Айбат » Батыш Кыргызстанды Сирияга айланткысы келеби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Батыш Кыргызстанды Сирияга айланткысы келеби?

СирияДиний таануучу Кадыр Маликовдун маалыматы боюнча, Сирия, Ирак, Афганистанда Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жамааттары сан жагынан тез өсүп, согуштук тажрыйбаны топтоодо. Расмий эмес маалыматтарга караганда бүгүн Сирия менен Иракта Кыргызстандан 300-400 адам, Казакстандан 1200 адам, Өзбекстандан 2000ден ашуун, Тажикстандан 700гө жакын адам бар.

Башка расмий эмес маалыматтарга ылайык, Сирия жана Иракта КМШ өлкөлөрүнүн 14 миңден ашуун жараны бар. Булардын саны дагы да өсө бериши мүмкүн. Ошол эле убакта Кыргызстан жана Казакстандын бардык областарында 17-26 жаштагы жаштардын арасында такфирит багытындагы жашыруун салафизация күч алууда.

Борбордук Азияда салафиттик жамааттар азырынча “чектен чыкпаган” жана “такфириттер” же “жихадисттер” болуп бөлүнүп, кээде Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын мусулмандарынын сунниттеринин ичиндеги чыр-чатактардын булагы болушат. Азырынча “чектен чыкпаган” салафиттик жамааттардын көбүрөөк болушунан бул талаш-тартыштар теологиялык талаштардын чегинен чыкпай турат, анын үстүнө алардын идеологиясында бийликке умтулуу жана мамлекеттин башкаруу формасы менен светтик принциптерин алмаштыруу ниеттери жокко эсе.

Акыркы жылдары салафиттердин жамааттары мечиттердин айланасындагы батирлерде жана жеке үйлөрдө бир катар окуу борборлорун ачып алышкан. Бул “худжраларга” окутуучу катары Перс куймасындагы мамлекеттердеги университеттеринен окууну бүтүргөндөр чакырылат. Адатта, көпчүлүк салафиттик уюмдар кайрымдуулук кылуучу деп катталган, ал эми формалдык эмес бирикмелер – жамааттар ар кайсы мечиттердин айланасында түзүлөт. Эгерде Перс куймасындагы мамлекеттердин ишкерлери буларды жакшылап каржыласа, салафизм жаштар арасында таркатылат. Белгилүү болгондой, айрым батыш өлкөлөрүнүн атайын кызматтары  Афганистан, Ирак же Сириядагы террористтик топторду Перс куймасынын мамлекеттеринин расмий эмес фонддору жана жеке ишкерлери аркылуу колдоп, өзүнүн стратегиялык маселелерин чечип алышат.

НАТО Иракта, андан соң Афганистанда “Чоң Жакынкы Чыгыш” долбоорун ишке ашырууда аскердик-саясый жана каржылык жагынан жеңилип калса, эми Батыш “башкарылуучу хаос” деген теорияга салыштырууга мүмкүн болгон Б планына киришти.

Учурда Батыш аймактардагы бөлүнүүчүлүктү конфессиалдык (сунниттер-шииттер), этникалык (арабдар – перстер, күрттөр), Афганистанда (суннит-шиит, пуштун – тажик, өзбек) жактан бөлүнүүчүлүктү колдоп, топтор жана ар кандай агымдар бири-бирин согуштук кагылышууларда алсыздандырууда. Ал эми каржылоо болсо Перс куймасындагы мамлекеттер жана аймактын башка өлкөлөрүнүн эсебинен жүргүзүлүүдө.

Башка жагынан маалымат каражаттарында Исламды ашкерелөө, Сирия жана Ирактагы террористтик радикалдуу топтор тарабынан зордук-зомбулук, массалык адам өлтүрүү сыяктуу тасмаларды интернетке жайылтуу күч алды. Ошондуктан учурда Жакынкы жана Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүндөгү окуялар Исламдын толеранттуулук жана тынчтык дини катары баалуулуктарына, аймактардын туруктуулугуна чоң коркунуч келтирүүдө.

Мындай сценарий өнүксө, Борбордук Азия мамлекеттери жакынкы жылдары Афганистан, Ирак, Сирия жактан келген террористтик топтордун кирип келиши же өз өлкөлөрүндөгү учурда тынч жаткан террористтик ячейкалардын ойгонушу коркунучуна туш болушу мүмкүн.

Азырынча маалымат, диний жактан даярдыктар, адамдарды тартуу, логистика, жеке бизнес инфраструктураларды киргизүү иштери жүрүп жатат.

Айбат гезити №89



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru