Айбат » Куралсыз элге ок атууга Жаныш Бакиевдин күнөөсү бар экендигин сот далилдүү деп эсептейт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Куралсыз элге ок атууга Жаныш Бакиевдин күнөөсү бар экендигин сот далилдүү деп эсептейт

Бакиевдер

Баш-аягы төрт жылдан ашуун убакытка созулган 7-апрель окуясы боюнча сот иштеринин өкүмү чыга баштады. Тактап айтканда бүгүн 24-июльда 2010-жылдагы 7-апрель окуясы боюнча өкүм окулуп башталды. Эске сала кетсек бул сот ишине төрагалык кылып жаткан судья Дамир Оңолбеков соттун өкүмү бир нече күнгө чейин созулуп окула тургандыгын эскерткен. Учурда сот ишинин себептерин түшүндүргөн чечим окулууда. Башкача айтканда сотто далилденген, такталган жагдайлар, кырдаалдар тууралуу өкүм окулууда. Анын ичинде бүгүн качкын президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев, улуу баласы Марат Бакиев, УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов, Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Темирбаев, мурдагы төрага орун басары Данияр Дунгановдун кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча күнөөлүү деп таап жана аларга тагылган айыптар туура деп эсептелерин билдирди. Ал эми куралсыз митингге чыккан элге каршы массалык ок чыгарууга Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевди күнөөлүү деп тапты. “Жалпысынан Жаныш Бакиевдин күнөөсү толугу менен тастыкталды” деп эсептейт сот. Мурдагы өкмөт башчы Данияр үсөнов митингге чыккан элге каршы ок чыгарууга мурдагы мамлекет башчысы Курманбек Бакиев менен сүйлөшүүгө барган деген айып коюулуп, анысы аныкталганын билдирди. Ага чейин төрагалык кылып аткан Дамир Оңолбеков соттук-медициналык, баллистикалык жана трасологиялык экспертизалардын жыйынтыктарын окуду. Аны менен бирге тергөө ишинин версияларын – күбөлөрдүн, жабырлануучулардын, мыйзамдуу өкүлдөрдүн жана соттолуучулардын берген көрсөтмөлөрүн тааныштырды. Демек, сот иши аягына чыкты. Эми өкүм толук окулуп бүтүшү эле калды. Кандай болгон күндө дагы карапайым элге, болгондо куралы жок, жөн гана бийликке нааразычылыгын билгизүү үчүн чыгып, кырчындай кездеринде кыйылган өмүрлөрдүн, азыркы күнгө чейин тыйылбаган көз жаштардын өтөөсүнө чыга турган өкүм окулса болду.

“Айбат пресс”

Айбат гезити №88



Башка окшош макалалар:

2 комментарий

  1. максимдин взглядын эле карагыла да, шакал дагы бир ничешканы коруп, охххх бугун туну ушу кызды жайлайм деп турат! убагында максим илибой кызды жайлачуда, кыздыгына карабай, деги эле жашоо турмушуна карабай, байдын кызыбы же кедейдики абсолютно барибир жайлачу

    • Б. Б.:

      Максим эле эмес, башкалары деле байкаган го ал кызды, акырын көздүн кырын салыпатышат

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru