Айбат » С.Жумабеков А.Бекназаровдун калпын ашкерелегенде

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » С.Жумабеков А.Бекназаровдун калпын ашкерелегенде

Бекназаров Азимбек

Журналист журтчулугу тамаша-чынга чалып жазгандай, ар бийлик алмашкан сайын миллиондорду «бажаргандын» кыныгын алган Азимбек Бекназаров убагында К.Бакиевдин «бөлтүрүктөрү» атаган Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров менен Акматбек Келдибековго эми келиндей жүгүнө кызмат кылып жүргөн кези. Башкасын айтпай ак коёлу, өлкө бюджетине жалпысынан 40 млн. сомдук зыян келтирди делип айыпталып, абакта жаткан А.Келдибековго адвокаттык кылып, анын саламаттыгы начардыгын, аны дарылатыш керектигин улам-улам кайталагандан тажабады. Ал эми А.Келдибековдун бутуна операция жасаган профессор Сабырбек Жумабеков «Азаттык» радиосуна курган маегинде Бекназаровдун билдирүүлөрүн жокко чыгарды.

Сабырбек мырзанын айтымында, А.Келдибековдун саламаттыгы өтө деле начар эмес, сот процесстерине катыша берсе болот. «Келдибековдун абалы өтө деле оор эмес, орто деп айтса болот. Тизесине жасалган операциядан кийин кыйла жакшы болуп калды. Бир гана нерсе бар – ал баспашы керек. Болбосо оорусу күчөп кетет. Бирок сотко коляска менен бара берсе болот деп биз ага уруксат бергенбиз. Эми сотко араба менен барар-барбасын өзү чечет да. Кийинки операция качан жасалары азырынча белгисиз» деген С.Жумабеков экс-спикердин эмне үчүн сот отурумдарына катышпай жаткандыгынын себебин түшүнбөгөнүн жашырган эмес.

Дагы бир ирет кайталайлы, Кыргызстандагы №1 ортопед саналган Сабырбек Артисбекович А.Келдибековдун ден соолугу жайында экенин билдирүүдө. Ушунун өзү «господин» Бекназаровдун калпты ченебей ышкыртарын ырастайт эмеспи.

Баса, Азимбек мырза дайыма адилеттүүлүк, чынчылдык жөнүндө сүйлөгөндөн тажабайт. Ал эми кылган ишинин жыйынтыгы нөл. Мисалы, 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин Башкы прокурорлукту аркалап, башкасын мындай коёлу, Аксы окуясына чекит койгонго жарабады. Апрель революциясынан кийин күч структурасын көзөмөлдөп, эч нерсени кыйраткан жок, болгону жогоруда айткандай, гезит беттеринен анын миллиондорду «жыйнап» жатканын окуп жаттык. Тили менен буудай кууругандан башканы кыйратпаган адамга анан кантип ишеним артмак элек…

Айбат гезити №88




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru