Айбат » Оппозиция кризисте

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Оппозиция кризисте

Жээнбеков ТашиевКоомдук биринчи канал аркылуу көрсөтүлүүчү «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүнүн кезектеги көрсөтүүсүнө тилдеринен чаң чыккан үч саясатчы – Адахан Мадумаров, Равшан Жээнбеков жана Камчыбек Ташиев катышты.

А.Мадумаровду кызматка кетип, бийликке сатылып кетти деп сайрап жүргөн саясатчылар негедир бет маңдай келишкенде бул тууралуу бир ооз да сөз айтканга жарашпады. Тескерисинче ар дайым эле: «Биз элдин кызыкчылыгы үчүн чуркап атабыз, күйүп атабыз» деп кыйкырып келе атышкан Равшан Бабырбекович менен Камчыбек Кыдыршаевичти Адахан мырза акырын эле тилдин учу менен «катыгын» бергендей болду.

«Кимиси айтпасын, бул жерде сүйлөшүп аткан сөздөрдүн баары жалган. Эптеп эле бирин-бири көзүн боёп, алдамай.  «Мен сени сыйлайм, мен сени сыйлайм» дегендер болбогон сөз. Ички жалган сезимдер. «Биз эл үчүн жүрүп атабыз» деп кыйкырып аткандардын деле өздөрүнүн кандайдыр бир эсеп-кысаптары бар. Элдин башын айландырмай эле маселе, кызылдай калп» деген А.Мадумаров береги эки азаматты кебез менен «сойгондой» кылды.

Ал мындай пикирин билдиргенге чейин Ташиев менен Жээнбеков экөө бири-биринин чечимдерин сыйлайбыз дешип, кадимки саясатчылардын позициясын карманып атышкан. Мадумаров минтип айтканда экөө «лам» деп ооз ача албай, күлүп гана тим болушту. Ал эми Камчыбек мырзанын жалпы кыргыз журтчулугунан кечирим сурап «НТС» телеканалы аркылуу берген маеги тууралуу Адахан мырза төмөндөгүдөй оюн айтты: «Оппозиция болобу, позиция болобу, туруктуулукту жакшы көрөм. Кыйшаңдап эле ары-бери секирип, бүгүн ыңгайы келсе башкача айтып, бүрсүгүнү башкача айтып жүргөндөрдөн Кудай сактасын. Ташиевдин чечим кабыл алганы жаңылык эмес. Кыргыз саясатчыларында бул дээрлик жаңылык эмес».

Ташиев Равшан Жээнбеков аны Улуттук оппозициялык кыймылдан чыгарып койгонуна нааразы эмес экендигин билдиргени менен көрсөтүүнүн аягында аны акырын кыйытып согуп өттү: «Коркок ит катуу үрөт деп коёт. Андыктан жөн эле катуу кыйкырып аткандар артында кандайдыр бир коркок билиши барлар. Акаев маалында, Бакиев маалында ким эмнелерди саткандыгын жалпы эл билет» деди Камчыбек мырза. Ырасында эле бул айткандары түптүз келип Равшан мырзага тийгендей болду. Себеби ал Акаев маалында Мамлекеттик мүлк министрлигин жетектеп туруп, 300дөн ашуун мамлекеттик объектилерди текейден арзан баада сатып жибергендигин жакшы билебиз. Мына ушундан улам ал Ташиев айтмакчы, «коркок ит катуу үрөт» болуп жаткандыр…

 “Айбат пресс”

Айбат гезити №89



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru