Айбат » Коомдук мектеп уясынан учуп чыккан алгачкы шумкарлар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Фонд » Коомдук мектеп уясынан учуп чыккан алгачкы шумкарлар

Прогрессивдүү демилгелер фондуКыргыз элинде байыртадан шумкар жаштыктын символу болуп, алып учуп максатына жеткен куш катары бааланат. Ошол себептен Прогрессивдүү Демилгелер Фондусу да өз белгисин кыргыз желегин алып учуп бара жаткан шумкарды бекеринен белгилебесе керек. Анысы кандай, ыкчам учкан шумкардай болуп, «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин алгачкы бүтүрүүчүлөрү 21-июнь 2014-жылы уяларынан канат жайып учуп чыгышты.

7 дубандын 22 ЖОЖдорунан тандалган, 12 кесипти аркалаган 100 жаш лидер өз лидерликтерин дагы бекемдеп, 3 ай бою бул коомдук мектепте акысыз кошумча билим алышты. 36 лекция, 12 жолугушуу, 9 экскурсия болуп отуруп, 12 алдыңкы компания жана ар тармактуу мекемелер менен тыгыз мамиле куруп, болочок элитаны курууга биргеликте кадамдар да ташталды.

Дипломдорду тапшыруу аземи өзгөчө китептин таанытылышы жана жаш лидерлердин таланттарынын ачылуусу менен айырмаланды. «Центурионы Будущего» («Келечектин центуриондору») аттуу китептин мазмуну ар бир жаш лидердин кайрылуусун камтыйт. Алардын ой-пикир жана сунуштары жазылган эсселерден турган китепте жалпы Кыргызстандын жаштарына ойгонуу сезимин сиңиртип, алга биргеликте умтулууга чакырат. Коомдук мектептен алган билими жана тажрыйбасынан баян кылган студенттер, коомдогу абал жана чыгуу жолдорун да сунушташат. Албетте, бул китепти окугун гана келет жана позитивдүү түрдө алга жүрүүнү гана саамайсың дешет лидерлер. Ал эми мындан сырткары лидерлердин бири ыр жазса, бири ыр ырдап, бири оюн койсо, бири гитара чертип да таң калтырышты.

Фонддун негиздөөчүсү А.Салымбеков ар бир лидер менен сыймыктанаарын жана аларда чоң үмүт бар экендигин белгилөө менен чоң ийгиликтерди да каалап, улам бир учурда улам бир лидер тууралуу мактоосун жетине албай айтып жатты.

ZE7A5030

Баарынан өзгөчөлөнүп, Жакшылык аттуу жигит 8-класска көчүп жатканына карабай, ушундай мыкты студенттердин арасында кошо чуркап, кошо үйрөнүп, эч тажабай жүргөнү негиздөөчүнү кубандырды. Жаштыгына карабай, мектептин президенти болуп, болочокто чоң ийгиликтерди жаратуучу кыргыз жигити болорунан шеги жок экенин баса белгиледи.

Ар бир лекция окуган жана кызматташкан ар бир мугалим жана өз тармагынын мыкты адистерине да ыраазычылык билдирилип, аземде баарынын ысымдары унутулбай айтылды.

Ыраазычылык демекчи, лидерлер жана алардын ата-энелери да бул долбоор  түзгөн шарттар үчүн Фонддун бардык жамаатына терең ыраазычылыктарын билдирип жатышты.

Бул лидерлердин ысымдары кызык болсо, кылган, жасаган иштерин көргүңүз келсе, атайын отчеттук фильмге сөзсүз көңүл буруңуздар демекчибиз. Анткени, 3 ай бою тартылган видео жана фото материалдар канча деген иш-чаралардын сапаттуу түрдө аткарылып келгендигин көрсөтүп турат. Андан соң Сиз да сөзсүз бул долбоорду жана бул ш

умкарларды колдоруунуз шексиз.

Биргеликте алга кадам таштоо мезгили небак келген. Жаштар өзгөчө биригип, аракеттерди жасоодон сөзсүз натыйжа чыкмакчы. Баарына ийгилик каалап, Кыргызстандын жаш лидерлери келечектин центруиондору демекчибиз!

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru