Айбат » Көп аялдуулукту мыйзамдаштыргысы келген «гениалдуу» Марат Таштанович дегенде…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Көп аялдуулукту мыйзамдаштыргысы келген «гениалдуу» Марат Таштанович дегенде…

Марат КайыповАргасыздан «Сынчынын сыңар өтүгү майрык» макалы эске түшөт. Бул макал мурдагы юстиция министри Марат Кайыповдун бейнесине куп жарашып калганын айтпайсыңбы! Дегенибиз, ал жакынкы мезгилде кадимкидей «тирилип», бийликке сүйкөнмөйүн баштады. Ак үй менен Көк үйдүн короосуна кимдер гана таш ыргытпаган, сындаса сындасын, ага эч кусаматыбыз жок. Бирок, юстиция министри кезинде эки аял алууну мыйзамдаштыруу демилгесин көтөргөн Марат Таштановичтин конкретүү аргументтер менен эмес, көчөдөгү эже-карындаштарча «алкынганы» көзгө комсоо көрүнөт экен.

Марат мырзанын бийликке кантип «сүйкөнгөнүнө» токтолуп отурбайлы. Ал министр кезинде эки аял алууну мыйзамдаштыруу демилгесин көтөрө коем деп коомчулуктун ур-тепкисине кала жаздаган. Мындай «гениалдуу» сунуштун сыры кырк жылга жетпей эле билинип калды. Көрсө, «господин» Кайыпов ал кездеги кожоюну Курманбек Бакиевге келиндей жүгүнө кызмат кылып, анын көрөр көзүн мыйзамдаштырып берүүнүн үстүндө жан үрөй чуркаган тура?! Апрель окуясынан кийин КурСалиевич Минскидеги чымын-чиркейлерге таланганына курсант болуп балык уулап жүрү. Ал эми М.Кайыпов кош аял алуу демилгесин экинчи ирет көтөргөн жок.

Марат Таштановичке байланышкан бир окуяны айта кетпесек болбос. Ал Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө ат салышкан. Ошондо анын аялы жок «бойдок» экени билинип калып жатпайбы! Мунун себебин өзү мындайча түшүндүрүп берди: «Паспортту 2006-жылы алмаштыргам. 2009-жылы үйлөнгөм, ошону менен «бойдок» болуп калдым». Кызык суроо жаралат: Марат Кайыпов аялы менен ажырашып экинчи ирет төшөк жаңыртканбы же 2009-жылы биринчи жолу үйлөнгөнбү? Анда төрт баласы кантип бул жарык дүйнөгө келген?

Марат Таштан уулу кимдир бирөөнү сындагандан көрө «өз башындагы төөнү көрсө» деген эле тилегибиз бар. Кааласа баяныбызды дагы улантабыз, кызыктар алдыда…

Айбат гезити №89




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru