Айбат » Чолпон Жакупова жеке кызыкчылыгы үчүн жалпы элдин кызыкчылыгын тебелеп-тепсей баштады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Чолпон Жакупова жеке кызыкчылыгы үчүн жалпы элдин кызыкчылыгын тебелеп-тепсей баштады

Жакупова Чолпон

Саясатчылардын басымдуу бөлүгү кайсыл «арыктан» суу ичип атса, ошолордун ырын «ырдамайды» адатка айлантып алышканын билебиз. Бирок, алар өздөрүнүн жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн бүтүндөй мамлекеттин кызыкчылыгына шалп түкүрүп коюп жатышат. Маселен, «Адилет» деп аталган укук клиникасынын директору Чолпон Жакупова айым бүгүн «Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшүнүн өнүгүшү» деп аталган тегерек столдо бөтөнчө пикирин билдирип салды. «Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу системасы талкаланып баратат, азыр бир дагы мамлекеттик орган иштебейт» дейт ал. Эгерде өлкө кызыкчылыгын көздөгөн инсан болсо, мындай сөздү оозуна да алмак эмес. Кыргызстанда башкаруу системасы 2010-жылдан кийин кабыл алынган жаңы Конституциянын негизинде эң эле сонун иштеп атканын баарыбыз көрүп турабыз. Бардык маселе ачык-айкын парламентте талкууланып келет. Сот реформасы аягына чыга элек болсо дагы жүрүп атат. Коррупцияга каршы күрөш башталып, анын алгачкы натыйжалары билинүүдө. Мамлекеттик органдар да жаңы системага ылайык иш алып баруу менен алек. Албетте, кемчилдиктер жок эмес. «Бир карын майды бир кумалак чиритет» деген сыяктуу эски системада иштеп көнүп алгандар жаңы системага ылайыкташа албай, көптөгөн реформалардын жүрүүсүнө тоскоолдук жаратып келишет. Муну да ачык айтып коюубуз керек. Бирок, Чолпон айым айтканда «Мамлекеттик бир да орган иштебей жатат» деп так кесе айтууга мүмкүн эмес. Мамлекетибиз жаңы системанын негизинде өнүгүп-өсүүнүн аракеттерин көрүп, жаңы долбоорлордун үстүндө иштеп аткандарын көрүп атабыз. Сырткы саясатта өзүнүн конкреттүү позициясын аныктап келет. Албетте, Кыргызстандан Америка базасынын чыгарылышы көптөгөн батышчыл күчтөрдү ойготуп койду. Мына ошолордун катарында Чолпон Жакупова да баш көтөрүп отурат. Себеби ал өзүнүн укук клиникасын батыштан келген каражат менен камсыздап келерин ачык айтпаса да коомчулук жакшы билет. Ошондон улам ал Кыргызстандын көбүрөөк Россияга ыктап атканы үчүн Батыштан каражат алып, алардын куралы болуп отурат. Албетте, аны менен бирге өзүнүн жеке финансылык абалын чыңдап атат десек да болот. Бирок, кандайдыр бир өлчөмдөгү акча каражаты үчүн жалпы элибиздин, мамлекеттин кызыкчылыгын тебелеп-тепсей берсек болобу?

Айбат гезити №88



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru