Айбат » Депутат К.Самаков «Биримдик-Единство» деп аталган жаңы партия түздү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Депутат К.Самаков «Биримдик-Единство» деп аталган жаңы партия түздү

БиримдикЖогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков «Биримдик-Единство» деп аталган жаңы партия түздү.

К.Самаковдун бүгүн, 31-июлда Кыргызстандын жарандарына кайрылуусунда, Кыргызстанга өлкөдөгү жана дүйнөдөгү кырдаалга сергек баа бере турган, заманга жараша ой жүгүртүп жана аракеттене турган партия керектиги белгиленет.

«Бизге куру үмүттөн арылууга убакыт жетти. Дүйнө бизсиз жашай алат. Биз ансыз жашай албайбыз. Эгерде биз эптеп-септеп күн көрүүгө жана дүйнөнүн ресурстарысыз жашоого даяр болсок, анда тынчы жок, митингчил эл катары аброй топтоону уланта беришибиз керек. Эгерде биз кызматташууну, баюуну жана өнүгүүнү кааласак, анда бүткүл дүйнөнү өзүбүздөн чочутуунун кереги жок», – дейт К.Самаков.

Эске салсак, буга чейин «Ата Мекен» партиясынын курамында болуп келген К.Самаков үстүбүздөгү жылдын 15-июлунда партия курамынан чыкканын билдирген.

Айбат гезити №89



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru