Айбат » Бажы биримдигине каршы чыккан депутаттар гейлерби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Бажы биримдигине каршы чыккан депутаттар гейлерби?

Өмүрбек АбдрахмановПарламенттик «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Ширин Айтматова, кесиптештери эмне үчүн салттуу эмес сексуалдык мамиленин өкүлдөрү боюнча убараланып жатканына кызыгып, 18-июнда КР жарандарынын репродуктивдүү укуктары жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап жаткан парламенттин отурумунда кесиптештерине кайрылды.

Анын айтымында, «Депутаттар бардык жерде гейлерди көрүп, алар менен убараланып жатканы мени тынчсыздандырат. Эгерде, адам 3 ирет Бажы биримдигине каршы пикирин билдирсе, анда ал эмнегедир гей. Гейлер менен Бажы биримдигине каршы кош саясат жүрүүдө, – деди Ш.Айтматова.

Демек, анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттарынын бажы биримдигине каршы чыгып келе аткан кесиптештеринин ичинен Өмүрбек Абдрахманов менен Равшан Жээнбеков тууралуу айтуудабы – ыя?

Дагы бир кызыгы, 16-июнда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинде Гомосексуализмди пропагандалоого каршы мыйзам долбоорун жалпы жыйынга  алып чыгууга КСДП фракциясынын депутаты Кутушев Абдыманап каршы чыкты. Кутушев мырза НПОлордун тамагын ичкенби же өзүнөн жеке кызыкчылыгы барбы чоң суроо жаратууда. Кандай гана болбосун депутаттарыбыздын ыйманы күчтүү, ориентациясы түз болсо болду.

Айбат гезити №83




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru