Айбат » Териңизге жылдыздар жардам берет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Териңизге жылдыздар жардам берет

Жылдыздар

Жылдыздар адамдардын тагдырына эле эмес , терисинин да абалына таасирин тийгизет. Ошентип жылдыздар териңизди кантип күтүшүңүз керектиги тууралуу кеңеш берет.

Өзүңүздү зодиактын кайсы белгисинде төрөлгөнүңүздү  аныктагыңыз да  териңизди кантип күтүүнү билип алыңыз.

КОЙ

Бул белгинин астында төрөлгөндөрдүн  териси  сезгич.  Тез  ириңдеп, кабылдап кетет. Алар бетиндеги  бүдүрлөрдү  сыгып чыгарам деп жатьп   жүзүн  тактарга  толтуруп алат. Бул  адамдар төмөнкүдөй маска жасаш керек.

• Терини нымдаштыруу  үчүн – помидор, кулпунай  жана сабизден;

• Тазалоодо – айран, сметана пайдаланса болот. Теринин  А. В  витаминдери  бар  алоэнин  согунан жасалган крем  менен  азыктандыруу  керек.

 БУКАЧАР

Бул белгиде төрөлгөндөрдүн алсыз  жери–моюн.  Аялдардын  мойну  аллергияга  жана  тердеп кетүүгө  жакын.  Букачарлар  бадыраң, сабиз, бананга  сливка  майын кошуп нымдаштыруучу маска жасаса, жакшы болот. Буларга  деңиз тузу да жакшы таасир этет. Терчилдикти азайтуу  үчүн чай, шалфей, эмендин кабыгынан жасалган тундурма пайдалуу. Моюнга жумасына бир ысык андан кийин суук компресс жасаган да пайдалуу.

ЭГИЗДЕР

Эгиздер колдун, ийиндин терисине көбүрөөк көңүл бурганы оң. Бул жердеги  терилер кургактыктан  жарыла берет.  Инжир, алма, помидордон маска жасап нымдаштырса, жумуртка, быштак, ачыткы менен азыктандырса болот.

БӨЙӨН

Бул белгидегилерге физиотерапия жана массаж  пайдалуу. Суу чаяндар суукка ото сезгич келип, аллергияга тез алынат. Буларга деңиз тузу жана ак кайындын жалбырагы менен ванна кылуу пайдалуу.

АРСТАН

Арстандар кайраттуу адамдар. Терилери күнгө  сезимтал. Ошондуктан булар ачык күйбөшү керек.  Дарбыз, банан, картофелдин маскасы нымдаштырууга жакшы болсо, азыктандырууда кокос сүтү, миндалдуу  крем  пайдаланганы  жакшы.

БИЙКЕЧ

Селкилер алма, земляника, геркулестен маска жасап  этти азыраак жеп, вегетариандык диета сактаганы терисине жакшы таасир берет.

ТАРАЗА

Көздүн айланасындагы териге көп көңүл  бурушу  керек.  Деңиз минералдарын пайдаланып маска жасаса, миндалдуу крем сүйкөнсө жана минералдык суу менен жуунса натыйжа жакшы болот. Шабдаалы, бадыраң  менен маска жасаса да болот.

ЧАЯН

Булар учу агарган майда бүдүрчөлөрдөн көбүнчө азап тартышат. Ошондуктан чаяндар кара карагат,  беле  менен  жуунганы,  алма,  кара  өрүктөн нымдаштыруучу маска жасаганы, быштак, каймак, жумуртка менен азыктандырганы оң.

ЖААЧЫ

Булардын  негизги көйгөйү – терисинин  майлуулугу.  Петрушка,  мама-каймактын тундурмасы жуунганга  бадыраң, жүзүм, баклажандан нымдаштыруучу маска жасап, эмендин кабыгынан жасалган  экстракты тазалоого пайдаланса болот.

ТЕКЕЧЕР

Жуунганга  кайнатылган же минералдык  сууну пайдаланган  оң. Капустадан, жумуртканын сарысынан, шпинаттан маска жасаганы жакшы.

СУУ КУЯР

Бал, апельсин, инжир жана бийден нымдаштыруучу масканы жана деңиз минералын тазалоо үчүн пайдаланганы оң. Жаңгак миндаль, Б жана Д витамини бар кремди сүйкөгөнү жакшы.

БАЛЫК

Терисин сабиз, бадыраң, жүзүм жакшы нымдаштырса, деңиз минералдары-тазалайт. Чекиттүү массаж пайдалуу.

Айбат гезити №88



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru