Айбат » Эркингуль Исаканова: “Дүкөнчү болом деп кыялданчумун”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Шоубизз » Эркингуль Исаканова: “Дүкөнчү болом деп кыялданчумун”

Эркингуль ИсакановаГезитибиздин 76-санында, шоу-концерт уюштуруучуларынын мыктысынын бири Исмаилова Астра эже менен маек курганбыз. Бүгүн, ал эженин командасындагы, “Сага”, “Кайгырбайм” жана “Айбыгып жүрөм” деген ырлары менен элге таанылып келе жаткан жаш ырчы кыз, Исаканова Эркингуль менен маек курдук.

- Саламатсызбы? Өзүңүз тууралуу биздин окурмандарга айтып, тааныштыра кетсеңиз.

– Саламатчылык. Мен, Эркингуль Исаканова 1991-жылы Бишкекте төрөлүп, өскөм. Ата-тегим Нарын облусунун Кочкор районунан болот. Үйдүн улуусумун, менден кийин үч сиңдим жана бир иним бар.

Биринчи класстан баштап, тогузду бүткөнгө чейин №2 мектепте окудум. Андан соң, Муратаалы Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшыргам. Бирок, мектепте окуп жүргөндө эле “Айчүрөк” эстрада театрына барып, музыкалык билим алчумун. Анткени, кичинекей кезимден эле музыка, бий жана “Манас” айтканга кызыгып, чыгармачылыкка жакын болчумун. Актерлукка да кызыгып, орусча айтмакчы – “универсал” боло берчүмүн. Учурда Бишкектин финансы-экономика академиясында окуйм.

Эркингуль Исаканова- Сиз, ушул убакытка чейин эмне себептерден эл алдына чыкпай жүрдүңүз?

– Музыкалык окуу жайда окуп, музыкалык билим алган адамдар негизи эле өзүнөн “минустарды” издей берет экен. Үнүң болсо, бийиң окшошпогонсуп, бийиң окшошсо үнүң жетпей жаткансып, айтор, дагы да болсо жетишээрлик деңгээлге жете элекмин деп, азыр деле тартынгансып кетем. Ошол “минустарымдын” үстүндө иштеп, жетишпегенин толуктаганга аракет кылып, бүгүнкү күнгө чейин талыкпай билим алып келем.

Ал эми “жарк” этип эле чыга калгандар “минустарын” карабайт, уялбаса деле керек…

- Азыркы эстрада боюнча оюңуз кандай?

– Оюм жакшы эле. Акырындан, бирок туура жолдо өнүгүп келе жатат. Биздин кыргыз эл, башка стильди көп кабыл ала бербейт, өзүбүздүн кыргыз жыттанган гана ырлар.

Менин ырларымдын жарымы эски муунга арналган болсо, жарымы жаштарга ылайык, замандын талабынан калбаган чыгармалар. Мисалы “Айбыгып жүрөм” деген ырымды жашынан карысына чейин укса, “Сага” деген ырымды көбүнчө жаштар угат экен.

Казыркы учурда Гульжигит Сатыбеков, өзүнүн стилинде мага “модный” ыр жазып жатат. Жөнөкөй музыка, бирок ошол эле маалда эл жакшы кабыл алат, “кыймылдатат” деген үмүттөмүн.

- Чет элдик ырчылар, мисалы Бейонс, Рианна, Шакира жана ушу сыяктуу башкалары, ырларын чын дилинен, жан дүйнөсүнөн жазып ырдашат. Ал эми биздикилер бир гана коммерциалык максатта, той-топурларга гана арнап жаздырышкандай… Буга кандай пикирдесиз?

– Бул жерде, көбүнчө радио жана теледен эмне кетсе, ошол чыгарма элге таанылып калат да. А бирок мисалы, менин эле 7-8 ырым бар, көбүнчөсүн чын жүрөктөн, коммерциялык максаты жок эле ырдагам. Ошол эле Бейонс же Рианнанын, эл өмүрү укпаган ырлары бар. Демек ал ырлар, теле же радиодон кеткен эмес жана коммерциялык жактан дагы ийгиликсиз болгон.

Техникалык жактан алар бир топ жогору болгондуктан, дүйнөлүк деңгээлде жүрүшөт, болбосо көп чет элдик ырлардын мааниси да жок, музыкасы гана уккулуктуу чыгат да адамды “кыймылдатат”.

- Астра эже менен Сиз кандайча жолугуп, таанышып калдыңар?

– Ойлонуп жүрчүмүн, продюсерим эркек киши эмес, аял киши болсо кызыктуу жана бири-бирибизди жакшы түшүнүп, иштешип кетет болушубуз керек деп. Астра эже тың, ишин так жана убагында аткарат, калыс адам экен, мага бул сапаттары өзгөчө жакты. Гульжигит байке менен Астра эже мага чейин эле иштешип, командасына кыз издеп жүрүшүптүр, кастинг өткөзүп. Анан жарым жылдай убакыт мурун номерин табып, Астра эжеге чалып – “ырдап жүрөм, Сиз менен иштешсем жакшы болот эле” деп кайрылсам, “Токмокто концерт бергени жатабыз, келип өзүңдү көргөзүп көр” деди. Барсам, эже өзү кассада экен, биринчи жолу болсо дагы тартынбай, өзүмдү көргөзөм деп ырдап чыктым. Ортодон свет өчүп калды окшойт, музыка токтоп калса дагы мен токтобой, элди аралап ырдаганыма баа берди окшойт, айтор ошондон кийин мени гастролдорго кошо ала кетип, продюсерлик жагынан жардам берип, иштешип келе жатабыз.

- Буга чейин кимдер менен иштеше алдыңыз?

– Чынын айтсам буга чейин талантым болгону менен таанышым жоктой болуп жүрдүм. Анча-мынча чоң сахналарда ырдап, гастролдорго дагы бышкам. Бирок, акыркы жолу “21-кылымдын жылдыздарына” Максат Бегалиев менен дуэт жаздырып, катуу даярданып жүрүп, концерт күнү себептүү шарттар менен кечигип, чыга албай калгам. Андан мурдараак оркестр менен ырдап, үнүмдү көргөзөйүн деп, күнүгө репетициядан калбай барып жүрсөм дагы, “орусча акцентиң бар” деп, концерт боло турган күнгө аз калганда долбоордон чыгарып коюшту. Бүгүнкү күндө, Астра эженин жардамы менен буюрса жакшы эле чыгып келе жатам.

- Чыгармаларыңыз тууралуу айтып берсеңиз.

– “Айбыгып жүрөм” деген ырымды, Куренкеевде окуп жүргөндө, үч жылдан ашыкча “мээлеп” жүрдүм. Илгери бир уккам, кийин таппай бир топ издедим. КТРден таппай архивди “каздырып” тажаттымбы, кубалап да чыккан күндөр болду. Радионун архивинен бир тааныш жигит – “Гүлсүн Мамашова аткарат экен, болгон ырын таптым” деп жаздырып берди эле, бирок мага кере ыры жок экен…

Акыры консерваторияда окуган кыздан табып, оригиналын уктум.

- Музака дүйнөсү Сизди бала кезде эле кызыктырчу экенда?

– Ооба, бирок ырчы болом деп ойлочу эмесмин, дүкөнчү болом деп кыялданчумун. Менин, бала оюмда дүкөндөгү бардык таттуу-тарапалар бекер келет десем керек, жеп эле жыргай берчүдөй. Анткени теледеги жылдыздар, мага кол жеткиздей сезилчү…

7-классты окуп калганда гана мендей эле жаш балдар-кыздар ырдап чыгып, теледе жылдыз болуп жатканын көрдүм. Алар болгон, мен болбойт бекем деген ойдо эле, азыркы күнгө чейин талыкпай аракет кылып келем. Устаттарым Үмүт Тилегенова, Каныкей Эралиева болгон.

Куренкеевге тапшырып жатканда, жогорку курстун окуучулары мага “кыйын” сезилчү.  Мен дагы жогорку курска жеткенде “кыйын” болуп калам дечүмүн, бирок казыр дагы деле вокалдык сабатымды жогорулаткым келет.

- Акыркы күндөрү, Бишкекте аба ырайы бир бүркөлүп, бир ачылып жатат, сизге кандай мезгил жагат?

– Ар бир мезгилдин өз кызыгы болот. Бирок, мен көбүнчө жаздын жылуу күндөрүн жакшы көрөм. Темир тулпарым болсо, балким кышты жактырат белем, жылуу, жумшак машинеде кышкы кийим алып деле кереги жок болчудай…

Негизи, мен кээде календарга карап кийинип алам. Бир жолу жаздын айы келди деп, кыштын суугунда жука кийинип алыптырмын, жаанга калып, суу болдум. Көчөдө тоңуп, ооруп кала жаздаганда досум келип, бутиктен жылуу кийим, андан чыгып ысык тамак алып берип, жардам кылган.

- Кызыктуу күндөр дагы алдыда болсо керек, ден-соолугуңуз бекем болуп, чыгармачылыгыңыз өнүгө берсин. Маегиңизге чоң рахмат!

– Сиздерге дагы рахмат. “Айбат” гезитинин жалпы жамаатына ийгилик жана ишмердүүлүк каалап, айбатыңардан жазбай, калемиңердин курч бойдон калуусуна тилектешмин, бар болуңуздар!

Маектешкен Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №82



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru