Айбат » Неймар да Сильва Сантос Юниор

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » Неймар да Сильва Сантос Юниор

НеймарПортугал тилинде Neymar da Silva Santos Júnior1992-жылдын 5-февралында, Бразилиянын Моги дас Крузес щаарында жарык дүйнөгө келген. 2003-жылдан баштап Сантос клубунун алдыңкы катмарында ойной баштайт. 2009-жылы профессионал футболистке айланып, Сантос командасынын негизги курамынан оорун алат. 2010-жылдан баштап, бул, талантту оюнчуга Европанын атактуу командаларынын көздөрү түшө баштайт. Алардын катарында Манчестер Сити, Интер, Реал Мадрид командалары болгон. 2009-жылдан баштап Сантос үчүн өткөргөн 224 оюнда – 136 гол, Бразилия улуттук курамы үчүн өткөргөн 36 оюнда – 20 гол жарата алган. 2013-жылдын 25-май күнү, Испаниянын Барселона командасына расмий түрдө трансфер болот. Барселона Неймар үчүн Сантоско 54 миллион евро төлөп берген.

 

Неймар да Сильва Сантос ЮниорБразилия Улуттук Курама командасында

2009-жылы 17 жашка чейинкилер арасында өткөрүлгөн мелдеште Бразилия курамасынын формасын кийет. Бул мелдеште көргөзгөн мыкты оюну үчүн атактуу Пеле тарабынан 2010-жылкы дүйнөлүк футболдо улуттук курамга алуу сунушу болот. Бирок курамдын машыктыруучусу Дунга тарабынан колдоо таппайт. Жаштардын, 20 жашка чейинкилер арасында өткөн чемпионатка улуттук курам менен чыгып, 9 гол киргизген. Бразилия Улуттук Курамы үчүн алгачкы оюнун АКШ менен болгон жолдоштук беттешүүдө ойнойт. Бул оюнда 11-номер менен чыгып 1 гол жарата алган.

 

Жеке ийгиликтери

2010-жылы Campeonato Paulista’нын эң мыкты оюнчусу жана эң мыкты жаш оюнчусу аталган. Ушул эле жылы Бразилия лигасында “бамбордир” аталган. 2011-жылы Фламенгого 26-минутада киргизген голу FIFA тарабынан жылдын эң мыкты голу деп аталган.

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №81




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru