Айбат » Нурлан Орозбаев: “Мамлекеттүүлүккө араздашуу кайсы гана абалда болбосун анын калыптанышына өтө терс таасирин тийгизет”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Нурлан Орозбаев: “Мамлекеттүүлүккө араздашуу кайсы гана абалда болбосун анын калыптанышына өтө терс таасирин тийгизет”

Нурлан ОрозбаевБыйыл каргашалуу июнь окуясына төрт жыл толот. Улуттар аралык жаңжалдын чыгуу себеби эмнеде? Бул кимге көбүрөөк пайда алып келген? Мунун мамлекеттүүлүккөтийгизген залакасы кандай? Мындан ары мындай коогалаңды болтурбай коюу үчүн кандай иштерди жасоо зарыл? Мына ушул өңдөнгөн суроолордун тегерегинде саясат таануучу Нурлан Орозбаев менен маектештик. 

- Июнь коогалаңынын жүз бергенине төрт жыл толот. Бул окуянын келип чыгуу себебин эмнеден көрөсүз?

– 2010-жылдагы апрель окуясынан соң түрдүү көзкараштагы саясый топтордун ортосундагы күрөштөн пайдаланып, мамлекеттик түзүлүштү жок кылууга аракет кылган сырткы күчтөр, ошондой эле жергиликтүү этностор арасындагы лидерлердин таасир талашуусу жана уюшкан кылмыштуу тайпалардын ар кандай аракеттери себеп болгон. Мындан башка көзгө көрүнбөгөн миң кырдуу социалдык себептердин таасири бар эле. Анткени, июнь коогалаңынын келип чыгуу себебин тигил же бул окуялар деп баа берүү мүмкүн эмес.

- «Бул ошол кездеги убактылуу өкмөткө керек эле, убактылуу өкмөт атайылап уюштурган» деген дооматтар айтылууда. Сиздин пикир?

– Кандай гана бийлик болбосун өз учурундагы окуялар үчүн саясый жоопкерчилик алыш керек. Ал эми жүздөгөн жарандардын канын агызган трагедиялуу күндөр үчүн кайсы бир тараптар мезгили келгенде жооп берет. Убактылуу өкмөткө айтылган ар кандай дооматтар укуктук жактан далилденбесе айып коюуга негиз жок. Аны саясый атандашуудагы «кара пиар» десе болот.

- Июнь коогалаңынын арты менен улутчул саясатчы катары өздөрүн көрсөтүп, парламентке келген партия лидерлери бар деген кептер айтылууда. Мындай сөзгө негиз барбы?

– Албетте, бар. Бул Кыргызстан эгемендик алгандан бери эч кандай этностук саясат жүрбөгөндүгүнөн кабар берет. Кайсы бир улутка же диний көзкарашка басым жасап шайлоого катышууга Конституция жол бербейт. Ал эми  түрдүү саясый кызыкчылыктарды ишке ашыруу максатында улутчул, динчил идеялык аракеттерди жасоо кылмыш болуп эсептелет. Бирок ага карабастан биздин коомчулуктагы мындай аракеттер мени абдан өкүндүрөт. Анткени, ушундай аракеттер жана демилгелер июнь коогалаңындай каргашалуу окуяларга жол бериши мүмкүн.

- Мындай кандуу окуя экинчи кайталанбашы үчүн эмне кылыш керек? Себеби мындай коогалаңдар мамлекеттүүлүккө доо кетирет эмеспи…

– Мындай конфликт жараткан кырдаалдан кийин ал жерде кандай тынчтыктын түрү орун алгандыгынан көзкаранды. Анткени тынчтыктын эки багыты бар. Негативдүү жана позитивдүү тынчтык деген мааниде. Андыктан ар кандай иш-чаралар позитивдүү тынчтыкты алып келе тургандай маанайда болуш керек. Мамлекеттүүлүккө араздашуу кайсы гана абалда болбосун анын калыптанышына өтө терс таасирин тийгизет.

Айбат гезити №81



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru