Айбат » Ташиев дагы «айныды»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ташиев дагы «айныды»

Ташиев Камчыбек

Кадимки Чыңгызхандын «урпагы» Камчыбек Ташиев «айнып» баратканбы деп калдык. 2012-жылдын 3-октябрында Ак үйдүн кашаасынан секирип түшкөнүн таңып, жумушка шашып бараттым эле деп бир жолу «тантыды» эле, эми өгүнүн «НТС» телеканалына курган маегинен кийин дароо позициясын өзгөртүп жатыр.

Ал ошол маегинде ыйык Рамазан айында бардыгынан, анын ичинде бийликтен кечирим сурарын, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылууга даяр экендигин билдирген эле. Ошондой эле Ак үйдүн тосмосунан ашып түшкөнү туура эмес болуп калганын жашырган эмес.

«Ап, ба-али-и, акылына келген экен» деп ичибизден тынып калганбыз. Жаңылышыптырбыз. Кайран Камчыкебиз кайрадан оппозициялык багытынан тайбай тургандыгын ачыкка чыгарыптыр. Улуттук оппозициялык кыймылдын (УОК) лидери Равшан Жээнбеков жергиликтүү агенттиктердин бирине курган маегинде «Ата журт» партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолукканын, ал оппозицияда каларын айтканын жарыялады. «Бирок биз Ташиевди УОКко азырынча кошпойбуз. Ал өзүн конкреттүү кадамдары менен көрсөтүшү керек» дейт Р.Жээнбеков.

«Жигит бир сүйлөйт» дейт элибизде. Ал эми К.Ташиев бүгүн сүйлөгөнүн эртең кашайтып туруп таңганды адатка айландырып алды. Мындан улам, 2011-жылдагы президенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын төрагасы Адахан Мадумаровдун жазмакерлери Камчыбек Кыдыршаевичти «район деңгээлиндеги лидер» деп жазганы эске түшөт. Саясатта «какбаш» болуп бүткөн Адахан Кимсанбаевич бекеринен Ташиевге мындай «жогорку» баасын берген эмес тура…

Айбат гезити №89




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru