Айбат » Өмүрү элге кызмат кылууга арналган

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Өмүрү элге кызмат кылууга арналган

Усубалиев ТурдакунКыргыз элинин тарыхы өз эли үчүн кызмат кылган улуу адамдарга, көрүнүктүү ишмер, даанышман инсандарга бай. Ушундай инсандардын бири мамлекеттик жана партиялык ишмер, Кыргыз республикасынын түптөлүшүнө тоодой салымы бар Турдакун Усубалиев жөнүндө баяндамакчыбыз

 

Басып өткөн жолдор

Турдакун Усубалиев  1919-жылы 6-ноябрда Кочкор районунун Кочкор кыштагында туулган.

Ал 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик мугалимдер институтун бүтүрүп, Кочкор кыштагындагы орто мектепте окуу бөлүм башчысы, Кочкор районунун пропаганда жана агитация бөлүмүндө, кийин Кыргызстан КП БКнын пропаганда жана агитация бөлүмүндө инструктор болуп иштеген.

1945-жылы КПСС БКга караштуу Жогорку партиялык мектепти аяктап келгенден кийин, КПСС БКнын аппаратында жооптуу кызматта, “Советтик Кыргызстан” газетасынын редактору (1955-1956), Кыргызстан КП БКнын Фрунзе шааркомунун биринчи секретары, 1961-жылдан 1986-жылга чейин Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары болуп иштеген.

Алтымышынчы жылдардан баштап
Т.Усубалиевдин жетекчилиги менен Кыргызстандын экономикасынын, илими менен маданиятынын бардык тармактарын өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу боюнча зор иштер жүргүзүлгөн. Бишкекте жана башка шаарларда өнөр жай ишканаларында монументалдуу гидро энергетикалык
объектилеринде ири курулуш жана монтаждоо уюмдары иштей баштаган, тездетилген темпте үй куруучу комбинаттар, Канттагы цемент-шифер комбинаты тургузулду. Ошондой эле ал айрыкча республиканын жүзү катары  борборубуздун көркөмдөлүп өсүшүнө көңүл бургандыктан, шаарга ылдамдык менен турак үйлөр, бир канча борборлоштурулган жылуулук менен камсыз болгон микрорайондор, ар бир үй-бүлөгө ылайыкталган үч-төрт бөлмөлүү үйлөр көбөйүп, административдик кооз имараттар, музейлер, эстеликтер, монументалдык скульптуралар, фонтандар, мейманканалар, базар комплекстери, “Манас” аэропорту, Кожомкул атындагы спорт сарайы, жер алдындагы өткөөлдөр жана башка көптөгөн объектилер бүткөрүлгөн.

Ошондой эле Т.Усубалиев  көп күч-кубатын легендарлуу  Манастын тарыхый баатырдык баяндарын изилдөөгө жумшаган. 1978-1982-жылдары анын аракети  менен  Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин варианттары боюнча “Манас” китептери басылып чыгарылган. Бишкек шаарында  эпоско  арналган скульптуралык композиция, белгилүү манасчылардын эстеликтери, Манас күмбөзү калыбына келтирилген, эл аралык класстагы аэропортко “Манас” деген ат берилген.

Ал көп улуттук Совет элинин  достугуна, партиянын жүргүзгөн  саясатына, Кыргызстан экономикасы менен маданиятынын жогорулашына арналган бир нече көлөмдүү эмгектин автору.

 

Сыйлыктары

• Т. Усубалиевдин Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө эмгеги жогору бааланып, союз учурунда төрт Ленин ордени

• Орден  « Октябрь Революциясы».

• Орден  «Эмгек Кызыл Туу ».

• Орден «Достук» (Россия).

• Орден «Манас» I даражадагы (Кыргызстан).

• Мамлекеттик сыйлыктардын ээси, анын ичинде 10 орден . кийин  мамлекеттин жана Кыргызстан элинин эң көрүнүктүү эмгеги үчүн 1999-ж. 80-жылдык маарекесине карата “Ак шумкар” өзгөчө белгиси.

• Бишкек шаарынын ардактуу атуулу

• Кыргыз Улуттук университетинин жана Бишкек гуманитардык университетинин ардактуу  профессору.

• 2013-жылы  Турдакун Усубалиев “Манас” университетинин ардактуу доктору наамы ыйгарылган.

 

Ой-пикирлер

Эрмек Усубалиев, Турдакун Усубалиевдин небереси

“ФРУНЗЕ ӨЗГӨЧӨ АРХИТЕКТУРАСЫ МЕНЕН ЭСТЕ КАЛДЫ”

– Чоң  атам бош  убактысын  бизге арнаганга  аракет  кылчу.  Кээде  биз менен ойноп, сейилдеп, кызыктуу  нерселерди  айтып  бергенге  убакыт  тапса, кадимкидей жүзүнөн  жылмаюуну  байкаар элек.  Ал эмгек  өргүүсүн  алганда  көпчүлүк  учурда  Ысык-Көлгө  барып  эс  алып  келчүбүз.  Ал эми  калган күндөрү  Фрунзенин  балмуздактарын  тамшана  жеп, кинотеатрларга  барып, фонтандарды айлана  чуркап  ойноп  өткөргөн  күндөр артта калды. Фрунзе  ушунусу  менен  эсимде.  Ал мезгилде  адамдар  да  башкача эле.  Шаардын  архитектурасы  да  өзүнчө  бир  таасир калтырып  турчу.  Азыр  борбор  калаабыз – Бишкекти  көрүп  зээним  кейийт.  Баары  баш  аламан. Мыйзамсыз  турак  жайлар  курулуп  жатат.  Бир  күнү  ал  канча  адамдарга  зыян  алып  келет?! Эмнегедир  бийликтегилер  майда-барат  маселелерге  көңүл  бурбагандай.  Алар  иштеп  жатабыз дегени  менен, адамдардын  жашоосу  жакшы же  жаман  болуп  деле  өзгөрүп  кеткен  жок. Ушуларды  көрүп  отуруп,  четте  карап  тура  албасымды  түшүндүм.  Саясий  күчтөрдүн  ичинен “Ата Мекен”  партиясына  токтолдум.  Менимче,  бул  партия  менен  биргеликте  баш калаабыздын  далай  көйгөйүн  чече  алабыз.  Кандайдыр  бир  кичинекей  иш  жасасам да, төрөлүп-өскөн  борбор  калаама  салым  кошкум  келет.

 

Турду Жыргалбеков, профессор, тарых илимдеринин доктору, КРнын маданиятына эмгеги сиңген ишмер

Бүгүнкү күнү да кыргыз эли Т.Усубалиевге чоң ишеним менен карап турат, сыйлайт, ал ошого татыктуу. Турдакун Усубалиевичтин өмүрү элге кызмат кылууга арналган, ал өз мекенин, элин, айрыкча борбор шаарын чексиз сүйөт, аны басып өткөн жолу менен далилдеп көрсөттү.

 

Улуу философ -акындын чөбөрөсү

Турдакун Усубалиев айтылуу Калыгул даанышмандын чөбөрөсү. Калыгул Бай уулу олуя, төкмө, сөзмөр болгон. Ал санат ырларынын үлгүсүн жараткан.

Жакшы чыккан азамат

Элин билет.

Эчен түрдүү адамдын

Тилин билет.

Чыгып турган ал Адам

Чынар болот.

Чымчык сайрап чынарга

Булбул конот

Түбү жоон тамгалуу

Терек болот.

Көлөкөсү көп жылга

Керек болот – деген философиялык саптары кыргыз поэзиясынын негиздеринен болуп калды.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №89



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru