Айбат » Парламентаризм менен мамлекеттик башкаруудан түшүнүгү жок Бабырбекович «бабырагандан» тажабайбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Парламентаризм менен мамлекеттик башкаруудан түшүнүгү жок Бабырбекович «бабырагандан» тажабайбы?

Жээнбеков РавшанКөпчүлүк учурда акыл парасаты жетпеген маселелерге мурдун тыгып, «кылдан кыйкым издеп», эптеп эле шыбамайдын «мастери» атыккан парламенттеги эркин депутат Равшан Жээнбековго жайдын ысык аптабы катуу таасир эткенби деп калдык. Ал интернет аркылуу Кыргызстанды кризис каптаганын, мунун баарына президент Алмазбек Атамбаев күнөөлүү экендигин жазып чыкты. Анын арткан «дооматчаларына» акыл-эстүү адам ишенбейт, мыйыгынан гана жылмайып коет.

Равшан Бабырбековичтин ою боюнча, Атамбаев Кыргызстанда парламентаризмди жок кылып, Конституцияны бузуп, бийликти бир колго топтоп алыптыр. Эсибизге жара чыкпаса, мындай дооматты генерал Өмүрбек Суваналиев жетектеген «Каршылык Көрсөтүү Кыймылы» («ККК») көтөргөнү бар. Ага «ата мекенчи» Өмүрбек Текебаев басылмалар аркылуу жооп узатып, Суваналиевдин аргументтери суу кечпей тургандыгын, парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөттү түзөрүн, бул процесске президент тикелей таасир тийгизе албастыгын билдирген эле. Ошону менен «КККнын» «Президент бийликти узурпациялап алды» деген кинеси суу кечпей калган. Эми Равшан мырзанын Суваналиевдин жолуна түшкөнү – түштөн кийин акылына келгениби же «сүйлөйт десе эле оозун чоё бергендегисиби»?

Р.Жээнбеков экинчи дооматында мындай дейт: «Президенттик институт үстөмдүгүн жана укук коргоо органдарын пайдаланып, парламентти жана ал түзгөн өкмөттү кол жоолукка айлантты. Өз кызыкчылыгынан жогору көтөрүлө албаган депутаттар жана өзгөчө фракция лидерлери парламентаризмди президент менен биргеликте жок кылышты. Эл парламентаризмге болгон ишеничин жоготту». Эгер Равшан Бабырбек уулунун айтканы чын болсо, анда Жоомарт Оторбаев жетектеген өкмөттү ким курады? Эгер ал билбесе, анда парламенттеги КСДП, «Ата мекен» жана «Ар-намыс» фракциялары көпчүлүктү түзүп, өкмөттү кураганын анын эсине салып коелу. Бул парламенттик институт калыптануу жолуна түшкөнүн, «көч бара бара түзөлөт» демекчи, акыры парламенттик система калыптанарын ырастайт. Эгер «господин» Бабырбекович элдин парламентаризмге болгон ишеними сууп калганын байкаса, эмне үчүн жигит катары мандатын таштап кетип калбайт? Анан жөн эле ооз көптүрүп сүйлөй берген өзүн болочоктогу өкмөт башчысы, президент катары көргөн саясатчыга абийир алып келбейт эмеспи?

Равшан мырзанын андан кийинки дооматтарына баам салыңыз. Ал электр энергиясы тартыштыгын, суу жоктугун айтып «ыйламсырайт». Расмий статистикага таянсак, быйыл Токтогул суу сактагычында былтыркыга салыштырмалуу 3 млрд. куб суу аз келиптир. Ал эми жыл кургакчыл болуп, жеке гана Кыргызстан эмес, кошуна өлкөлөр запкы жеп атканы маалым. Эмне жыл кургакчыл болсо дагы президент күнөөлүбү? Кичине башын иштетпейби десең.

Равшан Жээнбеков Америкадан окуп, Батыштын баалуулуктарын туу туткан адам. Ал канчалык АКШны «сүйсө» дагы, Кыргызстан деген мамлекети бардыгын, ал баарынан бийик турарын унутпашы керек. Эгер, өз өлкөсүнөн дагы Батышты жогору койсо, анда мындай адамдын келечеги кең болбошу аштан бышык. Ал эми өз өлкөсүнө батпай калган адамды кантип атоого болору айтпасак деле түшүнүктүү…

Айбат гезити №88



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru