Айбат » Бардыгына күнөөлү болгон “Бук” же болбосо өлүктөргө тамактын эмне кереги бар…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү, Негизги » Бардыгына күнөөлү болгон “Бук” же болбосо өлүктөргө тамактын эмне кереги бар…

Бук17-июль күнү, Россия чек арасынан 50 чакырым аралыкта турган Украинанын Донецк облусунда, Malaysia Airlines авиакомпаниясынын Амстердам – Куала-Лумпур каттамы менен учуп бара жаткан 2H6ER рейсиндеги жарандык Boeing-777 учагы кыйраган. Авиакатастрофада бардык 283 жүр- гүнчү жана экипаждын 15 адамы каза тапкан. Бардык компетенттүү эксперттердин жана баш- ка тараптардын айтуусунда, жарандык учак, Донецк же Торез шаарына жакын дислокация- ланган “Бук-М1” үлгүсүндөгү зениттик ракета комплекси менен атып түшүрүлгөн. Украина бий- лиги “Боингдин” кулашына донецктин жикчилери күнөөлү десе, алар тескеринче – украиналык ас- керлерди күнөөлөшүүдө.

Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча Донецкте 15,16 жана 17-июлда “Буктун” комплексине кирген “Купол” радиолокациялык станциясынын ишмердүүлүгү байкалган. Андан тышкары бул техниканын жайгашкан жерин жана дислокациялык позициясын которуп турганын тартып алган спутниктерден сүрөттөр алынды. Тактап айтканда орус аскерлери 15-июлда жети “Купол” станциясын, 16-июлда – сегиз, 17-июлда – тогуз станция ишмердүүлүк кылганын байкашкан. 18-июлдан баштап ишмердүүлүк жүр- гүзүп жаткан “Бук” комплексинин радиолокация- лык станцияларынын саны үчкө чейин азайды.

“Бук” комплекси учуп бара жаткан объект “учак”, “вертолет” же “баллистикалык ракета” классында жана кайсы мамлекеттики экенин так аныктай алат. Атылган ракета 70 пайыз коюлган багытына жетет. Комплекс командалык пункт жана радары менен биргеликте 25 миң метр бийиктиктеги жана 45 чакырым аралыктагы абадагы объектти таамай ата алат. Бул модернизацияланган “Бук” жана бул көрсөткүчтөр ар кандай шарттарга көз каранды.

Малайзиялык “Боингди” дал ушул комплекстин ракетасы кыйратты деген талаш-тартышуулар тынчый элек. Бирок бул чындык экенин, кызык- тар болгон бардык мамлекеттердин өкүлдөрү дыкааттык менен жүргүзгөн тергөөлөрдөн кийин айтууга болот. Учак чынында “Бук” менен кыйра- тылганын, анын корпусуна тийген ракетанын кал- тырган изинен жана бир эмес бир нече мамлекет- тердин байкоо системаларынын маалыматтарын объективдүү карап, изилдөө жүргүзүп билсе болот. Азыркы тапта малайзиялык,голландиялык, укра- иналык жана россиялык эксперттер чогулуп, бул кырдаалдын баардык жактарын карап чыкканы Фарнбородо чогулуп жатышат.

Бук_инфографика

Бул рейс абдан табышмактуу болууда:

1. Жарандар өлүк жыттанып турган.

2. Бир жерден табылган жарандардын паспорт- тору жаңы жана бардыгында “метка” коюлган.

3. Барынан кызыгы бул, 8 сааттан ашык убакыт уча турган, 300 жүргүнчүсү менен рейсте бир дагы тамак-аш болгон эмес.

Ушулардан улам бул каргашалуу учактын катас- трофага учурашын алдын ала билишкенби деген ойлор келбей койбойт…

Бетти даярдап жасаган Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №88



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru