Айбат » Өзбекстан неге Американын колундагы «куурчак» болупатат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Өзбекстан неге Американын колундагы «куурчак» болупатат?

Өзбекстан президенти«Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» деп эзелтен эле айтып келебиз. Мунун мааниси кошунаң тынч болсо, мамилеге так болсо жаныңа тынч, маанайың ачык дегенди түшүндүрөт эмеспи? Тилекке каршы советтер союзу ыдырап, анын курамындагы республикалар өз алдынча мамлекет болуп кеткенден бери коңшулаш Өзбекстан ар кандай маселелер менен Кыргызстанга кыр көрсөткөнсүп келет. Конкреттүү себеби жок эле өлкөбүздүн түштүк аймагына коңшулардын газ берүүнү токтотуп койгонуна эки айдын тегереги болуп калды. Кыргызстан түштүк аймагындагы газ маселесин чечүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшап, кошуналар менен тил табышууга аракет жасашты. Бирок, тилекке каршы Өзбекстан тараптан ак же, көк деген үн чыкпайт. Жадагалса аларга «Газпромдун» өкүлдөрү барып, газды эмне үчүн токтотуп койгондуктары тууралуу билүүгө кызыкдар болушканда да оңгулуктуу жооп беришпеди. Ачыгын айтканда Кыргызстандагы мындай газ кризиси жаңылык деле эмес. Акыркы жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери кошуна өлкө бир нече жолу газ берүүнү токтотуп келген. Андыктан учурдагы газ блокадасы коңшулардын текшерилген жана тажрыйба жүзүндө жасап көрүшкөн Кыргызстанга карата басым жасоонун куралы болуп саналат.

Ал эми өзбек лидери Каримовдун мындай кадамга баруусуна эмнелер себеп болушу мүмкүн? Биринчиден, Россия менен биргеликте Кыргызстанда бир нече гидро-электростанцияларынын курулушуна каршы экендигин Каримов башынан эле жашырган эмес. Андыктан ал суу энергетикалык маселесин эл аралык деңгээлде көтөрүп, дүйнөлүк коомчулук аркылуу Кыргызстандын бул долбоорлорду жүзөгө ашыруусунан баш тартуусун талап кылат. Башкача айтканда алар биздин өлкөнүн энергетикалык жактан көз карандысыздыкка жетүүсүнө караманча каршы турушат. Муну менен алар Кыргызстан кандай гидротехникалык станцияларды кура аларын биз гана чечебиз дегенди кыйытып жатышкансыйт. Экинчиден, ал кыргыз-өзбек чек аралары боюнча өздөрүнө ыңгайлуу шартта келишимге келүүнү эртелетүүгө аракет жасайт. Ошол эле учурда алар Кыргызстандын аймагында калган «Сох» анклавына коридор сурап аткандарын жакшы билебиз. Андан тышкары Өзбекстан Кыргызстандын аймагында жайгашкан объектилерди кайтарып алууну таптакыр унутушу керек деген маанайда. Маселен, СССР убагынан бери Кыргызстандын аймагында жайгашып, бирок Өзбекстан тараптан эксплуатацияланып келе аткан Орто-Токой суу сактагычы менен «Түндүк Соң» жер алдындагы газ сактоочу жайды. Демек, кошуналар Кыргызстанды шантаж кылуу үчүн газ маселесин курал катары көтөрүнүп чыгып аткандары билинип турат. Алар мындай аракеттери менен Кыргызстан эгемендигинин бир бөлүгүн садага чабууга барат деген ойдо. Бул биринчиден.

Экинчи тараптан  Өзбекстан газды берүүнү токтотуу менен өлкө ичинде нааразычылыктардын чыңалуусун күтүп атат. Бизде канчалык дестабилизация болуп турса, ал Өзбекстандын бийлигинин режимин бекемдөөгө салым кошуп турат. Бул туурасында белгилүү саясат таануучу Марс Сариев мындай дейт: « Менин оюмча Ташкентке дал ушул дестабилизация керек. Чек аралардагы кандай гана дестабилизация болбосун ал режимди бекемдейт. Мындай кырдаалдар буга чейин болгон. Кыргызстандагы болуп өткөн дестабилизациялар Назарбаевдин, Каримовдун жана Рахмондун режимдерин бекемдеп берген. Анткени бул өлкөлөрдүн бийликтери бизге карата сөөмөйлөрүн сайып көрсөтүп: «Карагыла, тартипсиздик, бийликтин жоктугу, парламентаризм жана башкалар эмнеге алып келет» деп айтканга мүмкүнчүлүк алышты. Мындан сырткары ички максаттар үчүн сырткы душмандардын образы түзүлүүдө. Өзбекстан болсо азыркы тапта өтө оор фазада, ал жакта кландар ортосундагы күрөш жүрүүдө, сепаратисттик маанай жаралууда Мисалы, Каракалпак автономиялык облусунда. Мунун бардыгы өнүгүп-өөрчүйт. Анан албетте, Каримовдун режими «сырткы душмандардын» пайда болуусунда болууда. Бирок Каримов оюнчу эмес, оюн фигурасы экендигин түшүнбөй жатат.

Эгерде Кыргызстан провокацияга алдырып койсо, анда бул авантюрага Өзбекстан да тартылат». Ырасында эле Өзбекстан өзүнүн кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга далалат жасоо менен бирге Батыштын колундагы «куурчакка» айланып аткандыгын сезбей жатат. Эзелтеден биргелешип оокат кылып, бир нукта жашап келген кошуналары, мурдагы союздун курамындагы республикаларга каршы саясатын жүргүзүп, Американын этегин кармоо менен алек. Буга жакында эле Өзбекстанда НАТОнун өкүлчүлүгү ачылганы мисал боло алат. Ошол эле учурда Каримовдун Евросоюздук экономикалык бирикмеге карата сын-пикир айтканын Америкалык интернет-сайттардын бири жарыялап чыккан. Бирок, Өзбекстандын президентинин сайтында Каримовдун сүйлөгөн сөзүнүн расмий тексти турат. Анда анын Евразиялык экономикалык союзга каршы эч кандай деле сын-пикир айтканын көрө алган жокпуз.

Балким Каримов мындай пикирин расмий түрдө эмес, батыш өкүлдөрү менен чай үстүндө отурганда айтып коюшу мүмкүн. Мына ушуну пайдаланып аткан Батыштын позициясын Каримов деле аңдап түшүнсө болмок. Ал Өзбекстанды Кыргызстанга каршы тукуруу жолу менен негизги каршылашы Россияга «согуш» ачып жатат. Тактап айтканда алар Борбордук Азияда башаламандык жаратуу менен Россияны алсыздандыруу аракетин көрүшөт. Мындай жагдай Кыргызстан үчүн да, ошол эле учурда Өзбекстан үчүн да пайдалуу эмес. Болгону Өзбекстан Американын кызыкчылыгынын жүзөгө ашуусу үчүн негизги курал болуп гана бере алат. Андыктан биз дагы бир жолу «Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» деген макалды кайталагыбыз келет.

Америка жер бетинин аркы бурчунда, деңиздин аркы жагында жайгашкан. Анын үстүнө алардын Өзбекстан менен эч кандай деле тууганчылыгы жок. Болгону башынан эле Америка дүйнөнү башкаруу аракети менен келгени маалым. Ал үчүн кандай гана жол болбосун пайдаланышат. Мына ушундай жагдайда алар үчүн Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы газ маселеси сары майдай эле жагып турат. Эске сала кетсек, 2010-жылы түштүк аймагыбызда болуп өткөн каргашалуу июнь коогалаңында Каримов өзүнүн кыраакылыгын жоготпой, бул окуянын эки өлкөнүн ортосуна жарака кетирип коюусунан сактанган эле. Азыр болсо эмнегедир газ маселеси аркылуу Кыргызстанды чөгөлөткүсү келип, Американын колундагы куралга айланып, өзүнүн баштагы кыраакылыгын жоготуп отурат. Буга балким анын үй-бүлөсүндөгү акыркы учурлардагы аягы жок чыр-чатактар, өлкөсүнүн ичиндеги кландык тирешүүлөр себеп болуп жатышы мүмкүн. Бирок, ошондой болгон күндө да жанында турган коңшусун душманга айлантып алуу жакшылыктын белгиси болбосо керек…

Айбат гезити №83




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru