Айбат » Тамеки өлүмгө карай жол

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук, Коом, Сурамжылоо » Тамеки өлүмгө карай жол

тамеки - өлүмДүйнө жүзү боюнча адамдын өлүүсү күн санап көбөйүүдө, анын ичинен Кыргызстанда башка өлкөлөрдөн кем эмес.  Бул өлүмдүн себеби ар кандай оорулар жана ден соолука зыян келчүү заттарды колдонуудан келип чыгат.  Алардын ичине наркотик, ар кандай спирт ичимдиктери, насывай, тамеки жана ушундай болгон адамдын жаркын жашоосуна, караңгы түн алып келе турган  заттар болуп эсептелинет. Ар бир адам бул  ден соолука зыян экенин билген күндө да, анын арты өлүм экенин кээ бир адам билбесе керек.  Бүгүн силерге тамекинин тарыхы жана андан кантип арылуунун жолдорун жарыяламакчыбыз.  Бул биздин бүгүнкү “Тамеки”  жөнүдөгү жарык  көрө  турган  макалабыз,  силерге  күндө  жанашып  жүргөн шеригиңер жана сырдаш болгон тамекиден арылууга,  кичине болсо да жардам берет деген ишенимдебиз.

Ооба, азыр заманыңды сөгө турган мезгил болуп калды окшойт. Айлана  күндөн-күнгө  өз көркүн жоготуп  жаткандай  сезилгеннсийт. Билем, кичинекей  кезимде чоң атам “ уулум заман адамдын пейилине жараша” деп айтчуу эле. Ооба,  заманыбыз адамдын пейилине жараша, азыр адамдардын аң сезими, ички сезимдери чоң өзгөрүүгө ээ болгон.  Азыркы күн менен биздин атабыз менен апабыздын жашаган күндөрүнүн аралыгы ашып кетсе  30 жыл, бирок айырмасы асман менен жердей. Ушул 30 жылда адам ушунчалык өзгөрүүгө туш болду, өзгөчө биздин Кыргызстанда. Бул сөздөр мен эмнени айткым келип жатат? Албетте,  азыркы жаштарды, өзгөчө тамеки чеккен жаштарды. Балким,  30 жыл мурун деле жаштар тамеки чеккендир. Бирок, азыркыдай ачык айкын жана мынчалык көп санда болбосо керек.Мүмкүн бүгүнкүдөй санда эркектер чеккендир ал кезде, ал эми “айым”  деген ысымды көтөрүп жүргөн  апаларыбыз жана эжелерибиз  тамеки чеккен эмес деп жүз пайыз кепилдик бере алам.. Ал эми азыр,  жаш балдарга атандашып улуулардан уялуу сезимдери өлүп калгансып,  көчөлөрдө ачык  айкын тамеки чегип жаткан биздин аккуудай болгон,  мөлтүрөгөн кыздарыбыз да тамекинин түтүнүн асманга карай ыштап, жашоонун ырахатын алгансыйт. Бирок, анын кара түтүнү анын өпкөсүн талкалап, келечекте балалуу болушуна зыян келтирип атканы жөнүндө ойлонбосо да керек. Биз жашап ажаткан мезгилдин мектепте билим алып жаткан, келечекте көптү үмүттүөндүргөн жаш окуучуларыбыздын  эркек, кызына карабай тамекинин даамы татып, анын пайдасы жок түтүнүнө байланып жаткандарын да эл билет. Мындай жаштар, өзгөчө карындаштарыбыз кантип кийин балага “Эне” деген атты татыктуу көтөрүп жүрө алат, аларга кантип таалим-тарбия берет,  деги эле алар ошол жашоону көрөбү? Албетте, тамеки чегип өзүнүн жаркын жашоосуна балта чаап жатса кантип бала жытын искеп, аларды тарбияласын.

Мамлекеттибиз тамеки чегүү  ден-соолука  зыян  деп  канча  какшабасын анын арты баягы эле көрүнүш болуп келүүдө. Өкмөттөотурган биздин байкелерибиз ушундай көйгөйлөрдү азыртадан баштап чечбесе эртең бул торго өздөрүнүн алтындан да артык көргөн уул, кыздары түшүп калышы мүмкүн.

 

Тамекинин тарыхы

   1942-жылы 27-сентябрда Испаниялык саякатчы Христофер Колумб Кубанын жээгиндеги Гаити арлына барат. Ал жердеги «сигаро»-деген чыгарышат. Алар түтүнүн жутушуп мурдунан чыгарышат. Алардан матростор үйрөнүшөт, андан кийин өлкөлөргө тарайт. Ошентип Гаити аралынан Табаго аймагына андан алган өсүмдүк 1494-жылы башка өлкөлөргө тарайт. 18-кылымдын 30-жылдарында Швед окумуштуусу Карл Линней Европада биринчи болуп тамекинин өстүргөн. Жан Никонун атына «Никотин»-деп айткан, Жан Нико Франсуздардын Португалияга жиберген өкүлү болгон.
1566-жылдын башында оорудан айыга албай жүргөн Франсуз королевасы Екатерина Медичеге баш ооруганда жыттоону сунуш кылат. Ага кургак жалбырак жиберген. Ошентип падыша сарайындагы ак сөөктөр арасында тамеки жыттоо модага айланган.
1634-жылы Европадан Россияга келет. 30-май тамеки тартуунун күнү деп аталып калган. Тамеки жалбырагынын составынан «никотин»-деп аталган алкалоидди биринчи болуп 1828-жылы окумуштуулар Носель жана Рейман аныктаган тамеки 2ге бөлүнөт: папиростук жана махорка болуп.

 

Тамекинин сорттору:

    Махорка, самсунг 27, талгар27, либек44, скелет, жыттуу. Тамеки жалбырагынын составында төмөндөгүдөй топтогу заттар бар. Белок 10%, углевод 20%, органикалык кислота 10%, чайыр 10%, эфир майы 1%. Тамекинин кара майында декоть деген 100гө жакын химиялык заттар кездешет. Алар бензопирем, бензатрацент, мышьяк, полициклдуу
углеводдор бар

 

Тамекинин кайсы органдарга зыян экенин жаттап алгыла.

    1)Мээ, 2)Кекиртек 3) Жүрөк, 4)Өпкө,  5) Омуркалар,  6)Бөйрөктөр,  7) Ашказан,  8) жыныстык ситемалар.

 

Тамекиин таасири

  Жер шаарынын калкы жылына 12млрд пачка папирос жана сигарет тартат.  Ыргытылган тамеки калдыктарынын массасы 2,500 тонна болот.  Тамеки тарткандар отмосферага жыл сайын 720 тонна синил кислотасын, 584000 тонна аммиак, 108000 тонна никотин, 600000 тонна кара май, 550000 тонна ис газын чыгарат. Фармологдордун маалыматы боюнча 1 куту сигаретти тарткан адам 0,0012г синил кислотасы, никотин 0,64г, аммиак 0,9г, 1г кара май организимге кирет. Эгерде, 30 жыл күнүнө бир пачка папирос тарткан адам өпкөсү аркылуу 5,5кг чайыр, 160кг тамекинин түтүнүн, 1,5кг никотинди өткөрөт. 6,7 мг адамды, бир тамчы никотин атты өлтүрөт.

Биринчи жолу тамеки тартканда өзүн жаман сезип, көӊүлү айныйт, кускусу келет, жүрөктүн согушу күчөйт, эсинен танып калат. Никотинге көнүп калганда тамекиге зыяндуу таасири басаӊдап, анын жагымдуу дүүлүктүргөн таасири гана сезилип калат. Тамеки тартканда өпкөнүн рак оорусу менен 10 эсе, кекиртек рак оорусу менен 6-10 эсе ооруп калуу мүмкүнчүлүгү артат. Кызыл өӊгөч рак оорусу менен ооруган 100 кишинин 90ну тамеки тарткандар. Тамеки тартпаган адам тамеки тарткан адамдын жанында бир саат отурса ал тамеки чеккен адамдай зыян тартат.
Статистикалык маалыматтарга таянсак тамеки тарткан аялдардын төрөгөн балдарынын 40%на чейини өлүгө учурайт. Никотин кан тамырларынын ички бөлүгүн сезгентет. Тамеки тарткан адамдар «Стенокардия» оорусу менен ооруйт, бул оору мезгил-мезгили менен жүрөктүн булчуӊдарына кан жетпей буулуп, көкүрөк сайгылашып катуу ооруйт. «Стенокардия» оорусу миокарддын инфаркты деп аталуучу жүрөктүн оор дартына алып келет. Бул оору менен 80%тен көбү тамеки тартуу себебинен. Ошондой эле кургак учук, бронхит менен оорушат. Фагоситоз козгогуч начар иштейт. 75% аялдар ооруйт, себеби тамеки тартуучу инфарк менен 12 эсе тамеки ар кандай ашказан жарасы менен 97% чылым тарткандар оорушат. Никотин С1, В1, В2 витаминдерин 20 эсе азайтат. Эгерде папирос чексеӊ 3%, сигарет чексеӊ 6% никотин уу затын өзуӊө аласын.

 

Эсиңизтерге сактап алгыла!

  • Тамекиден улам организмдин уулануусу эрте картаюуга алып келет!

  • Бойдо бар кезде тамеки тартуу балдардын салмагына жетпей жана ошондой эле ара төрөлүп калуусунун себепкери (20-30 пайыз) болуп эсептелет.

  • Жүрөк-кан тамыр ооруларынын келип чыгышын шарттайт. Мисалы, кан басым көтөрүлүп, жүрөк кеңейип, иштөөсү бузулат.

  • Тамеки тартуучулар өзү курактуулардан 10-20 жыл мурун эрте көз жумушат.

  • Коңурукту, сөөктө морттукту (ос­теопороз) пайда кылат. Сөөк морт болсо, адам жыгылса эле бир сөөгүнөн жарака кетип же сынышы мүмкүн.

Тамекиден өлүмгө  карай жол тарткандар

  • Дүйнөдө ар бир 10 секунд сайын тамекинин айынан 1 адам өлөт.

  • “2020-жылдан баштап ар жылда тамекиден 10 000000 адамдын өлүмү күтүлөт” деген маалымат бар.

  • 1998-жылы тамекиден дүйнөдө 4 000000 адам өлсө, 2008-жылы 49 000000 өлгөн.

  • Тамеки тартуучулардын 10 пайызы рактан көз жумат.

 

Тамекини чекпей коюунун оңой жолдору

 Аллен Карр аттуу жөнөкөй эсептөөчү адам, тамекини чекпей коюунун эң жөнөкөй жол-жоболорун таап чыкты. Мында адамдан кандайдыр бир көнүгүүлөрдү жасоо же дарылануу талап кылынбайт. Адамдын жаман адаттарына бир гана тамеки чегүү эмес, компьютердик оюндарга кызыгып кетүү, тырмагын кемирүү сыяктуу өнөкөттөр кирет. Мындайда адам өзүнүн эмне кылып жатканын жана мунун артында кандай зыян бар экенин толук кандуу түшүнө бербейт, түшүнсө да моюнга албайт. Аллен Каррдын жобосу боюнча мына ушул кемчиликтерди толуктоого мүмкүндүк жаралат.

1- Алгач тамекини өз каалооңуз жок эле чегип алганыңызды моюнга алыңыз. Бул чечимди сиз эмес, сиз үчүн башка бирөө чечип койгон. Ар бир акылдуу адам өзүн өзү күнүгө уу менен ууландырууну каалабайт. Сизди башкалар буга үндөшкөн, жакшы көрүнөрүн айтып ынандырышкан, же сиз сыйлаган, ишенген адамдардын тамеки тартканын көрүп сиз да буга кошулгансыз. Бирок аларга кошулуу менен өз ден-соолугуңузга зыян келтирип, акча жана убакытты зыяндуу жакка коротуп жатканыңызды ойлоңуз.

2- Тамекини таштоо менен сиздин эч нерсеңиз кетпейт экенин билиңиз. Анткени көпчүлүк мына ушул нерсени түшүнө албагандыктан коё албай келишет. Мисалы: кечелерде тамеки тартып эс ала албай калам, ой басканда жардамга келер жалгыз тамеким бар деп ишенишет. Чындыгында мындай эмес, анткени тамеки тартпаган адамдар деле кыйынчылыктарды жана кечелерди тамекисиз эң сонун өткөрүп келишет. Ушул нерсени толук түшүнө алсаңыз, тамеки таштоо оңой болот. Мүмкүн сизге тамекинин даамы жагат чыгар, мында алгачкы чегип көргөн көз ирмемдерди эске салыңыз, ошондо тамеки жакты беле? Жок, даамы да, жыты да жаман болчу. Анын даамы азыр деле өзгөргөн жок. Бирок сиз организмиңизди кыйнап, буга көндүрүп, өзүңүздү да ушуга тарбиялап койдуңуз.
3- Тамекиңизди чегип бүтүп анын чыныгы даамын сезип көрүңүз, анын жийиркеничтүү даамы оозуңузга келет. Өзүңүзгө суроо бериңиз жана жооп алыңыз: эмнеге чегип жатам, кандай пайда табам, кандай зыян алам, жалпысынан бул сизге керекпи?,-деген сыяктуу суроолор.
4- Чекпей коюуга аракет кылып жатып, акыркы тамекиңизди чеккенден кийин бирото таштоо үчүн атайын нерселерди: электрондук тамеки, сагыз, атайын никотин кошулмаларды колдонбойм деп өзүңүзгө убада бериңиз.
5- Тамекини чекпей койгондон кийинки күндөрү башкаларды көрүп, же кичине нерв иштеткенде кайра чегүүнү каалайсыз, ушул кезде дайыма “Кудайга шүгүр, мен тамекини койдум, эми чекпейм!” деп айтыңыз.
6- Чылым чегип жаткандарга эч убакта суктанбайм деп сөз бериңиз. Сук арткандын ордуна аларды аяп, байкуштар, эрки жок, бактысыз, оорулуу адамдар деп ойлоңуз.

7- Анан эң башкысы Кудай алдында күнөөгө батып жатканыңызды унутпаңыз. Тамеки тартып, Жараткан берген ден-соолукту талкалап жатканыңыз үчүн, убактыңызды текке кетирип жатканыңыз үчүн жана акчаңызды зыяндуу нерсеге жумшап жатканыңыз үчүн. Кудайдан ар убак жардам, эрк сурай жүрүңүз.
Көпчүлүк адамдар тамеки койгондон кийин никотиндин организмге керек болгондуктан тарта турган кыйноосунан корккондуктан эле буга белсенишпейт. Бирок бул нашаны койгондон бир нече эсе жөнөкөй. Никотинге болгон талап физикалык жактан эч кандай өзгөрүүлөрдү, алсыздыкты жаратпайт. Никотинге талап албетте болот, бирок ал сиздин мээңизде гана. Муну бир таштагандан кийин бир да жолу улантпай койсоңуз каалоо бат өлөт.

Тамеки чеккендерге кандай карайсыз?

001Абдылдаев Эсен, пенсионер:

- Тамеки таткандарга  каршымын. Тамеки  балдарыбыздын, небелерибиздин ден-соолугун төмөндөтүп, жашоосун кысксартып жатат. Тамеки тарткан эмесмин жана тартканга  эчкимди сунуштабайм. Адамдын өпкөсүнө ден-соолугуна  терс таасир бергени аныкталып жатпайбы. Ошон үчүн балдарды тамеки тарпоого үндөйт элем. Тамеки тарткандар көчөлөрдү булгап, биздин жакшынакай болгон табиятыбызды өлтүрүп жатат.  Мен жаштарга тамеки чекпей, чын ден-соолуктун  желегин желбиретсе дейт элем.

 

 

002Байсырахманов Илияз  дене тарбия мугалими:

- Мен өзүм спорт үстүндө иштеп жаткандан кийин тамеки чеккендерди спорт менен машыгып, ден-соолуктарын чындаса дейт элем. Тамекинин пайдасы деле жок, тескерисинче анын зыяны көп болуп жатпайбы. Тамеки чеккендер өздөрүнүн өмүрлөрүн кыскартып жаткандарын билишбей жатканы мен өкүндүрөт.  Тамеки чексе арак ичет, арак ичсе кылмыш кылат, кылмыш кылса ал абакка отурат. Ошондуктан тамеки чекпегиле дейт элем. Чеккенден эч пайда жок.

 

 

003Кадырбек уулу Бек студент:

- Тамеки чеккендерге көз карашым албетте терс караштамын. Алар өздөрүнүн жакшынакай ден-соолуктарын өлтүрүп жатышат. Жеңил рак менен ооругандар дүйнө жүзүнө минут сайын адам өлүп турарын интернет булактарынан окугам.  Мен өзүм тамеки чекпейм, тамекини эмнеге чегип жаткандарына түшүнбөйм. Тамеки чеккендерди чекпегиле дейт элем. Тамеки бул жашоону ырахатка эмес өлүмгө алып барат.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №81



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru