Айбат » Бөдөш Мамырованын ою боюнча оппозициялык ММКларды гана эл окуп, башкаларын карабай калыптыр

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бөдөш Мамырованын ою боюнча оппозициялык ММКларды гана эл окуп, башкаларын карабай калыптыр

Мамырова Бөдөш«Ар-намысчы» Бөдөш Мамырова парламенттин 5-июндагы жыйынында оозубузду Ошту караткан билдирүү таратты.

Анын айтымында, кабарлар.kg, кыргызтудэй.kg, маалымат.kg, азаттыктын сайттары гана чыркыраган чындыкты жазып, калган ММКлар калпты ышкыртып гана калышыптыр.

Акыл болбосоң кое кал! Аталган сайттар оппозициянын арыгын катыра чабары көмүскөдө айтылып жүрчү эле, ал эми Бөдөш Аманбаевна муну расмий тастыктап салды.

Эгер оппозициянын түшүнүгүндө өзүн «байдын эрке кызындай мактаган» басылмалар акыйкатчыл, аларды сындагандар жалганчы болсо, анда бийлик «абысыңдарынын» болгон-толгон деңгээли ушул экен деп калдык.

Айбат гезити №81



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru