Айбат » Бириккен оппозиция бириге албай калды…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бириккен оппозиция бириге албай калды…

Бирикпей калган оппозиция

Равшан Жээнбеков менен Камчыбек Ташиев тең төрагалык кылган “Улуттук оппозициялык кыймыл” ичинен ыдырап баштаганы маалым болду. Буга башкы себеп өзүнүн “Чыңгызхандын шакиртинче” Ак үйгө жасаган жүрүшү туура эмес болуп калганын айтып, жалпы коомчулуктан, ошол эле учурда оппоненттеринен кечирим сураган Камчыбек Ташиевдин кадамынан улам болуп атыптыр. Эске сала кетсек Улуттук оппозициялык кыймылды адегенде Равшан Жээнбеков өзү жетекчиликке алып, андан көп өтпөй өзүнүн катарына Камчыбек Ташиевди да отургузган эле. Ошентип апрель айынын 10-унда экөө биригип 700-800дөй адамды топтоп борбор калаабызда митинг өткөрүшкөн. Анда да курулай сын-пикирлер менен бийликти колдорунан келишинче шыбап алышкан болчу. Бирок, мунун баары жеке гана кызыкчылык үчүн жасалганын, бийлик талаш гана болуп жатканын кеч да болсо Камчыбек мырза терең түшүнгөн экен. Анын мындай кетирген катачылыктарын мойнуна алып, бийликтен кечирим сураганы Равшан мырзага жакпай калган көрүнөт. Себеби “УОКко” тең төрагалык кылган Камчыбек Ташиевдин пикирин укпастан туруп эле Равшан Жээнбеков аны аталган кыймылдын катарынан чыгарып коюптур. Эгерде ага тең төрагалыкты бергени ырас болсо, анда жок дегенде “эмне үчүн кечирим сурадың, мындан ары биз менен болосуңбу?” деп сурап коёт эле. “Лам” деп үн катпастан туруп Ташиевди катарынан чыгарып койгон Равшан мырзанын аракетин кандай түшүнсө болот? Же ал өзү азыркы бийликти сындап келе аткандай “УОК” кыймылында авторитардык бийлигин жүргүзүп атабы? Мындай кадамы менен алыска бара албайт го…

Айбат гезити №88



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru