Айбат » оозуңдун жыты өлтүрдү да!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Турмуш » оозуңдун жыты өлтүрдү да!

1Мен ал кезде бойдок элем. Бойдок кез, баш айланып ар кайсы сулуу кызды суктана карап, тамшанып кала берчүмүн. Ушул уялчаактыгымдын айынан көп сулуу кыздардан куру калдым. Окуу жайды бүтүп калган учур болчу. Экзаменден 5 алып көңүлдүү  чыктым. Аялдамага келип маршрутка күтүп турсам эле, чачыңды жайып суйкайып троллейбус күтүп турупсуң. Уялчаактыгымды коюп, ушул кыз менен сөзсүз таанышам деп өзүмө максат койдум. Бир маалда сенин троллейбусуң келип түшүп кеттиң. Артыңан кошо түшүп сени акмалап бара жаттым. Үйүң жакка келгенде суналган чачыңды силкип түшүп кеттиң. Артыңан шаша-буша мен чыктым. Сыр билгизбей кетип бара жатсам силердин көчөңөрдөгү бир мас “Эй жигит, алдагы сулуу кыз менен тааныша албай атасыңбы? Мен сендей жаш болсом уялбай эле барып колунан кармап таанышмакмын”, – деп катуу кыйкырып салса болобу?.. Өзүмдү ыңгайсыз сезип бара жатканымда тиги мас  кошунаңдыкы  кошумча болуп кетти, кайра артка басып кеттим. Үйгө келип алып өзүмдү жемелеп жаттым. Оюман такыр кетпейсиң. Телефон номериңди бул жака кой, атыңды билбейм. Биз эркектер сулуу селки көрсөк эле эрип жатып калмайыбыз бар эмеспи, аны моюнга алам. Ошол күндөн тарта сенден башканы ойлой албай койдум. Башка сулуу кыздар менен деле дос балдар болуп таанышып жүрдүм, бирок сен оюман кетпей койдуң. Университетке барган сайын аялдамадан сени карайм, көрүнбөйсүң. Күндөр өтө берди, мен окуу жайды аяктадым. Айылга барсам атам да, апам да үйлөн деп мээмди жеди. Кайра шаарга келип ишке кирип иштей баштадым. Университет жакка барып калганымда баягы сен түшкөн аялдамадан сени карай берем, бирок жоксуң. Бир күнү жумуштан эрте чыктым. Сенин үйүң жакты көздөй бет алдым. Баягы мага тийишкен мас ошол жакта болсо экен деп тиленип бардым. Мас киши жок экен. Ошондо уялбай эле жок дегенде кайсы үйгө кирээриңди карап алсам болмок экен деп өзүмдү сөгүп жаттым.  Сен жашаган райондо түнгө чейин турдум келген жоксуң. Анда деле ар жекшемби сайын сен жашаган жакка барганды адат кылып алдым. Жарым жылдан соң үмүтүмдү үзүп барбай калдым. Бир күнү иштен чыгып дос балдар менен кафеге бардык. Бизди бир кыз тейлеп жаткан анча деле көңүл бурган эмесмин. Бир маалда досум “Дамира, дагы бирден сыра берип койчу” – дегенде сен экөөбүздүн көздөрүбүз чагылыша түштү. Колуңан шак кармап эле, телефон номериңди сурап жарым жылдан бери издеп жүргөнүмдү айттым. Бетиң помидордой кызарып кетти. Колуңду тартып кетип калдың. Бизди башка официант  тейлей баштады. Биз кафе жабылгыча отурдук. Сенин чыгышыңды күтүп тургам, бир маалда чачыңды жайып кафеден чыктың. Артыңан барып телефон номериңди да алдым. Абдан шайыр жана жөнөкөй инсан экенсиң. Ал күнү үйүңө узатып коюп, өзүм андан ары кеттим. Эртеси сени киного чакырдым, жарашыктуу кийинип алып күлүңдөп келдиң. Сени көргөндө жүрөгүм  дүкүлдөп кетти. Сүрдөп атсам да сага билдирбегенге аракет кылдым. Бирок, окшошпой калды, сага алган гүлүмдү берейин дегенде чалынып жыгылып кеттим. Бетимдин кызарганын сураба. Кинодон чыккандан кийин кофе ичкени бир кафеге кирип калдык. Ал жактан да кофемди шымыма төгүп алдым… Сен мени шылдыңдап кыткылыктап күлдүң. Ал жерден жерге эле кирип кетейин дедим жер катуу болду. Ошентип экөөбүз жолугушуп жүрдүк. Менин багыма жараша сенин сүйлөшкөн жигитиң жок экен. Ошол күндөн тарта кыз-жигит болуп сүйлөшө баштадык.  8-март сага тандап жүрүп француз атырын алдым. Жумуштан чыккандан кийин жолукмай болдук. Сен да жумуштан чыктың. Белегимди берип ал кечти жакшы маанайда өткөрдүк. Үйүңө жеткирип барып бетиңен өптүм, оозуңдун жыты бурр этти. Ошол сенин бетиңен биринчи жана акыркы жолу өпкөнүм болду. Оозуңдун жыты болбогондо мүмкүн үйлөнмөк белек ким билет. Ошол жыт баарын өлтүрдү да! Өлтүрдү!

Жанарбек

Айбат гезити №82




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru