Айбат » Бажы кызматташтыгына киргенде, анын техникалык регламенттерин колдонууга милдеттүү болуп калабыз

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бажы кызматташтыгына киргенде, анын техникалык регламенттерин колдонууга милдеттүү болуп калабыз

КыргызМамСтандарт

Кыргыз Республикасынын экономика министринин алдындагы стандартташтыруу жана метрология борборунун директордун орун басары Чапаев Жаныбек  мырза Бажы кызматына киргенде  стандартташтыруу жана метрологиянын ролу кандай экенин айтып берди

 

Стандарт деген ….

«Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери тууралуу» Мыйзамынын 1-беренесине ылайык (мындан ары – Мыйзам), стандарт – бул консенсустун негизинде иштелип чыккан иш кагаз, анда ыктыярдуу түрдө эрежелерди көп жолу колдонуу үчүн жалпы принциптер, продукциянын же долбоорлоо иштеринин мүнөздөмөлөрү (издөөлөрдү кошкондо), өндүрүш, курулуш, монтаж, сактоо, ташуу, сатуу, иштетүү, жокко чыгаруу, иштерди аткаруу, кызмат көргөзүүлөр белгиленет. Ошондой эле стандарт терминологияга, символикага, таңгактоого, маркирлөөгө же этикеткалоого болгон талаптарды камтышы мүмкүн.

Консенсус – бул кызыкдар болгон тараптардын көпчүлүгүнүн бар болгон суроолорго олуттуу каршылыгынын болбостугун мүнөздөөчү, иштердин жыйынтыгында жетишүүчү бардык тараптардын ойлорун эске алууга умтулуучу жана пикирлердин туура келбестигин жакындатуучу жалпы макулдашуу.

ЭСКЕРТҮҮ – Консенсус  толук  ынтымактуулукту  сунуштабайт.

Мыйзамдын 16-беренесине ылайык, КРнын чек арасында колдонулуп жаткан стандартташтыруу боюнча иш кагаздарына төмөнкүлөр кирет:

• Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары;

•  стандартташтыруу тармагындагы стандартташтыруу эрежелери жана сунуштар;

• эл аралык стандарттар;

• аймактык стандарттар;

• башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттары;

• жалпы эрежелер;

• уюмдардын стандарттары.

Мыйзамдын 15-беренесине ылайык, КРда стандартты колдонуунун өз ыктыярдуу принциби иштеп жатат.

Эгерде, техникалык регламентте же башка ченемдик укуктук актыда (КРӨнүн токтомунда же буйругунда) бул стандартка багыттама берилсе, КРда стандартты аткарууга милдеттүү болуп калышы мүмкүн.

 

Кыргыз Республикасы Бажы кызматташтыгына  киргенде, биз БКнын техникалык регламенттерин колдонууга милдеттүү болуп калабыз

Кыргыз Республикасы Бажы кызматташтыгына (БК)  киргенде, биз БКнын техникалык регламенттерин колдонууга милдеттүү болуп калабыз. Учурда БКда 34 техникалык регламент колдонулуп жатат жана жакын арада 200гө жакын кабыл алынат жана иштелип чыгат.

БКда ар бир техникалык регламент үчүн ал регламенттердин талаптарын сактоону камсыздоочу жана ыкмалар менен эрежелердин сыноолорун (ченөөлөрдүн), үлгүлөрдү тандоону жана продукциянын шайкештигин (аныктоону) баалоону аткарууну камтыган стандарттардын Тизмеси кабыл алынды. Стандарттарды колдонбой туруп техникалык регламенттердин талаптарын сактоону текшерүү мүмкүн эмес.

СМБнын техникалык регламенттер жана стандарттардын улуттук маалыматтык  фондунда азыр 34 техникалык регламенттин тексттери бар, алар үчүн стандарттардын Тизмелери жана ал Тизмелердин ичинен улуттук стандарттардын тексттеринин көп бөлүгү БК өлкөлөрүнүкү.

Кыргыз Республикасы БКнын техникалык регламенттерин түз колдонууга өткөн учурга чейин СМБда жетишпеген стандарттар Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары катары кабыл алынат.

Ата мекендик продукцияны өндүрүүчүлөр СМБдан БКнын техникалык регламенттеринин тексттерин жана ушул регламенттерге болгон Тизменин стандарттарын ала алышат.

Бул стандарттарды колдонуу – БКнын техникалык регламенттеринин талаптарын сактоону камсыз кылат жана БК өлкөлөрүнүн кыргыз продукциясынын сапатына жана коопсуздугуна болгон ишенимин жогорулатат.

 

Кыргыз Республикасы НАССРдин тутумун жайылтууга даяр болушу керек

КРнын алдыдагы Бажы кызматташтыгына кирүүсүнө байланыштуу, тамак-аш тармагындагы ишканалар НАССРдин тутумун жайылтууга даяр болушу керек. Бажы кызматташтыгынын «Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» 021/2011 техникалык регламентине ылайык, тамак-аш азыктарын өндүрүүдө (даярдоодо), өндүрүүчү бул азыктын коопсуздугунун талаптарына байланыштуу иш-аракеттерди колдоп, жайылтып жана иштеп чыгышы керек, ал НАССРдин – Коркунучтарды талдоо жана  кескин текшерүү чекиттери принциптерине негизделиши керек.

Тамак-аш азыктарын өндүрүүгө жана сатууга катышкан ишканалар менен уюмдар, НАССР тутумун колдобосо жана жайылтпаса Бажы кызматташтыгынын базарларында азыктарды сата алышпайт.

Бул чара биринчиден, керектөөчүлөр (анын ичинде биз Сиздер менен) ден соолугуна жана жашоосуна коопсуз тамак-аш азыктарын колдонууга мүмкүндүк алуусуна багытталган.

НАССР тутуму – бул коркунучтуу факторлорду көзөмөлдөө ыкмасы менен тамак-аш коопсуздугун камсыздоо суроолоруна болгон  белгиленген туура жана тутумдуу мамиле. Ар бир ишкананын өзүнүн көзөмөлдөө усулдары боло алат, негизгиси, жыйынтыгында азыктардын тамак-аш коопсуздугу камсыздалсын.

 

Азыркы учурда биздин республикада, СБТ боюнча ишканаларды жайылтуу жана тартуу боюнча ачык-айкын иштер жүрүп жатат

Сапат башкаруу тутумдары (СБТ) ата мекендик жана дүйнөлүк базарларда уюмдардын дайыма атаандашка туруштук бере алуусун жогорулатууга жана ишкердүүлүгүн жакшыртууга багытталган, сапаттуу продукцияны туруктуу  өндүрүүнүн кепилдигин камсыздайт. СБТ биринчи кезекте, бул ишканалардын жана бүтүн өлкөнүн имиджин жана каржылык туруктуулугун жогорулатуу болот. Кыргыз Республикасынын Бажы Кызматташтыгына кирүүсүнө даярдануу учурунда, ишканалар катуу атаандашуу шарттарында болушат, мындай учурда да окшош тейлөө көргөзгөн же продукция чыгарган ишканаларга сапат башкаруу тутумунун сертификаты бир аз артыкчылык берет.   Ошондой эле СБТ ишканаларга өз продукциясын Бажы Кызматташтыгы өлкөлөрүнө жана башка чет өлкө базарларына тапшырууга мүмкүнчүлүк берет. ЕС мүчөлөрүнүн өлкөлөрүндө Декларациялар кабыл алынган, ага ылайык керектөөчү-ишканалар импортерду ишенимдүү тапшыруучу деп СБТ сертификаты бар болгон учурда гана эсептешет.

Азыркы учурда биздин республикада СБТ боюнча ишканаларды жайылтуу жана тартуу боюнча ачык-айкын иштер жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө биздин республикада  ИСО 9001 талаптарына ылайык СБТ сертификатын аз сандагы уюмдар алган, алардын ичинен: ЖЧК «Автомаш-Радиатор», АООТ «Майлуу-Сууй электролампа заводу»,  ЖЧК «Кыргыз-Петролиумкомпани», «Кант цемент заводу» ААК, «Кока-Кола Бишкек Ботлерс» ЖАК,  «Бишкексүт» ААК, ЖЧК «TANSU», «Reemtsma-Kyrgyzstan» ААК, ЖЧК «SultanFoodandBeverages», ЖЧК «Ак Бата» ж.б санап өтсө болот. Бирок, көптөгөн ишканалар СБТ маанисин түшүнүп келе жатканын жана бул тутумду өз ишканаларында жайылтууга каалоолору бар экенин белгилеп кетсе болот.

 

Кыргызстанда СМБ өлкөдөгү эң жогорку метрологиялык орган болуп эсептелет

КРнын ЭМне караштуу СМБ өлкөдөгү эң жогорку метрологиялык орган болуп эсептелет. СМБнын эң негизги милдеттеринин бири болуп республикадагы ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жана ченөөлөрдүн Эл аралык бирдик тутумуна эл аралык эталондордон физикалык чоңдуктардын өлчөмдөрүн берүү жолу менен байкоо, өлкөдөгү бардык ченөө каражаттары, улуттук эталондордун жана чыгыш эталондордун жардамы менен.

Жарандарды ишенимдүү жана так ченөөлөр менен камсыз кылуу ишмердиги Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндөгү Мыйзамы менен жөнгө салынат. Бул мыйзам акыркы убакта кайра караштырылган жана эл аралык талаптарга шайкештелген. Бул ДСУга жана Бажы кызматташтыгына кирүүдө талап кылынган. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндөгү жаңы мыйзам эл аралык жана аймактык иш кагаздар менен ылайыкташтырылып, 2014-жылдын 15-июлунан тартып күчүнө кирди.

Ошондой эле КРнын ЭМне караштуу СМБ ишмерлер арасында активдүү маалыматтык иштерди жүргүзүп турат. 2014-жылдын 1-июлунда КРнын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору Республиканын мыйзам чыгаруучу жана техникалык метрологиялык базасын Бажы кызматташтыгына даярдоого багышталган биринчи жумушчу семинарын өткөрдү. Семинарга тамак-аш жана жеңил өнөр-жай ишканаларынын орто башкаруу звеносунун 20 адиси (башкы инженерлер, өндүрүштөрдүн жетекчилери) катышты. ИСО 9001 и ИСО 22000 (ХАССП тутуму) стандарттарынын талаптары караштырылды, ченөө жабдыктарына жана Бажы кызматташтыгынын интеграциясына багытталган ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мыйзамдагы өзгөрүүлөргө карата.

 

Кыргыз Республикасынын эталондук базасы…

Техникалык базаны өркүндөтүү максатында, 2007-жылдан 2013-жылга чейин Дүйнөлүк Банктын «Ишкердүүлүккө жана соодага техникалык тоскоолдорду кыскартуу» долбоорун ишке ашыруу чегинде, КРнын ЭМне караштуу СМБнын эталондук базасында өлкөнүн бүтүндөй метрологиялык инфраструктурасы үчүн негиз боло турган жаңыртуу жана жабдуулоо иштери аткарылды.  Европа – Германиянын физикалык-техникалык институтунун (ПТБ) алдыңкы адистеринин бири техникалык бөлүгүн долбоорлоо ишин аткарган.

Бүгүнкү күндө СМБ компетенттүү калибровкалоо кызматын көргөзө алат жана  температура жана салмак тармагында ченөөлөрдүн байкоосун камсыз кыла алат, бул эки эталондук базаны 2012-жылы КАБда баалоону өткөргөн ILAC эксперттик тобунун   текшерүү жыйынтыгы менен аныкталган.

 

Милдеттүү сертификация

Милдеттүү сертификация Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-ж. 30.12дагы №639 Токтомуна ылайык, продукциянын милдеттүү талаптарына ченемдик укуктук актыларында же стандарттарда, адамдардын ден соолугун коргоо, айлана-чөйрөнү кайтаруу боюнча коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлөт.  Милдеттүү талаптар милдеттүү шайкештикке аныктала турган продукциянын Тизмесинде көрсөтүлгөн.

Продукцияга милдеттүү сертификацияны Кыргыз Республикасындагы белгиленген тартипте, берилген продукциянын түрүнө сертификацияны өткөрүүгө аккредиттөөгө укуктуу сертификация боюнча органдар өткөрөт.

Шайкештик сертификатын берүүнү сыноолордун протоколун, өндүрүштүн абалынын жыйынтыгын талдоону, продукциянын шайкештиги жөнүндө иш кагазын талдоону ж.б.у.с. баалоодон кийин сертификация боюнча аккредиттелген органдар аткарышат.

Шайкештик сертификатын берүү үчүн негиз болуп, өткөрүлгөн талдоонун жана сертификаттык сыноолордун оң жыйынтыктары эсептелет.

 

Биздин лабораторияларыбызга эл аралык талаптарга ылайык  шарттарды түзүшүбүз керек

Лабораториянын сыноо базасынын даярдык деңгээлин жогорулатуу максатында, биз лабораторияны эл аралык стандарттардын талаптарына шайкеш келген ченөөлөрдүн жогорку даражадагы тактыгына ээ болгон сыноо жабдыктары менен (хроматограф газдуу, суюк, атомдук адсорбциондуу спектрофотометр ж.б.)  кайра жабдуулашыбыз зарыл. Ошондой эле, лабораториялардын ылайык имараттарында  эл аралык талаптарга келген климатикалык шарттарды түзүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө биздин тамак-аш жана айыл-чарба азыктарын сыноо лабораторияларыбыз тамак-аш азыктарын 35 га текшерүүгө жөндөмдүү.

Жеңишбек ШЕРИПБАЕВ

Айбат гезити №88




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru