Айбат » Айнуру Алтыбаева: “Мамлекеттин жоопкерчилиги парламентте, анын ичинде Равшан Жээнбеков да бар”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Негизги » Айнуру Алтыбаева: “Мамлекеттин жоопкерчилиги парламентте, анын ичинде Равшан Жээнбеков да бар”

Алтыбаева Айнуру

- Эл өкүлү Равшан Жээнбеков кыргыз тилдүү маалымат сайттарынын бирине “Атамбаев Кыргызстанда парламентаризмди жок кылып, конституцияны бузуп, бийликти бир колго топтоду  да, ошол эле убакта эч кандай иш жасабай койду. Бийликти бир колго топтогону менен эффективдүү башкаруу жарата албады” деген пикирин билдириптир. Буга кандай карайсыз?

– Мен кесиптешим Равшан Жээнбековдун пикирине комментарий бербей эле коёюн. Анда туура эмес болуп калат. Болгону ал өз пикирин билдириптир. Мен да өз пикиримди билдирип коёюн. 2010-жылы кыргыз эли референдум аркылуу Жаңы Конституцияга добуш берген. Аны менен бирге бийлик президенттин эмес, парламенттин колуна өткөн. Андыктан биринчи иретте Кыргызстанда жасалып жаткан бардык иш-аракеттерге парламент жоопкер болот. Парламент депутаттары жоопкерчилик алат. Алардын катарында ошол эле Равшан Жээнбеков да бар. Акыркы төрт жыл ичинде жаңы Баш мыйзамга ылайык нормативдик-укуктук базаны бекемдеп келе атабыз. Коррупциялык системага каршы, мамлекеттик башкаруу боюнча, сот реформасы боюнча мыйзамдарды жаздык. Бирок 20 жылда түптөлүп, тамыр жайып алган коррупцияны 4 жылдын ичинде жоюп жиберүү мүмкүн эмес. Андыктан кыйынчылыктар бар. Себеби, биз жаңы системаны түптөп атабыз.

- “Президенттик институт үстөмдүгүн жана укук коргоо органдарын пайдаланып, парламентти жана ал түзгөн өкмөттү кол жоолукка айлантты. Өз кызыкчылыгынан жогору көтөрүлө албаган депутаттар жана өзгөчө фракция лидерлери парламентаризмди президент менен биргеликте жок кылышты. Эл парламентаризмге болгон ишеничин жоготту” деген пикирине кандай карайсыз?

– Президент жана учурдагы айрым фракция лидерлери – булар парламенттик башкаруу системасынын инициаторлору болгон. Жаңы системанын пайдубалын ушулар тургузган. Андыктан алар үчүн парламентаризм өз баласындай. Ал эми өз баласын ким эле өлүмгө кыйсын? Албетте, биринчи коалицияларда катачылыктар болду. Бийликти, кызмат орундарын айыл өкмөттөрүнө, заправкаларга чейин фракциялар бөлүшүп алган учурлары болду. Бирок, аны кийинкилеринде акырындык менен оңдоп келе атабыз.

- “Суу жок. Түшүм бул жылы кескин азаят” деп да күнөөлөйт. Табияттын маал-маалы менен кайталанчу көрүнүшүнө да бийлик күнөөлүү болобу?

- Бардык маселени эле бир адамдын башына үйүп, ага шылтай бергенде болбойт. Сиз айткандай быйыл кургакчылык болуп атат. Андыктан суу тартыш болот. Бул табияттын маал-маалы менен кайталанчу көрүнүшү. Табиятка каршы эч нерсе жасай албайсың. Бирок, ошентсе да чиновниктер бул көйгөйдү чечүү үчүн алдын-ала даярдыктарды көрүшү керек.

Айбат гезити №88




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru