Айбат » Электр энергиясына болгон баанын өзгөрүүсүз калышы эл үчүн жакшы, бирок мамлекет үчүн оор болот

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » Электр энергиясына болгон баанын өзгөрүүсүз калышы эл үчүн жакшы, бирок мамлекет үчүн оор болот

Symbolique 2006Энергетика жаатындагы адистер Кыргызстанда электр энергиясына болгон баанын тарифи аны өндүрүүгө кеткен чыгымдарын да жаба албай тургандыгы тууралуу көптөн бери эле айтып келе атышат. Бирок, тариф мындан 10 жыл мурун кандай болсо, азыр деле ошол боюнча сакталып келет. Ырас, Бакиевдик бийлик убагында  күтүүсүздөн тарифти эки эсеге көтөрө коюп, анын натыйжасы кандай болгондугун жакшы билебиз. Бирок, тарифти эки эсеге көтөрбөсө да, кандайдыр бир өлчөмдө көтөрүү зарылчылыгы бар экендигин адистер айтып келишет. Маселен, энергетика жаатындагы дасыккан адис Карыпбек Алымкулов өлкөбүздө электр энергиясын өндүргөн баа менен аны саткан баанын ортосунда айырмачылык болуп атканын, тактап айтканда өндүрүүгө кеткен чыгымды саткан баа актабай жаткандыгын билдирет. Ошондон улам дагы энергетика министрлиги электр энергиясынын баасын үч фаза аркылуу колдонгондорго 1 сом 20 тыйын кылуу тууралуу сунушун киргизген эле. Бул сунуштун негизинде калктын 95 пайызы үчүн мурдагыдай эле 70 тыйындык тариф сакталмак. Бирок, мына ушул электр энергиясынын тариф саясаты боюнча долбоору өкмөттөн кайра чакыртылып алынганы маалым болду. Демек, электр энергиясына болгон тариф мурдагыдай эле жалпы керектөөчүлөргө 70 тыйындан, коммерциялык багытта колдонуучуларга 1 сом 50 тыйын боюнча калат. үстүбүздөгү жыл өзгөчө кургакчыл жыл болуп, суу тартыштыгы кадимкидей байкалып турганы маалым. Анын негизинде Токтогул суу сактагычында да суунун көлөмү аз болуп, айрым бийликке оппозицияда турган саясатчылардын чырагына май тамызып туру. Эске сала кетсек, үч фаза аркылуу электр энергиясын колдонуучуларга тарифти көтөрүү сунушу айтыла баштаганда эле айрым саясатчылар «Бул бийлик да электр энергиясынын баасын көтөрүп жатат» деп кыйкырып чыгышкан. Бирок, бул сунуш аркылуу калктын 95 пайызы мурдагыдай эле 70 тыйын менен электр жарыгын колдоно ала тургандыктары тууралуу деги эле ооз ачкылары келген эмес. Быйыл суу аз, бирок ошого карабастан карапайым элдин камын ойлоп, тарифти өзгөрүүсүз калтырган бүгүнкү бийликтин кадамы эрдик эмей эмине? Бул тууралуу Карыпбек Алымкулов төмөндөгүдөй пикирин билдирген: «Тарифтин өзгөрүүсүз калганы карапайым эл үчүн албетте жакшы болот. Бирок, мамлекет үчүн кыйыныраак болуп калат. Себеби суу аз болуп атат. Ош шаарында болсо газ жок. Алардын бардыгы азыр электр энергиясын колдонууда. Бишкекте деле жаңы салынып аткан, мурда салынган үйлөрдө кондиционерлер иштеп атат. Ошолордун бардыгына электр энергиясы кетет. Мурда жайкысын кышкы мезгилге караганда азыраак электр энергиясы кетсе, азыр теңелгенсип барат. Анан ошого жараша суу да көп кетет». Туура, республикабыздын ар кайсыл аймактарында курулуш иштери жүрүп атат. Борбор калаабызда болсо, көп кабаттуу үйлөр салынууда. Алардын бардыгы электр энергиясын колдоно баштайт. Демек, энергетика тармагына дагы-да оорчулук түшөт. Ошолордун баарына кайыл болуп, учурдагы элдин абалын туура түшүнүп, электр энергиясынын баасын өзгөртүүсүз калтыруу да албетте өзүнчө сөз боло алат. Болгону мына ушундан да айрым саясатчылар кынтык издеп чыкпаса болгону.

Айбат гезити №88



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru