Айбат » Кыргыздын оюндары

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Маданият » Кыргыздын оюндары

Кыз куумай

Ак чөлмөк.

Айлуу түндө балдар эки тарап болуп бир жерди белгилеп, бир нерсе коёт: таш, чапан жана башка; андан бир тарап бир карыштай жыгачты (ак чөлмөк) алып, ыргытып жиберет. Аны издеп таап алып кайсы тарап болсо да, колунан тарттырбай алып келип таштаса, бир упай алган болуп эсептелет. Ошентип ойной берет. Ким паттеге (белгиленген жерге) алыс таштаса, ошол тарапты көп таштаганы эшек кылып минет. Ак чөлмөктөп ыргытып, ошого жеткиче айдай берет (минип барат).

 

Жоолук таштамай.

Балдар канча болсо ошончосу  тегерете отурат. Ал балдардын арасынан кызбы, эркекпи жоолугун эшип алып олтурган балдардын аркасы менен кыдырата басып келе жатып, жоолугун бир баланын аркасына эч кимге билгизбей таштап коёт. Анын таштаганын билбей калса, дагы айланып басып келип жоолук ташталган баланы жоолукту ала коюп сабап калат. Эгерде, артына жоолук таштаганын байкап калса, ал (бала, же кыз) тура калып, таштап кеткенди (бала, же кызды) кууп жөнөйт. Качкан бала ордуна отурганча кууп жетсе, жоолук менен чабат. Жетпей калса, тегерете айланып жоолукту таштап оюнду улантат.

 

Ак терек, көк терек

Ак терек, көк терек-балдардын оюну. Чогулган балдар, кыздар акты-каралы болуп эки тарапка бөлүнүп, маңдай тескей эки бөлөк тизилип, бири-биринин колдорун бекем кармашат. Тутум боюнча оюн баштоого укук алган тарап жапырт үн менен:

– Ак терек, көк терек, бизден сизге ким керек, – дешет.

Экинчи тарап бир баланын же кыздын атын аташат. Аты аталган бала жүгүрүп келип, каршы тарапта кол кармашып тургандардын бош же алсыз деген жеринен үзүп кетүүгө аракеттенет. Кол кармашып тургандардын колун бөлө албай калса, өзү ошол тарапка кошулат. Эгерде, кармашып турган колду бөлүп кетсе, бөлүнгөн балдардын бир тобун өз тарабына кошуп алат.

Ушундай эле аракетти экинчи тарап жасайт. Белгиленген убакыт бүткөндө кайсы тараптын балдарынын саны көп болсо, ошол тарап уткан болот.

 

Аркан тартыш

Аркан тартыш- эки тараптан бирдей санда чыккан балдар же жигиттер белгиленген сызыктын эки жагына чубай турушуп, баары бир арканды кармашып, бирдей мезгилде өз тарабын көздөй тартышкан мелдеш оюну. Калыс адам белги берери  менен аркан тартыш башталат. Каршысындагы оюнчулардын алдыңкысын белгиленген чек сызыктан өткөрө тартса, сүйрөп кеткен тарап утат. Мындай оюн күрөш, бука тартыш, оодарыш сыяктуу чоң жыйындарда, тойлордо, аштарда өткөрүлгөн. Азыр деле өткөрүлүүдө. Кээ бирде арканды жекеме-жеке да тартышат.

 

Беш таш

Беш таш, же топ таш – жаш балдардын, көбүнчө кыздардын чакмакка окшогон оюну. Аны ойногонго экиден көбүрөөк балдар катышат. Оюнга катышкандардын бир тарабынан бирөө колундагы таштарды жерге чачат. Арасынан бир ташты алып аны жогору ыргытып, ал жогортон келгенче жерден бир таш алып ыргытылган ташын тозуп алат. Жыдыбай жердеги төртөөнү бирден алып, оюнун улантып, экиден, үчтөн, акыры төртөөнү чогуу бир жолу алып утат. Эгер макулдашуу узак ойноо болсо, беш ташты көкөлөтө акырын ыргытып, анын бирөөсүн колунун сыртына тозуп, анан аны кайра жогору ыргытып, ташты ыргыткан колунун алаканы менен тозуп алат. Жерге түшкөн таштарды сол колунун бармак, сөөмөйүн жерге такап, экөөнү алдынан өткөрө бирден шилтейт. Жыдыбай баарын өткөрсө, оюнун улап экиден, үчтөн, акыры төртөөнү бир шилеп өткөрөт. Жыдыса, оюнду атаандашынын кезектегисине берет.

 

ЖашынмакЖашынмак

Жашынмак дагы жаш балдардын, кыздардын оюну болот. Эки бөлүнүп ойнойт. Жашынмак деген оюндун түрү мындай болот. Балдар эки бөлүнүп алып чөп жашырышат, чөптү таап алса, берки жагы жашырууга камынат. Анда жашынбаган тарап бир жерге топтолуп эки жакты карабай тура беришет. Тиги жашынуучулар эң бир байкоосуз жерлерди ойлонуп таап алып жашынат.

Мисалы, жыйнаган отундун, чөптүн араларына далдаланып кирип калышат. Же болбосо жардын түбү, терек, тал, карагайдын бутактарынын арасына чыгып барып далдаланып отуруп калышат. Же чыгдандын ичине, тактанын алдына, жүктүн бурчуна жатып калат. Мындай жерлерден таап алууга болот. Анан эң бир кыраакы балдар аялдын, кыздын кийимин кийе коюп, элдин катарынан орун алып отуруп же жумуш кылып казан-аяк жакта кызмат кылган болуп жүрө берет. Аларды өтө кыраакы балдар болуп таап албаса, жакында таап алууга болбойт.

Ошентип жашынган балдарды балдар таап алса, кайра жашынтат. Эгер таап ала албай калса, берки балдар атынан айтып чакырганда бир тай, бир тай деп туруп келет. Анда берки тарабы жашынат. Аларды таап алса, бир тай деген балдар уткан болот. Эгер таап ала албаса, алар дагы бир тай, бир тай деп келип эч кимиси утпаган болот. Жашынмакта байге болбойт. Кылдат жашынып таптырбай койгону гана кыйын кыраакы, эстүү бала экен делип калат.

 

Качма топ

Качма топ – балдар оюну. Балдар эки топко бөлүнүшүп таяк кармашып, кайсы топтун өкүлү анын эң учун кармаса, оюнду баштап, топту чабуу укугун алат. Топ тоскон тараптагылардын бирөө оюнчуларга топ салып берип турат. Калгандары топту  тозуп, белгиленген чекке (30-50 м) чуркап бара жаткан балдарды топ менен урушат. Чабылган топту жерге түшүрбөй тозуп же качып бара жаткан балдарды урганда тийгизсе, алар тарап оюнду жеңген болот. Эгер өнөктөштөрдүн бары топту бирден чаап бүтүп, эң акырында калган бала топту үч жолу удаа чапканга чейин аркы чекке барып кайткан бала жок болсо, ал тарап утулган болот. Оюнчулардын кезеги алмашылып, экинчи тарап топ чабууга келет.

 

Таламай

Таламай деген оюн мындай болот. Бир топ бала чогулуп алып бир чүкөнү, же бир саканы хан деп коёт. Ал ханга кошуп көп чүкөнү калчашат. Ал чүкөнү калчаган бала эки бүгө, эки чиге, эки таа, эки алчы болсо бирин-бирине атып ала берет. Ал бала атып жатып тийгизе албай же башка чүкөлөргө тийгизип койсо жыдып калат. Жана калчаган бала дагы ошондой тартип менен ала берет. Баякы атып жаткан балдар ханча чүкө атса дагы өзүмдүк кылып ала беришет. Хан атып алганы байып калгандай болуп турат. Кайсы бир бала жалгыз чүкөнү да атып ала албай тура берет. Эгерде хан алчы түшсө, алчы менен атып алат, таа түшсө таа менен, бүгө түшсө бүгө менен, чиге түшсө чиге менен атып ала берет. Ханды хандай учурда атып алса да боло берет. Чүкө атып олтуруп баардыгы бүткөндөн кийин ар бир бала чүкөлөрүн санап көрүп, эң аз чүкө алып калган баланын чүкөсүнө өлчөп салып калчашат. Анда ханды атып алган бала ханды жолдошу менен чүкөнүн санатынан башка кылып салат. Калчашаарда анда такыр чүкө албай калган бала оюнга кирбей гана томсоруп олтура берет. Берки чүкө алган балдар калчашып жатканда хан таа түшүп калса, сак болуп турган балдар жалпы эле чачылып жаткан чүкөнү талап киришет. Анда кай бирлери көбүн талап алып коёт. Баякы чүкөнү көп атып алган дагы көп талап алып байып калат. Кээ бир балдар ошол хан талашмайда дагы жакшы талап ала албай куру калат.

Ошентип баякы көп чүкөнүн барын кайсы бала алса, ошол бала уткан болуп эсептелип, берки балдардан кош камчы, төө матек окшогон сайган байгесин балдардан алып көтөрүлүп калат. Хандын алчы, бүгө, чиге түшкөнү жай оюн болуп атып ойноло берет. Анда ханды атып алган бала ханды жолдошу менен чүкөнүн сапатынан башка таа түшүп калганда гана талашакей болуп, балдарды тытыштырып салат. Хандын таа түшкөнү жаңылганы деп билинет.

Айбат гезити №88




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru