Айбат » Нариман Түлеев алып келген 455 кытай автобусунун бүгүнкү күндө 315и жараксыз абалда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Нариман Түлеев алып келген 455 кытай автобусунун бүгүнкү күндө 315и жараксыз абалда

Нариман ТюлеевКурСалиевичтин убагында борбор калаабыз Бишкекке мэр боло калып, «Манас» эпосундагы кыргыз элинин кас душмандары болгон кытай-калмактардын баатырларынын эстеликтерин бир күнгө тургуза коюп кайра алган Нариман Түлеев деген эрен бар. Бул эрендин эмне максат менен кас душмандардын эстеликтерин борбор калаабызга тургузгусу келгени өзүнчө табышмак. Ырас аны кайра бир эле түндө алып салышкан. Бирок, ал эстеликтерди жасоо үчүн Түлеев өз чөнтөгүнөн акча чыгарбаса керек эле. Демек, мамлекеттик казынасынан акча кеткен. Ошентип кас душмандардын эстелигин жасоо үчүн коротулган каражаттар тууралуу бүгүнкү күнгө чейин эч ким эч кандай сөз айтпай келет. Бул тууралуу албетте өзүнчө сөз кылабыз. Бул жолу анын кыргыз эли үчүн жасаган дагы бир «сюрпризи» тууралу кеп кылалы. Эске сала кетсек 2008-жылы нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Кытайдан 455 даана жүргүнчүлөрдү ташуучу автобус алынып келинген болчу. Аны арзан баада алып келдик дешип, Нариман Түлеев баш болгон мэрия кызматкерлери аябай өздөрүн пиар кылышкан эле. Бирок, бүгүнкү күндө ошол 455 автобустун болгону 140 даанасы гана эл кызматын жасап жүрөт. Калган 315и тиешелүү тетиктери жок болгондуктан кыштын кыраан чилдесинде да, жайдын аптабында да күнгө күйүп автопаркта жараксыз абалда жатат. Ал эми ал автобустарды алып келүү үчүн мамлекеттин казынасынан оңбогондой суммадагы  акча сарпталганын жакшы билебиз. Беш жылга жетип жетпей эле таштандыга айланып кала турган автобустарды Нариман мырза эмне максат менен алып келди эле? Биринчиден, кызматтык абалынан пайдаланып миллиондорду өз чөнтөгүнө шилеп калуу болгону айтпасак деле түшүнүктүү болуп турат. Экинчиден, кас душмандардын эстелигин тургузуп жаткан мэр кыргыз элине мына ушундай сапатсыз автобустарды алып келип шылдың кылайын дегениби? Мэрлик кызматка конгондо эрээркеп кетип КурСалиевичти «атаке» кылып алып алган Түлеев мына ушул душман жасай тургандай ишти жасаганы үчүн бүгүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып атканы белгилүү. Эгерде ал сапаты жакшы автобустарды алып келгенде бүгүн шаар тургундары аялдамаларда жарым сааттан ашык автобус күтүп акыйып отурушпайт эле. Башкача айтканда шарт боюнча ар бир номурдагы автобус ар 10 мүнөт сайын аялдамага келип турушу керек. Бирок, автобустардын жараксыз абалга кептелип, болгону 140 гана автобус иштеп атканына байланыштуу шаар тургундары аялдамаларда 30 мүнөттөн ашык убакыт туруп калышат. Бул Түлеевдин шаар тургундарына гана жасаган «сюрпризи». Ал эми ал автобустарды алып келүүдө көз боемочулук кылып, казынанын акчасын каалаганындай калчаганы тууралуу башка кеп болот. Тактап айтканда дал ошол маселени бүгүн сот териштириши керек. Бирок,  жасаганын жасап койгон Түлеев, эми анын жоопкерчилигин тартуудан качып, «оорусун» шылтоолоп сот отурумуна келбей качып жүрөт. Баш-аягы ал 20 жолу сот отурумуна келбей койгон экен. Колу менен жасаганды мойну менен тарткысы келбеген Нариман да «атакеси» Курманбек Бакиевдин артынан эптеп ден-соолугун шылтоолоп качкысы келип жүрөбү?..

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №89



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru