Айбат » Рейс №17: Боинг 777 Амстердамдан Куала-Лумпурга…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Рейс №17: Боинг 777 Амстердамдан Куала-Лумпурга…

24_КыргызстанУкраинадагы Malaysia Airlines авиалайнеринин катастрофасы- нан кийин, реалдуу убакытта асмандагы учактардын жайын көргөзүп берген Flightradar24 колдонмосунун колдонуучулары кескин көбөйдү. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги маалымдайт.

Боинг-777Бул колдонмо буга чейин авиациянын энтузиасттары жана бул тармактын профессионалдары үчүн гана кызык болуп келген. Ал эми азыр сайттын трафиги 50 эсе чоңойду. “Сайт “какап” калбашы үчүн, кээбир сервистерди өчүрүүгө туура келди” – дейт, Flightradar24 долбоорунун генералдык директору Фредерик Линдал. Анын айтымында “Исландиядагы вулкандын атылышы Flightradar24 сервисине чоң кызыгууну жараткан, бирок Украинадагы катастрофадан кийин биздин атактуулук туу- чокуга жетип турат” – дейт.

Flightradar24 колдонмосунун бекер жана сатып алма версиялары бар, жана Apple’дин App Store АКШ, Германия жана Нидерланды- дагы дүкөндөрүндө колдонмолордун атактуулугу боюнча эң жо- горкулардын катарында турат.

Bloomberg агенттиги белгилегендей, бул колдонмонун атактуулугу, Украинадагы учактын кыйрашы тууралуу маалыматтын аз жана так эместигинен келип чыкты. Колдонмодогу маалыматтар боюнча башка авиа компаниялардын учактары, кыйраган учак- тын жолуна түшпөй, айланып, кээ бирлери жакын да жолобой учушкан.

Долбоор эки швед авиаторлорунун хоббисинен 2006-жылы келип чыккан. Линдалдын айтуусу боюнча компанияда азыр деле бол- гону 12 киши иштейт, анткени сервис толугу менен автоматташ- тырылган. Учактардын маршрутун контролдоо үчүн 4000 кабыл алуучу аппарат колдонулат. Сыртынан бул кичинекей кутуча жана үйдүн чатырына эле жайгаштырып койсо болот. Көрүнбөй калчу “кара тактарды” азайтуу үчүн эң алыскы Гренландия, жада калса Атлантика деңизиндеги кичинекей Фернанду-ди-Норонья ара- лына да жайгаштырылган.

24com

Flightradar24 негиздөөчүлөрүнө таандык, бирок Линдалга, сер- висти сатып алуу тууралуу чоң инвестициялык компаниялардан сунуштар тез-тезден эле келип турат.

Авиакатастрофа Боинг

Бетти даярдап жасаган Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №88




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru