Айбат » Ыр үчүн туулуп, ыр үчүн жашаган…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Ыр үчүн туулуп, ыр үчүн жашаган…

Байдылда СарногоевКЫРГЫЗ ЖИГИТТЕРИНЕ

Толкун болот деңиздин күчтүү жери,

Толкундай бол кыргыздын жигиттери.

Токсон-тогуз өнөрдүн ээси бол деп,

Тоолук эне төрөгөн сени, мени.

Чоку болот  тоолордун бийик жери,

Чокудай бол кыргыздын жигиттери.

Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,

Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени - деген ыр саптарын кимдер гана билбейт.  Бул ыр саптар өзгөчө кыргыздын жигиттерин өз мекенин жана элин сүйүүгө үндөйт. Бул ыр саптары менен биздин аталарыбыз жана агаларыбыз таасирленип келсе, азыркы жаштар да аталарыбыз жана агаларыбыздан кем калбай таасирленип жатышса керек. Мындай мааниси терең ырдын автору кыргыз элинин бычакка сап инсаныбыз Байдылда Сарногоевге таандык. Бүгүн сиздерге Байдылда Сарногоевдин баскан жолдору, чыгармалары жөнүндө маалыматтарды тартууламакчыбыз.

Байдылда Сарногоев (1932–2004) – акын. Талас жергесинде Кулдамбес кыштоосунда 1932-жылы туулган.  1951-жылы Фрунзедеги №5 А. С. Пушкин атындагы кыргыз мектебин аяктайт. , 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. 1956-жылдан «Ала-Тоо» журналынын редакциясында бөлүм башчы, 1956-жылдан тартып «Ала-Тоо» журналынын редакциясында бөлүм башчысы болуп иштейт. 1959-жылдан 1973-жылга чейин Кыргыз башкармалыгынын адабий консультанты. 1973-жылы чыгармачылык иш үстүндө  болуп, Байдылданын акындык өнөрү  эрте ачылат. Тагыраак айтканда 13-жашынан баштап гезит-журналдарга чыгармалары чыга баштайт. Биринчи «Шумкар» аттуу чыгармалар жыйнагы 1952-жылы басылып чыккан. Бул жыйнак ошол замат жаркын жана тиричилик талантын таап, авторго чыгармачылык атак-данкты алып келет.   Акындын көп ырларына музыка жазылган.

 

Алган сыйлыктары

• 1986-жылы «Ашуудан берген отчетум» аттуу поэтикалык жыйнагы Кыргызстан жазуучулар Союзунун А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон.

• 1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Б.Сарногоевге Казакстан Республикасынын эл аралык «Алтын көпир» («Золотой мост») сыйлыгы ыйгарылат.

• 1991-жылы “Кыргыз Республикасынын  Эл  акыны» ардактуу наамы берилген.

• «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына, «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы.

• Ал эми 2000-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик «Токтогул» атындагы сыйлыктын лауреаты болсо, 2002-жылы «I даражадагы Манас» ордени менен сыйланган.

 

Филология илимдеринин кандидаты

Кадыркул Даутовдун  Б.Саргногоев жөнүндө “Акындын акындыгы” деген макаладан үзүндү:

Чоң акындык тагдыры бар, ыр үчүн туулуп, ыр үчүн жашаган нукура тубаса таланттардын бири Байдылда Сарногоев. Бул акындын өмүр жолу, ички рухий дүйнөсү, пендечилик жекече сапаттары канчалык жөнөкөй жана татаал болсо, поэзиясы да ошончолук жөнөкөй жана татаал, ошончолук оригиналдуу. Ага карата болгон жалпы окурмандар менен адистердин мамилеси да өзүнчө кызык, берилген баа, пикирлер акынды болуп туруп болбогондой, болбой туруп болгондой эле ойго келгис парадоксалдуу элестетет. Бир жагынан карасак, аны толук эл өзүнүн ак калпагындай эле ашкере таанып билет. Бардык катмарлардын өкүлдөрү — тоо башында кой жайган чабандан тартып лабораторияда иш жүргүзгөн химикке чейин, катардагы жумушчудан тартып инженер-механикке чейин, мектеп балдарынан тартып алтымыш ашкан пенсионерлерге чейин, адабият, искусство өкүлдөрүнөн тартып чарба жетекчилерине чейин жата калып окулат. Айылдык, райондук өздүк көркөм кружокторунун катышуучуларынан тартып филармония менен операнын профессионал ырчыларына чейин обонго салынган ырларын ырдашат. Акын поэтикалык тизимдери менен учкул сөздөрүнөн, же тамаша дептеринен эки сап жатка айтпаган кыргыз баласын табуу кыйын. Бир жагынан карасак, ушул күнгө чейин адабий чөйрө — жазуучу, сынчылар — тарабынан анын реалдуу баасы бериле элек. Кыргыз поэзиясында Б. Сарногоевдей акындын чыгып калыш закон ченемдери түшүндүрүлбөдү, ал эмне деген көрүнүш экендиги айтылбады, адабиятта ээлей турган орду көрсөтүлгөн жок. Айрым бир сын макалалар менен атайын баяндамаларда саналып өтчү дежурный тизмелерде гана атын атасак атайбыз, атабасак баягы раматылык Мидин айткандай «и другиенин» ичинде калат. Кээ бирөөлөр аны профессионал акын дешсе, айрымдар жазма адабияттын маданиятына жетпеген «фольклор акын», «ырчы акын» дешет. Эн кызыгы айрым акындык даңк-даража күткөндөр менен нечендеген «төкмөлөрдүн» ыр китептери беш-он жылдап магазиндерде жатса, Б.Сарногоевдин китептерин чыгып-чыкпай туруп талап кетишет. Мына быйыл эле жарык көргөн «Ашуудан берген отчёту» типографиялык боёгу кургап үлгүргөнгө жетпей заматта сатылып кеткенине өзүбүз күбө болдук. Аны канчалар издеп, сурап жүрүшөт азыр, нускасын көбөйтүп кайрадан бастырып бергиле деген каттар басмаканалар менен редакцияларга жаай баштады.

Ачык туюнтулган пикирлер мындай. Элүүнчү жылдардын аягы, алтымышынчы жылдардын башы ченде авторго карата жөндүү жана жөнсүз айтылган мактоолор менен сын-дооматтар болгон. Көкөлөткөнү да (Ш. Үмөталиев, К. Укаев) көө сүртмөкчү болгону да (М. Борбугулов) акын өзү куруп, жасай баштаган поэтикалык чарбагына  түркүн түс мөмө дарактын көчөттөрүн каяктардан алып келип отургузган, кандайча кыйыштырып, кантип жаңы түргө өткөргөн, баарынан да аларды кабыл ала турган кыртышты кандайча даярдап, кантип ыңгайлуу климат түзгөн, эми кантип азык берип өстүрүп жатат дегендей анын багбанчылык системасын туташ аңдаштырып карай алышкан эмес.

Кээси ошол түр жемиштүү бакчадан бир түп чилги киларсты көрүп алып, бул жемиш бүткөндүн паашасы (анын эрте бышканы үчүн эле), мөмөлүү дарактын баары ушундай болуш керек деген талап коюп чыкса, кээси тээ боз кыроодо бышып жетилчү кымыз алманы короо кезинде акын өзү айткандай «адегенде аткый тиштеп ачуусун, таттуулары такыр жок» деп кол шилтеп кете берген. Кыскасы, ар бир жемиш багынын өздүк табияты кылдат байкалып, кайсы түрү кайсы маалда мөмөсүн жетилтээри ажыратылып, алчасы алчадай, өрүгү өрүктөй, шабдаалысы шабдаалыдай, алмуруту алмуруттай, алмасы алмадай өз-өзүнчө бааланбай, баары бир түр жемиштин даам-татымы менен бааланган да, анан ошол бойдон калып калган.

Б. Сарногоевдин поэзиясы тууралуу өз учурунда калыс сөздүн айтылышы зарыл эле. Андай пикирдин сөзсүз керек экендиги бүгүнкү күндө дагы ачыгыраак, дагы күчтүүрөөк сезилгенсип жатат. Кеп акындын ысмы бөлөктөрдүн катарында мактоо тизмеден калбай окулуп же окулбай турганында эмес. Кеп  жалан  гана анын башкаларга  окшобогон  өзүнчө  оригиналдуу  талант экендигинде  деле  эмес.  Кеп  Б. Сарногоев  жараткан  көркөм  дүйнөнүн  тереңден  ар тараптуу каралбай  жатышы  менен  кошо  азыркы  кыргыз  поэзиясында  күн  тартибине  курч  коюлуп, чечүүгө  муктаж болуп турган көп маанилүү маселелердин айтылбай келатышында. Акындын поэзиясына карата түрдүүчө мамилелердин жашап турушу да, ушул убакка чейин адабий чөйрөдөн реалдуу сын-баасын ала электиги да ошого байланыштуу экендигинде. Эгерде автордун поэтикалык дүйнөсүнө кирүүгө туура ачкыч таба алсак, аны туура аңдаштырып баратып, бир эле учурда ошол айтылбай келет деген көп түйүндүү маселелерди кошо чечмелеп чыгууга шарт түзүлө тургандыгында. Б. Сарногоевдин поэзиясы өзүнчө көрүнүш болгону менен өзүнчө обочолонуп түшүндүрүлбөйт жана кыргыз поэзиясында табигый түрдө эркин өздөштүрүлүп жаткан айрым бир өзгөчө сапаттык жаңы белгилерди Б. Сарногоевдин гана мисалында жакшы көрсөтүүгө болот. Конкреттүү айтсак, фольклор менен ырчылар поэзиянын нускалуу салттарын профессионал поэзия менен орус жана дүйнөлүк синтездеп чыгуудан келип өзүнчө Сарногоевдин поэзиясы — поэзиянын салттарына кыябын келтирип жалгаштырып, анын жаралышы; адабиятка чоңбу чаканбы өз мектебин, менчик салтын түзүү деген эмне экени; акынга акындык тагдыр күтүү кай себептен керектиги жана ал жазуучулук өнөрдө неликтен башкы маселе экендиги; чындыкты өзүнчө ачкан, өзүнүн личностту, биографиясы, тагдыры чыгармаларында катышып ыр саптарынын арасынан башбагып көрүнүп турган оригиналдуу акын менен бирөөлөрдүн китебинен китеп, ырынан ыр жазган, жекече жүзү, өз сөзү поэтикалык саптарына түшпөгөн, сабаттуу жазмакер акындын айырмасын көрүү; көркөм сөз өнөрүнүн бийик үлгүсү — классикалык жөнөкөйлүккө жетишүү деген эмне экени; кайталангыс улуттук колоритке ээ болчу; мурда эч качан жана эч бир акындын чыгармачылыгында бул даражага жетип көрүнбөгөн күчтүү юморду жаратуу; нукура жандуу элдик тилдин стихиясына кире билүү; көркөм песня жанрына өмүр берүү өзгөчөлүгү сыяктуу сапаттар акындын поэзиясында үлгү катары коёрлук даражага көтөрүлгөн.

 

Жарык көргөн китептери

Кыргыз тилинде

• Шумкар: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 87 б.

• Досторума: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 152 б.

• Бала мерген: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 42 б.

• Баяс: Ыр менен жазылган повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 123 б.

• Жокен. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 16 б.

• Ак калпак: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 188 б.

• Тоолор жана тоолуктар: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1966 – 179 б.

• Үзүлбөгөн үмүттөр: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1968. – 124 б.

• Сүйлөшүү: Ырлар, поэмалар, термелер. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 167 б.

• Менин батпас күнүм: Ырлар, поэмалар, котормолор. – Ф.: Мектеп, 1972. – 142 б.

• Тандалган чыгармалар: Ырлар менен поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 316 б.

• Тандалган чыгармалар: Ырлар менен поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 314 б.

• Ашуудан берген отчетум: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 240 б.

• Таалай өлбөйт: Поэмалар, ырлар. – Ф.: Мектеп, 1982. – 124 б.

• Ашуудан берген отчетум: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 239 б.; 1984. – 300 б.; 1989.

Орус тилинде

• Баяс: Стихи и поэма. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 142 с.

• Горячее озеро: Стихи. – М.: Мол. гвардия, 1958. – 149 с.

• Гнездо сокола: Стихи, поэма. – М.: Советский писатель, 1987 – 107 с.

• Эхо в зрачках: Стихи, поэмы – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 164 с.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №88



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru