Айбат » Жолдошбек Бектурганов: “Авиакомпаниялар кара тизмеде эмес, авиациялык бийлик кара тизмеде”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жолдошбек Бектурганов: “Авиакомпаниялар кара тизмеде эмес, авиациялык бийлик кара тизмеде”

Бектурганов ЖолдошбекКыргыз жарандарын бир мамлекеттен экинчи мамлекетке аман –эсен жеткирип жаткан авиация кызматкерлердин милдети болуп саналат эмеспи. Авиациянын иши жана  алардын көйгөйү, ахыбалы баарыбызга эле кызык болуш керек.  Ушул маселелерди билиш үчүн  “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниянын башкы мүдүрү Жолдошбек Бектурганов менен маектештик.

- Жолдошбек мырза авиакомпаниянын тарыхын айтып берсеңиз?

– Биздин авиакомпания 2001-жылы түзүлгөн. Азыркы Кыргыз алтын авиакомпаниясы “Алтынэйр” деп түзүп самолёт сатып алышып ушул авиакомпанияны ачышкан. Максаттары ички жана тышкы каттамдарды өнүктүрүү болгон.  Ошол кезде эле акча каражаты жакшы бөлүнбөй калып жарым-жартылай өнүгүп калган авиакомпания. 2005-жылы Кыргыз алтындан алып 100 пайыз  мамлекеттик мүлккө тийешелүү  авиакомпания катары түзүлгөн.   Кыргызалтын тарабынан бул авиакомпанияга салынган акчалар, самолётту алган акчалар мамлекетке карыз катары өтүп калган.

Мен 2010-жылы келгенде  биздин авиакомпанияны банкрот деп жогорку сотто карап жатышыптыр.  Биздин авиакомпания Кыргызалтынга 96 млн. сом карызыбыз болуп, алар бизди карызыбызды бер, бербесең банкрот кылабыз деп  сотко бериптир. Өкмөттүн кийлигишүүсү менен, ал убакта Алмазбек Атамбаев премьер-министрлик кызматта эле.  Алмазбек Шаршеновичге айтып карызыбызды беребиз деп токтотконбуз. Бирок, кийин карызыбызды берип кутулдук.   Ошол убакта эле  кыйынчылыкка кептелип калдык. Биздин самолёттор союз убагындагы болуп эскилиги жетип анын үстүнө да  АН 24тү учурбагыла деп жаап салбадыбы. Ошондон кийин колубузду жайып отуруп эле калдык.  Эми акчабыз болсо самолётторду чекесинен чертип алат элек, андай мүмкүнчүлүк жок болду.  Акчабыздын жогунан ар кимден жардам сурай баштадык, баардык банкка барып кредит алалык десек  “ Силер мамлекеттик авиакомпания экенсиңер, менчик авиакомпания болсоңор бермекпиз” деп бирөөсү да макулдугун бербей койду.  Айла кеткенде чет өлкөдөн авиакомпания издей баштадык, ал авиакомпанияны таап, аларды көндүрүп бир самолётту алып келип ага учкучтарды, инженерлерди үйрөткөнгө эле бир топ акча кетип калды, баягы карызыбыз азайбай эле көбөйдү.  Анан мына өнүгөлү дегенде бизге конкурент көбөйдү, жаңы авиакомпаниялар ачылып, биздин өнүгүүбүзгө чоң терс таасирин тийгизип  токто учурлар болуп бизге кыйналуу жаратты.  Азыркы учурда деле кыйналып турабыз. Элге ким бааны түшүрүп берсе ошол авиакомпанияны иштетебиз деп жатат. Бул Кыргызстандын өзүнүн абалына жараша чечилип жаткан маселе болуп жатат. Эми өкмөткө азыркы учурда арзан баадагы билеттер керек болуп жатат. “Эгер, бааң арзан болсо анда иште” деп айтышат, биздин ахыбалыбызды сураган кишилер жок. Кимдин акчасы көп болсо ошол акчанын күчү менен кирип алып анан акырындык менен баасын  көтөрүп  коюшу мүмкүн аны ойлогон эч ким жок. Биздин инвесторго  ырааттуу эреже керек деп айтып жатканым ошол да.  Бизге инвесторлор келиши керек, бирок эреженин чегинде келиш керек.

1990-1995 жылдары биздин авиация ахыбалы аябай начарлап кеткен. Ошол абалдан алып чыгуу чоң көйгөйлүктү жараткан, өкмөттө да акча жок болуп турган учур эле да. Мен 2002-жылы Ош аэропортуна  мүдүрдүн орун басары болуп барганда ЯК 40 деген эки эле самолёт бар болчу. Ал ЯК 40  Бишкек-Ош каттамы гана  иштеп турчу, билеттин баасы кымбат болуп 500дөй  адамга эмгек акыларын бере албай кыйналып турган убак болуп, биз канткенде эл аралык каттамга чыгабыз деген маселе болду. Мен каржы жагын карап не кылышты билбей, автовокзалга барып башка жака кетип жаткан эмгек мигранттарды эртең менен барып түшкө чейин саначымын, бир күндө Россияга  12-14 кишилик орундуу кичи автобуска 21 кишини  эки этаж кылып жатып алып кеткендерди көрдүм. Эми элестетсеңиз алар Россияга 4 күндө жетет, ошончо күндүн ичинде алар жатып эле кете берсе  кыйналып тажап кетет. Ошол мигранттар  3-4-жылдан кийин акча таап келип, баягы кыйналып кичи автобус менен кеткендерин эстешет. Биз ошол учурда авиа каттамдарды ачсак алар самолёт менен кете башташат да. Биздин  Ош аэропорту  Манас аэропортунан ашып кетет деген божомолду түрдө маалымат бергенбиз. Ошол күн мына азыр келди. Бир күндө 3төн рейс жүрүп турат, Россиядан дагы Кыргызстандандагы учуп турат. Биздин авиация мына ушул эмгек мигранттардын артынан өнүгүп жатат.

- Жолдош мырза сиздин авиакомпания мамлекеттик , ал эми менчик авиакомпаниялар билеттин баасын арзан кылабыз деп кыла албай калышты. Аларга эл көп ишене беришпейт, мамлекеттик авиакомпанияга ишенсек болобу? 

– Алар менчик авиакомпания болгондон кийин алардыкы бизнес болуп эсептелет да. Бизнесмендер тапкан акчамды элге жумшайм дебейт, мындай көрүнүш бизнес чөйрөсүндө жок да, алар тескерисинен арзан деп жарнамалап элди тартып алып анан акырындык менен баасын көтөрүп акча табып алышат. Керек болсо араб шейхтери, миллионерлер да мындай кадамга барбайт.

- Кара тизме деген түшүнүк бар, биз андан кантип чыга алабыз жана авиакомпания кандай иш чараларды көрүп жатат?

– Бул кара тизме деген кайдан келген? Биз бир убакта инвесторлорго баардык шарттарды түзүп бергенбиз, келип ушул жактан бизнес кылгыла деп, ошол сыңар авиацияда ошондой болгон. Авиацияда  авиакомпаниялар келип самолётторун коюп, бул жерден каттоодон өтүшүп, Кыргызстанда азыраактары иштеп көбү сыртка кетип калган. Кыргызстандын коду менен учуп калган. Ошол самолёттор Европага учуп ал жерден эки, үч авиакомпаниялар кара тизмеге кирип калган. Ошол авиакомпаниялар келип бизди кара тизмеден чыгаргыла дегенде биздин  ошол учурдагы авиациянын жетекчилер барып чыгарууга аракет кылган. Евросоюздан сураганда алар “силерди кара тизмеден чыгарыш үчүн текшеришибиз керек. Силер ошого даярсыңарбы дегенде биздикилер даярбыз” деп койгон. Биздикилер жаман оюнда келген инспекторлорду, эксперттерди акчага сатып албыз деген ой болсо керек. Мурун эки, үч авиакомпания кара тизмеде болсо, алар келип биздин ахыбалыбызды көрүп туруп  Кыргызстандын баардык авиакомпанияларын автоматтык түрдө  кара тизмеге киргизип салган. Бул жерде авиакомпаниялар каттоого кылган авиациялык бийликти кара тизмеге киргизип салган. Авиакомпаниялар кара тизмеде эмес, авиациялык бийлик кара тизмеде.  Авиа авиакомпанияларды тескей турган инспекторлордун айлык акысын көтөрүшүбүз керек, аларды окутушубуз керек.  Мисалы учкучтар 5,6 миң доллар алат, инспекторлордуку булардыкынан кем болбошу керек.  Эгер ушундай айлык бере алсак анда  евросоюздун кара тизмеден чыгара турган негиздери ошондо гана түзүлөт. Биздин бюджет ошондой айлык берүүнү көтөрө алабы? Мына маселе ошондо. Көбүнчө өлкөлөр авиациялык бийликти өзүн-өзү каржылоого системасына киргизип койгон да. авиакомпаниялар канча жүргүнчүнү ташыса, канча самолёту болсо ошонун негизде төлөй турган жолдору бар да. Ошол системаны бизге орнотсо биздин авиакомпаниялар кыйналып калат.  Бирок, ушуну колго алып кара тизмеден чыгарышыбыз керек. Ушул системага өтүп мына ушул жумуштарды аткардык деп отчёт берип, алардын эксперттерин чакырып келип көрсөтүп анан такташ керек.  Бул иш бир жылдык, беш жылдык эмес бул иш көп жылдык иш.

- Авиакомпаниянын келечегин кандай элестетесиз?

– Келечеги кең, 2010-жылдан баштап авиацияда өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр көп. Самолётторду алып келип кудайга шүгүр өнүгүү жолунда келе атабыз. Анан авиациялык бийликке авиацияны билген жетекчилер келсе өнүктүрө алат. Азыр андай жетекчилер аз. Жакшы жетекчилер менчик авиакомпанияларда иштеп жатышат. Алар айлыгы аз мамлекетке иштеп беришпейт да.  Мамлекеттик авиакомпанияга жетекчи болуп билими жок, түшүнүгү жок адамдар партиядан же бир атка минээрдин таанышы болуп келип калып жатпайбы. Бул көрүнүштү токтотпоюн авиация жогорку деңгээлде өнүкпөйт.

- Сиз жетектеген авиакомпаниянын өнүгүшүнө кандай иштерди жасап жатасыңар?

– Биз акыркы үч жылда үч самолёт алып келдик. Алар баягы карызга келген самолёттор.  Алар мына көп тарапка учуп жатат. Мисалы Россиянын шаарларына, Үрүмчүгө, Ташкентке кызмат кылып жатат.  Биз мамлекеттик авиакомпания болгондуктан Ош- Бишкек каттамдарда пенсионерлерге 1000 сом, студенттерге 1500 сом, биздин эмгек мигранттарыбыз Россиядан ар кандай кырсыкка учурап өтүп кетип жаткан мекендештерибиздин сөөктөрүн бекер алып келебиз. Башка менчик авиакомпаниялар акча алышат.  Эми кыскартып айтканда авиакомпаниянын келечеги кенен, өнүктүрүү иш пландарыбыз көп.

- Сиздин жетекчилик кызматыңызга ийгилик жана ойлогон ой максаттарыңыз ишке ашсын! Маегиңизге чоң  рахмат.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №89



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru