Айбат » Индиялыктар эмнеге жыландан коркушпайт?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Индиялыктар эмнеге жыландан коркушпайт?

Индус жана кобралар

Жылан, анан дагы уулуу жылан ар бир адамдын жүрөгүнүн үшүн алат. А Индияда болсо эң уулу жылан Падыша кобрасы. Ошентсе да ал кобра алардын каада-салтынын символу катары каралат. Элдер аталган кобрадан коркмок түгүл, анын атына жылына атайын майрам уюштурушат. Жылан баккандардын көрсөткөн шоусу ал күнү элдин кызыгуусун арттырат. Жыландын тилин билгендер жыландарды ар кандай ойнотушат. Бири шапкесин чечтирсе, экинчиси куйругун кармап, башын өйдө каратат. Бул көргөзүүсү аяктаган соң, жыландарга жаңгак берип кайдан алып келсе, ошол жакка алып барышат. Индиялыктар болсо кобра аларга зыян алып келет деп коркушпайт. Ал абдан уулуу болсо дагы статистика боюнча кобранын чагуусунан адамдар аз өлүшөт. Анын уусу пилди да өлтүрүп кое алат. Ал эми кобрадан башка уулуу жыландардын чагуусунан жылына 50 миң киши бул жашоо менен кош айтышат. Эмнеге Падыша кобрасы адамдарды өлтүрбөйт десеңиз, ал болгону адамдарды коркутуп гана коет. Ал эми уусун өзүнүн жей турган тамагына калтырат. Индиялыктардын айтуусунда Падыша кобрасы гана алардын мантрасынын тилин түшүнгөн акылдуу жаныбар.

Айбат гезити №88



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru