Айбат » “Эң негизги багытыбыз – калктын аярлуу катмарынын муктаждыгын жеңилдетүү болуп саналат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Эң негизги багытыбыз – калктын аярлуу катмарынын муктаждыгын жеңилдетүү болуп саналат”

Нарын облусундагы Кочкор районунун Оро-Башы айылында 3-июнь күнү Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы тарабынан курулган 300 орунга ылайыктуу жаңы мектептин ачылыш аземи болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

1Ачылыш аземге КР өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Катар мамлекетинин Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Мохаммед бин Арар Аль-Наими, Катар мамлекетинин RAF фондунун башкы катчысынын биринчи орун басары Али Хажри, Орто Азиядагы социалдык объекттерди каржылоо бөлүмүнүн башчысы Мухаммад Салах, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президенти Саид Баюми, Кочкор районунун акими Жылдызбек Шералиев жана айыл тургундары катышты.

Салтанатка келген эл өкүлдөрү жана меймандар өз куттуктоолорун айтып, мектептин ачылыш аземине арналган кызыл тасманы кесишти. Ошондой эле, ар бир балага ылайыкталып шарт түзүлүп курулган мектептин ичи менен таанышып чыгышты.

Мектептин жамааты Саид Баюмиге, Катар мамлекетинен келген демөөрчүлөргө чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.

1Маалымат үчүн айта кетсек, жаңы мектептин курулушу өткөн жылдын март айында башталган. Курулуш иштери заманбап каражаттар менен курулуп жайкы, кышкы аба-ырайына туруктуу боло алгыдай шарт менен курулду. Мектептин жылуулук жана электр тармагы ишке кирип, көмүр менен жылытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Мындан сырткары, атайын жаңы ажааткана да курулуп, мектептин асты темир тосмо менен тосулду.

Мектепте 5 окуу классы, китепкана, мугалимдер үчүн усул кана, мүдүр үчүн бар. Ошондой эле, ашкана кампасы кошо бүткөрүлүп, эмеректер дагы тапшырылды. Мектепте 25 мугалим, 8 кызматкер эмгектенет.

3-июнда Ыссык-Көл облусундагы Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылында 450 орунга ылайыкталган жаңы мектептин ачылыш аземи болуп өттү. Аталган иш-чарага өлкөнүн Билим берүү министринин биринчи орун басары Д.Кендирбаева жана Катар мамлекетинин Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Мохаммед бин Арар Аль-Наими, Катар мамлекетиндеги RAF фондунун башкы катчылыгынын биринчи орун басары Али Хажри, Орто Азиядагы социалдык объектилерди каржылоо бөлүмүнүн башчысы Мухаммад Салах, Бүткүл дүйнөлүк жаштар Ассамблеясынын президенти Саид Баюми, КР Өкмөтүнүн Ыссык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Ак-Суу районунун акими Жолдош Байсейитов жана коноктор катышты.

1Билим берүү жана илим министирлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө республикада бир топ мектептер авариялык абалда турат.

«Кыргызстандын балдарына жакшы шарт түзүүдө, араб өлкөсүнөн келген демөөрчүлөр жигердүү иш аракеттерин көрсөтүшүүдө. Баш аягы бул мекемеден 20дан ашык мектеп курулуп берилди. Кыргыз элинин өнүгүүсү үчүн жардам көрсөтүп жаткан Катар элине жана Саид Баюмиге терең ыраазычылык билдиребиз», – деп белгиледи Д.Кендирбаева.

Челпек айылында буга чейин мектеп болбогондуктан, айылдын балдары Каракол шаарына коомдук транспорт менен каттап окушчу.

Салынган имараттын жалпы аянты 675 чарчы метр, анын ичинде 10 класстык бөлмө, мугалимдердин жана директордун бөлмөсү керектүү эмеректер менен камсыз кылынды. Андан сырткары, окуучулардын тамактануусу үчүн дагы атайын бөлмө бар.

«Эң негизги багытыбыз борбордон алыскы аймактардагы айыл кыштактарга социалдык жардам көрсөтүү менен, калктын аярлуу катмарынын муктаждыгын жеңилдетүү болуп саналат», – деп айтылат Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассемлеясынын билдирүүсүндө.

Айбат гезити №81



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru