Айбат » Бабырбек Жээнбековго кресло гана керек турбайбы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Бабырбек Жээнбековго кресло гана керек турбайбы

Жээнбеков БабырбекМамлекеттик монополияны жөнгө салуу агенттигинин директорлугунан шыпырылгандан бери Бабырбек Жээнбеков өзүн коёрго жер таппай жүрөт. Өзүнө караштуу «Алиби» гезити жана башка маалымат каражаттары аркылуу актанып, адатынча Ак үй менен Көк үйгө сүйкөнүп кирди. Муну менен эле чектелбестен, Бишкек шаардык райондор аралык сотуна кайрылып, өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевдин чечимин жокко чыгартууга киришти.

Бабырбек Субановичтин мындай «кылыгы» биринчи жолу эмес. Алгач антимонополдук комитеттин төрагалыгынан «айдалганда» «Кыргыз гезиттер биримдиги» (КГБ) кыймылын түптөп, бийликке каршы «маалымат согушун» тутандыргандай болгон. Көздөгөнү эле бирөө – эски «казыгына» кайтып баруу. Акыры максатына жетти, ал кездеги Жантөрө Сатыбалдиев Б.Жээнбековду комитет төрагалыгына дайындады. Ошондон кийин баягы КыГыБычы позициясын 180 градуска өзгөртүп, «Алибиси» аркылуу өкмөттү мактап-жактап жатып калбаспы! «Кызмат кургур адам баласын ушинтип кубулма кылып коёт тура» деп баш чайкаганбыз.

Эми экинчи ирет кызматтан жылмышкан соң кайрадан КГБсын «тирилтип» маалымат чабуулуна өтүп, сотко берем деп ормон опузага салып эски ордуна кайтып баруу ниетинде жүргөнү талашсыз. Дагы бир жолу кайталайлы, бул Бабырбек мырзанын кызмат үчүн гана жасаган амалы. Ал кайсы бир гезитке курган маегинде сөгүш жарыялаганы үчүн арданып, абийирине доо кеткенин айтып, Экономика министри Темир Сариев менен башбаканды сотко жетелеп барарын билдириптир. Ошончолук эле абийирин, ар-намысын ойлосо, эмнеге «Кудайберген» базарынын кожойкеси Элвира Сурабалдиеваны сотко сүйрөбөйт? Себеби Элвира айым Б.Жээнбеков кол астындагы кызматкери аркылуу 300 миң сом пара сураганын расмий жарыялабадыбы? Эгер өзүнүн акактай тазалыгына ишенсе, сотко кайрылып, Э.Сурабалдиеванын абийирин айрандай төкмөк, өзүнү да актыгын далилдеп алмак. Кесиптешибиз андай кадамга бара албаган соң, демек, Э.Сурабалдиеванын айткандары чындыкка жакын десек жаңылышпайбызбы?

Бабырбек мырза басылмаларга курган маегинде, аны кызматтан бошотуунун түпкү себеби кара чечекей уулу Равшан Жээнбековдун атуулдук жана оппозициялык көзкарашы , ошондой эле өзүнүн өкмөттүн структурасында иштеп турган учурундагы электр энергиясына болгон бааларды көтөрүү, Кыргызстандын ички рыногуна кант, буудай, ун, азык-түлүктөрүн киргизүү боюнча өкмөттүкүнөн айырмаланган позициясы менен тыгыз байланышта экенин саймедиреп келет.  Дал ушул жерден анын каратып туруп калпты ышкыртканын баамдайсың.

Биринчиден, Б.Жээнбеков электр энергиясына болгон бааны 1 сомго чейин жогорулатуу керектигин парламент жыйынында жарыялаган. Муну өзү деле жокко чыгара албас. Анан кантип уялбай: «Энергетикага тарифти жогорулатууга каршы чыкканым үчүн кызматтан алып салышты» деп айтып атат? Кичине ар-намыс да болушу керек эмеспи.

Экинчиден, «кант, буудай, ун азык-түлүктөрү Кыргызстандын ички рыногуна киргизүү боюнча позициям өкмөттүкүнөн айырмаланып турган» дегенине түк түшүнбөдүк. Ал башкы антимонополчу болуп турган кезде азык-түлүккө болгон баа асмандап кеткен эле. Эмне үчүн бааларды тизгиндөө жаатында чара колдонгон эмес? Эгер ушул жаатта иш алып барганда, анда ушинтип сүйлөсө жарашмак.

Үчүнчүдөн, уулу Равшан Жээнбековдун атуулдук жана оппозициялык көзкарашы үчүн ээрден шыпырылганын айтып «ыйлактаптыр». Эгер Равшан Бабырбековичтин позициясы принципиалдуу болсо, анда ал экинчи ирет монополияны жөнгө салуу агенттигинин директорлугуна көчүк басмак эмес, КГБсынын арабасын кылдыратып жүрө бермек. Равшан мырзанын жанталаша бийликти негизсиз сындаганы – анын керт башын ойлоп, мамлекеттик мүлк фондун жетектеген кезинде 342 объектини мыйзамсыз жеке колго өткөрүп (сатып), «Кумтөр» боюнча 2003-2004 -жылдагы келишимге байланыштуу жоопкерчиликке тартылып калуудан коркуп ушундай кадамга барганын коомчулук жакшы билет. Ошондуктан уулунун позициясы менен өзүнүн жеке маселесин аралаштырбай эле койгону оң.

Бабырбек Жээнбеков антимонополду калчап турганда бир катар компаниялардын негиздөөчүсү катары катталып жүргөнү маалым. Ал эми мыйзамга ылайык, аткаминердин жеке менчик фирмага ээлик кылышына тыюу салынган. Мында да анын мыйзамды уруп ойнобогону оркоюп көрүнүп турат.

Бабырбек мырза быйыл 63 жаштын ашын жеп аткан кези. Пенсия курагына келип калган адам минтип коомчулук алдында абийирин төккөндүн ордуна, буга чейин жыйган-тергенин четинен кертип жеп, шаардын чет жагынан үй сатып алып, карылыктын дооранын сүрбөйбү дейсиң. Болбосо анын «калжаңдаганын» көргөн неберелери андан кандай тарбия алат? Аксакалдык беделин сактап калбаса, эртеңки күнү эл арасында батпай калбайбы?

Айбат гезити №83



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru