамдардан болуп калышы толук мүмкүн. Мындай балдар коомдун жана мамлекеттин өсүшүнө салым кошо албайт. Андыктан коомубуздун айыккыс оорусуна айланып бараткан бул көйгөйдөн арылуу зарыл. Бул көйгөйдү чечүү менен дени-сак жана замандын талабына туура келчү коомду түзүүгө көмөк көрсөтүлүп, ар бир өспүрүмдүн өсүшүнө, ал туура багытта ойлогондой ахывалга жетишине шарт түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жээнбек Осмоналиев- Балдардын мындай ахыбалга кептелүүсүнө эмне себеп деп ойлойсуз?

– Кыргызстандагы жакырчылыктын жогорку деңгээли, социалдык жана экономикалык көйгөйлөр балдардын эмгектенүүсүнө түрткү берип, улам барган сайын бул көрүнүш көбөйүп баратат. Кыргызстанда балдар өнөр жайда, үй жумуштарында, элге кызмат көрсөтүү сферасында, көпчүлүгү айыл-чарба өндүрүшүндө иштегендиги белгилүү. 2007-жылкы балдардын эмгегинин Улуттук изилдөөсүнүн белгилөөсүнө ылайык балдардын айыл-чарба өндүрүшүндө иштөөсү Кыргызстандын түштүк региондорунда массалык мүнөз алып жүргөндүгү тастыкталды. Кыргызстандын Ош облусунун аймагында балдардын иштөөсү эң жогорку деңгээлге жетип 59, 7% түздү. Бул көрсөткүч Баткен облусунда – 56,56% жана Жалал-Абад облусунда – 46, 67% болгон.

- Жогоруда балдар өтө ыплас шартта иштеп жаткандыгы тууралуу айттыңыз. Көбүнчө кандай жумуштарды аткарарын аныктадыңыздарбы?

– Балдардын эмгеги айыл-чарбасында көбүнчө мал-чарбачылыгында, ал эми дыйканчылыкта тамеки, пахта жана күрүч өстүрүүдө колдонулат. Тамеки негизинен Кыргызстандын түштүк райондору – Ноокат, Араван, Ала-Бука жана Кадамжай райондорунда көп өстүрүлөт.

Тамеки – тиричилик шартында, өздүк жеке чарбаларда өндүрүлөт жана майда кол күчүн көп талап кылат. Ошондуктан, көпчүлүк жакыр үй-бүлөлөр чоң адамдарды жалдай албай тамеки иштерине өздөрүнүн балдарынын эмгегин пайдаланууга аргасыз болушууда.

Тамеки өндүрүшүндө балдар көбүн эсе ар түрдүү технологиялык процесстерге иштөөгө мажбур болушат. Алсак, алар тамекини сугарууга, уулу химиялык заттарды чачууга, тамекини суюлтуп, түбүн жумшартууга жана анын жалбырагын үзүү, ийне менен жипке тизүү иштерине тартылган. Алар өздөрүнүн ден соолугуна зыян келтирүүчү коркунучтарга чалдыгуу менен, ошол эле убактарда оор жүктөрдү көтөрүп, өмүргө зыян алып келе турган чарба шаймандарын колдонушат. Айыл-чарба жумуштарынын кайнап турган мезгилинде балдар ата-энесине жардам кылуу менен көпчүлүк учурларда мектептен калып, окууларын үзгүлтүккө учуратышат.

- Бизде балдардын эмгеги менен күрөшүп, алардын көйгөйүн чечүүгө арналган атайын долбоорлор, иш-аракеттер барбы?

– «Кыргызстандын тамеки өндүрүшүндөгү балдардын эмгегинин көйгөлөрүн чечүү маселелериндеги тажрыйбаны колдонуу» долбоору (IMPACT) түздөн-түз бул маселенин тегерегинде балдардын эмгегинин себептерин жоюууга багытталган.

Ар бир маселенин алкагында IMPACT долбоору жергиликтүү жамаааттардын мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу максатында убакыттын өтүшүнө жараша, долбоордун натыйжалуулугун колдоого алуу менен көп кырдуу методологиялык жолдорду басып өттү. Сунушталган иш чаралардын бардыгы – Кыргызстандагы бул иштерге кызыккан адамдар жана уюмдар менен кызматташтыкта иштелип чыккан, өкмөттүк жана коомдук уюмдардын иштерине кошумча күч берет. Ошондой эле бул иш чара мамлекеттин артыкчылыгы жана улуттук стратегиясы менен тыгыз байланышкан.

Балдардын эмгеги менен күрөшүүдө эл арасында маалымат таратуу бирден-бир эффективдүү чаралардын бири болуп эсептелинет. Бул жаатта–жергиликтүү райондук администрациянын кызматкерлерине, айыл округдарынын активдерине, долбоордун түз бенефициарлары – тамекичи – фермерлерге жана дыйкандарга, ошондой эле мектеп окуучуларына, мектеп парламенттинин өкүлдөрүнө, мугалимдер курамдарына окутуу семинарлары өткөрүлүп турат.

Райондордо тамеки өстүрүү менен аракеттенген фермерлердин жашоо деңгээлин көтөрүү аркылуу балдардын эмгегин четтетүүдө негизги курал – жакырчылыкты жоюу болуп эсептелинет. Бул багытта тамекичи – фермерлерге долбоордун алкагында, жеңилдетилген социалдык кичи насыялар берилүүдө. Алар өз ара жардам топторун түзүшүп жекече чарбадан ирелишкен чарбага өтүшүүдө.

Жылына долбоордо белгиленгендей 1000ден ашык фермер социалдык насыялар менен камсыз болууда.

Долбоордун иши жалгыз гана өз ара жардам топторун түзүү менен чектелбестен, кооперативдерди жана ирелешкен топторду түзүү боюнча да белсемдүү иштер жүргүзүлүүдө. Өз ара жардам топтору биргелешкен чарбаларды түзүп, өз акча каражаттарын топтоого киришишти. Коллективде биримдик менен иштөө өзүлөрүнүн эффективдүүлүгүн көрсөтүп, ишеним түзүлүп, өз ара жардам топтору өзүлөрүнөн да чоң бирикмелерди түзүүө башташты. Натыйжада, бүгүнкү күндө, долбоордун алкагында төрт кооператив түзүлүп жана эсепке алынды. Алар: Ала-Бука районунда көп профилдүү айыл-чарба кооперативи «Кут Келди», Ноокат районунда «ААА ДИР», «Мечит-Миям», «Кызыл – Кашташ» кооперативдери.

- Буларга насыя акчалай берилеби, негизи канча убакытка берилет? Насыя берүү менен балдардын эмгегин азайтууга мүмкүн болот бекен?

– Аталган кооперативдерге 3 жылдык мөөнөт менен айыл-чарба техникаларын сатып алууга жеңилдетилген техникалык насыялар берилди. Ал эми

долбоордун ишмердүүлүгүнүн натыйжасында, долбоор өзүнүн максатына жеткендигин далилдеп, миңдеген балдардын эмгеги тамеки өндүрүшүнөн четтетилди. Бирок, ошол эле учурда, талаа жумуштарынан четтетилген балдар өзүлөрүнүн бош убактыларын кандай өткөрөөрүнө билбей, башка мүмкүнчүлүк таба албай, көчөдө бош жүрүп калышты. Айрым айылдарда профессионалдык ийримдер жөнүндө сөз кылуудан мурун, жада калса спорт аянтчалары жок болуп чыкты.

Долбоордун иштөө мөөнөтү учурунда мектеп балдары үчүн профессионалдык окутуу жана алардын бош убактыларын натыйжасыз өткөрбөш үчүн долбоорго кирген райондордун 15 орто мектебинде жогорку класстардын окуучуларын кесиптик окууларга тартуу боюнча профессионалдык ийримдер түзүлдү,. Алар бүгүнкү базар мамилесине керек болчу кесиптерге окутутуулуда.

Долбоорго кирген райондордун мектептеринде балдар үчүн жүргүзүлгөн комплекстүү иш – чаралар окуучулардын мектепке катышуусун, ошондой эле билим алуунун сапатын көтөрүүгө чоң өбөлгө түзүп, өзүнүн натыйжалуугун көрсөтө алды.

Айбат гезити №81




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru