Айбат » Иштегенге мээнин күчү, сындаганга беттин калыңдыгы керекпи?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Иштегенге мээнин күчү, сындаганга беттин калыңдыгы керекпи?

Минюст КР«Атың чыкпаса жер өрттө» тегин жерден жаралбаганын турмуш аке эчен ирет далилдеген. Бул жолу аны мурдагы Юстиция министри, канкор президент Курманбек Бакиевдин камчы чабарларынын бири Марат Кайыпов даана тастыктап отурат. «Ишенген кожосу сууга агып», тактап айтканда, жүзгө чукул жаранды окко учуруп, дагы жүздөгөнүн майып кылып туруп Минскиге качып кеткенден кийин кимге барып, кимдин этегин кармаарын билбей жүргөн Кайыповго акыркы учурларда «тил бүтө» баштады. Болбосо апрель окуясында 100гө чукул баланын шейит кетишине, жүздөгөн мекендештерибиздин жаракат алышына моралдык болсо дагы күнөөсү бар экендигин тымызын сезгенби, айтор, революциядан кийинки алгачкы 2-3 жылда коңулга кирип кетип, үн чыгара албай жаткан болчу. Убакыт деген нерсе бардыгын унуткарат деген чын окшобойбу, минтип төрт жыл өткөн соң кайрадан баш көтөрө баштады. Болгондо бийлик төбөлдөрүнө тийишкенине не дейсиң! «Укмуштуунун төөсү жорго» деген ушул да, тилде сөөк жоктугунан пайдаланып, каалагандай бура берсе жараша берет турбайбы?

Биз анын сындап аткан ой-пикирлерине токтолбой эле коелу. Себеби, Марат Кайыпов мындай сындары менен эч кандай жаңылык деле киргизген эмес экен. Баягыдай эле: «Бийлик өзүнүн оппоненттерин каматып жатат, бийлик иштебей жатат» деген өңдүү жалпылаштырылган курулай сындар. Ушундай сын айтаардан мурда Марат Кайыпов адегенде өзүнүн эмгек жолуна жакшылап баам салып алса жакшы болмок экен. Алыс кетпей Бакиевдин тушунда анын ичи-койнуна кирип атып, Юстиция министрлигин басып жыгылган мезгилине токтололу. Азыркы күнгө чейин аны менен ошол мезгилде чогуу иштегендер Марат мырзанын министрликте бир жарытылуу иш жасабаганын айтышат. Министрликтин ишин алдыга жылдыруунун ордуна эртеден кече эки аял алууну мыйзамдаштыруу керек деп көрүнгөн телеканалдарга, гезиттерге маек берип эле чуркап жүргөнүн билчүбүз. Анын мындай «мамлекеттик деңгээлдеги» демилгеси кыргыздын аялзатынын укугун тебелеп, басынтып жатканы менен иши жок, барган жеринин баарында сүйлөгөн сөзүнүн бири ушул болчу. Кыскача айтканда кыргыздын эркектерине экиден аял алып берип койсок эле, мамлекетибиз гүлдөп-өнүгүп, экономикабыз көтөрүлүп кете тургандай бапылдап жүргөн. Андан башка бир дагы олуттуу маселе көтөрүп чыкканын көргөн жокпуз. Көрсө минтип «безилдеп» калганынын сыры башка жакта экендиги кийин билинбедиби? Өзүн жөлөп-таяп атып эптеп министрлик кызматка отургузуп койгондугу үчүн КурСалиевичке кантип ыраазычылык билдирээрин билбестен анын «көрөөр көзүн» мыйзамдаштырып берип койгусу келген экен. Жалгыз «кожоюунуна» жагынам деп бүтүндөй кыргыз аялзатынын каарына калган Марат мырза эми саясат тууралуу ооз ачпай эле шүк отурса туура болмок. Же өзүнүн бир олуттуу жасаган иши жок адамдар деле кимдир-бирөөнү сындай берсе болобу? Ал үчүн бет аябай калың болуш керек болсо керек ээ, Марат мырза?..

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №89




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru