Айбат » Философ Аполлоний Тианский өлгөндөрдү тирилтчү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Философ Аполлоний Тианский өлгөндөрдү тирилтчү

Апполоний ТианскийБиздин замандын биринчи кылымында жашаган гректердин белгилүү ойчулу Аполлоний Тианский сырдуу адам болгон. Анын замандаштарынын айтуусунда, Аполлоний оокаттарды, буюмдарды же адамдарды ордунан жок кылып кайра пайда кыла алчу экен.  Андан сырткары келечекте эмне күтүп турганын айтып, өлгөндөрдү тирилте алган касиетке да ээ болуптур. Жөн жеринен дүйнөнүн мен күчтүү деген көзү ачыктары коркпосо керек.

Аполлонийдин кичине кезинен эле башкача ойлонуп, өзү курдуу балдардан башкача экендиги байкала баштаган. Ал өзү абдан сулуу жигит болсо дагы, башкаларчылап бош убактысын кыздарга коротпостон, акылман, даанышман, аалымдар менен пикир алмашып отурганды жактырчу экен. Ойчулдар менен отуруп, Аристотель, Платондун эмгектерин үйрөнчү. Эттен жасалган тамактарды жана балыкты жечү эмес экен.

Өзүнүн айланасындагы адамдарды өзүнүн көз боемочулугу менен абдан таң калтырып,тамактанып жаткан элдердин көңүлүн өзүнө бурдурчу. Мисалы тамактанып жатканда идиштерди өзүнөн өзүн жылдырып, тамактарды үстөлгө өзү келип кала турган кылып салганда, Аполлонийдин жанына үймөлөктөшүп калышчу тура. Анан дагы таштан жасалган айкелдердин турушун өзгөртүп койчу экен.

Бир жолу ал жолдо кетип бара жатса, кыз каза болуп тажиясы болуп жатыптыр. Жакындарынын көздөрүнөн жаш мөлтүлдөп жатканын көрүп боору ооруган Аполлоне сөөктү жерге койгула, мен силердин көз жашыңарды тыям дептир. Таң калган эл көтөрүп бара жаткан кыздын жансыз денесин жерге койгондо Аполоне бир нерселерди сүйлөп, кыздын колун кармаганда каза болгон кызга жан кирген дейт.

Дагы бир жоругуна кеп сала турган болсок, ал бир жерде туруп, экинчи бир жерге кайып болуп учуп жетип калган экен. бир жолу Эфеске барышым керек деп туруп бир секунддун ичинде Эфесте болуп калыптыр. Римдиктер аны көрө албай, көз боемочу. Өлкөнү саткан саткын деп соттомой болушат. Сот залына келип ага карата тагылган күнөө жазылган баракты ачса эле баягы жазылган айыптар жок таза барак болуп калыптыр. Апполонийдин жанында хрусталь ташы дайыма жүргөн. Ал таш менен оорулууларды сакайтып жүрчү.

Айбат гезити №88




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru