Айбат » Аганы көрүп ини өсөбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Аганы көрүп ини өсөбү?

Каныбек ИманалиевБиз сөз кыла турган инсан  Жогорку кеңештин  ар- намыс саясий партиясынын депутаты Иманалиев Каныбек Капашович тууралуу болмокчу.

Сүйлөсө  кыргыздардын  тарыхы, идеологиясынан кеп урат эмеспи. Каныбек мырза канча жылдан бери бийлик сересинен кол үзбөй келе жатканы анын бийлик, мансап менен кармашып келе жатканы.  Чоң -Кеминдиктердин  доору  сүрүп турганда  чокчоңдоп калмай жайы бар эле,  ал эми азырчы? Биздин  угушубузга караганда  Каныбек  мырзанын  бир тууган иниси Адилет Иманалиев  Чоң -Кемин  өрөөнүнөн орун алган Карал- Дөбө айылын орто мектебине   мектеп директору болуп келиши  жалпы айылдыктардын айласын кетирип жатат.  Анын буга чейинки басып өткөн жолу  бул кызматка татыктуу эмес  экендиги,  Кайыңды мектебинен  кантип  айдалганы,  билим ордосун  «казиного»  айланып  кете жаздаганда араң алып калышканы  айтылууда. Эмне эле депутат мырза райондук бийлик төбөлдөрүнө  телефон  аркылуу “бир суранып  жатсам аткара албай жатасыңар” дегени кандай түшүнсө  болот. Же элдин баарын өзүндөй  көрөбү, ар кайсы партияларга секирмей адатындай.  Андай эле туугандарына боор тартса менчик мектеп ачып берип койсун, каалаган реформасын ошол жакта өркүндөтсүн. Мектеп жамааты, эл кабыл албаса  мындай мектеп мүдүрдүн  кимге кереги  бар? Же  Бакиевчесинен  туугандарым  билимдүү болсо, аларды мен бакмак белем дейсизби? Өткөн жылдын жылдык декларацияңызда  «Учкун» акционердик коомдогу  үлүшүңүз туугандарымда  деп  жазыптырсыз,  ушул иниңизде эмеспи?  Шайлоо жакындап келе жатат, иниңиз үчүн айылга кире албай калбасаңыз болду урматтуу жолдош депутат Каныбек мырза.

Айбат гезити №88



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru