Айбат » Зухра Кемелбекова: “Тигүүчү кыздардын коомдогу статусун жогорулатайын деген максатта иш алып барып келем”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Зухра Кемелбекова: “Тигүүчү кыздардын коомдогу статусун жогорулатайын деген максатта иш алып барып келем”

Кемелбекова ЗухраАк эмгек, адал иш эч качан ачка калтырбайт эмеспи. Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө өзүнүн колунан келген салымын кошуп, 80 үй-бүлөнү иш менен камсыз кылып гана тим болбостон, өлкөбүздүн жеңил-өнөр жай тармагынын өнүгүшүнө да салымын кошуп келе жаткан ишкер айым Зухра Кемелбековадан бүгүнкү жетишкен ийгиликтери туурасында маек курдук.

- Зухра айым, эмгек жолуңузду эмнеден баштагансыз?

– Магнитагорск шаарында Магнитагорск Мамлекеттик Педагогикалык университетин бүткөм. Советтер союзу учурунда  Россиядан окуп келген абдан престиждүү эле. Биз 1990-1991-жылдары окууну бүтүп оор жылдарга туш болуп калдык. Өлкөгө келип өз кесибибиз менен иштейли десек, айлык акы абдан аз болгондугуна байланыштуу 2000-жылдарынан баштап бизнес тармагына өттүм. Он жылдан бери жеңил өнөр жай тармагында иштейм.  Жаңы баштаганда бул тармак туурасында эч нерсе билчү эмесмин. Алгач бир цехке буюртмачы болуп кирдим. Бир жылча моделдерди изденип таап, 6 айдай ишим жакшы жүрүшкөн жок. Андан кийин кичинеден ишим алдыга жылды. Буюртмалар келип, иштин көлөмү да өсө баштады. Ал кезде конкуренция азыраак болгонго иштөө оңой болчу. Азыр талап катуураак. Ошентип, бир жыл ичинде тигүү цехинин ишин толук өздөштүрдүм. Көзүм жеткенде 80 машине киргизип тигүү цехин ачтым. Ушул тармакта иштейм деген адамдарга айтаарым, бул тармакта иш алып баруу үчүн өтө көп акчанын деле кереги жок.

- Канча адамды иш орду менен камсыз кыла алдыңыз?

– Алгачкы күндөн тарта 75-80 киши менен иш алып барып келе жатам. Бизде коллектив майрамдарды чогуу өткөрөбүз, чогуу иштеп, чогуу эс алабыз. 7-8 жылдан бери мени менен чогуу иштешип келген кыздар бар. Алардын көбү буттарынан туруп, машине минип, үй салганга жетишишти.

- Тигүү менен гана алек болбостон маданий иш-чараларга да катышып жүргөнүңүздү билебиз…

– “Уз чебер кыздар” деген фонд ачып, тигүүчү кыздардын да коомдогу статусун жогорулатайын деген максатта иш алып барып келем. Себеби, биздин турмушта жеңил өнөр жайы өзүнүн ордун туура тапты деп эсептесек болот. Мамлекеттик кызматта иштеген мугалим, доктур, юрист кесибинин ээлеринин статусу кандай жогору болсо, тигүүчү кыздардын да статусун ошол деңгээлге көтөрөйүн деп уз чебер кыздарга демөөрчү болуп келем. Өзүмдүн ишим менен гана алек боло бербестен коомдук иш чараларга, кайрымдуулук иштерине  да активдүү катышам.

- Эл аралык сынактарга катышып турасыздарбы?

– Албетте, жылына 2 жолудан Москвада Эл аралык көргөзмө өтөт. Ал көргөзмөгө төгөрөктүн төрт бурчунан өздөрүнүн коллекциялары менен келишет. Мен да ал жака коллекциям менен барам. Буюрса октябрь айында өтөт, ошого азыртадан эле даярдана баштадык. Андай көргөзмө жаңы рынокту ачканга, кардарларды тапканга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет. Иштин көлөмүн көбөйткөнгө ишти башка нукка буруп, тажрыйба алмашканга жакшы өбөлгө түзөт. Андан тышкары Францияда, Сеул, Шанхайда өткөн дүйнөлүк кездеме көргөзмөсүнө катышып мода дүйнөсүндөгү акыркы жаңылыктарды көрүп, акыркы моделдер менен иштеп келе жатабыз.

- Рустам Маманов уюштурган  долбоорго кандайча катышып калдыңыз?

– Ал долбоорго дизайнерлер катышты да, мен ал жакка сапаты жакшы арзаныраак кездеме алып келип берейин деген сунушум менен кайрылгам. Мен сунуштаган кездемелер долбоордун калыстар тобунун сынынан өтүп, буюрса быйылкы жылкы мектеп формасын тигүү алдында турабыз. Окуучуларга форма тигилүүчү кездемени Кытайдан алып келебиз. Кытай десе эле сапаты начар деп көнүп калганбыз да. Ал жакта деле сапаттуу кездемелер бар. Европа мамлекети кездемелерди ошол жактан алышат. Форманы ар бир окуучу сатып алууга мүмкүнчүлүгү болгондой кылып, болушунча арзаныраак тиккенге аракет кылуудабыз.

- Ар бир тармактын оош-кыйышы болот эмеспи. Сиздин ишиңиздин кыйынчылыгы эмнеде?

– Кайсы бизнес болбосун акыркы жыйынтыгы болуш керек. Акыркы жыйынтыгы – акча жасоо. Мен ошол акыркы жыйынтыкты көздөйм. Ал жыйынтыкты алыш үчүн бизнес план түзүлөт. Бизде да өзүбүздүн ишибизге жараша көйгөйлөрүбүз бар. Мезгил аралыгында ишибиз солгундап калат. Мезгил башталганда, майрамдарда жетишпей жакшы иштейбиз. Кадрлардын жетишсиздиги да чоң көйгөй.  Иштеген кыздарга болгон шартты түзүп бергенге аракет кылабыз. Ошентсе да кайсы цехте көбүрөөк төлөнсө ошол жактан иштеп кете беришет.

- Бизнесте банкрот деген түшүнүк бар эмеспи. Сиз ал нерсеге туш болгонсузбу?

– Россия, Казакстан менен иш алып барганыбыз үчүн 2005-жылкы революция биздин ишибизге катуу кедергисин тийгизди. Бардык жактан чек аралар жабылып тиккен кийимдерибизди сата албай калганбыз. 1-2 ай ишибиз токтоп калып, келечегибиз кандай болот деп катуу ойлонгонбуз. Ал күндөр да артта калды. Ар бир 7-8 жылда экономикалык кризистер боло берет.  Биз Россия, Казакстан менен иштегендиктен ал жактын саясий-экономикалык абалы да бизге өз таасирин тийгизет. Кандай болгон күндө дагы токтобой, изденип иштей берсе иш жүрүшө берет экен.

- Ийгилигиңиздин сыры эмнеде?

– Ийгиликти багындырууда ички позивтив болуш керек. Ишке берилүүм, өз ишимди сүйгөндүгүм, мыкты тандалган командам жана үй-бүлөмдүн колдоосу менен ушундай ийгиликтерди багынтып келе жатам. Жалгыз мындай ийгиликтерге жетишиш кыйын.

- Бизнесте дос болбойт дейт…

– Мен антип эсептебейм. Анткени, ар бир адамдын ырыскысы өзүнө ченелип берилет эмеспи.  Кытай акылмандарынын айтканы бар: “Сенин кемчиликтериңди айткан адам дайыма эле душманың боло бербейт. Сенин ийгиликтериң туурасында айткан дайыма досуң эмес”, – дейт. Мен  чогуу иштешкен адамдар менен көбүрөөк достошом. Анткени, биздин кызыкчылыктар, көздөгөн максаттар, алып барган ишибиз бир. Утур моделдерди сооданы талкуулап, тажрыйба алмашып турабыз. Көп адамдарга жардам берем. Жаңы ачылып жаткан цехтерге кездемелеримди насыяга берем, көп жылдан берки иштешип келе жаткан цехтер менен  андан ары да алакамды чыңдап, алар менен иш алып  барууга умтулам. Ал эми достор ошол мамилелерден улам пайда болот.

- Бир эле убакта бизнести алып кетип, балдарга эне, күйөөгө  мыкты жар, үйдө кожойке болуу оңой болбосо керек?

– Өзүм 23 жашымда турмушка чыгып, 3 баланын энесимин.  Уулум Элдияр 21 жашта Оттавада Карлтон деген университетте  Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүнүн экономикасы деген факультетте билим алып жатат. Андан кийинки кызым Айжан Түрк лицейин бүтүп, Турциянын Gediz деген университетинин Архитектуралык факультетинде окуйт. Кичүү кызым Алтынай да Түрк лицейинде  билим алат. Албетте, баарын бирге алып кетүү  абдан оор. Бизнести жаңыдан баштаганда түнкү 11-12ге чейин цехте калып иштеген күндөрдү башыман өткөрдүм. Үй-бүлөдө түшүнбөстүктөр болгон. Иштен чарчап келгенимде балдарым апалап мойнума асылганда аларга мээримимди жакшы төгө албай калдым. Бизнести бир нукка түшүрүп алгандан кийин балдарымды эркелетейин десем алар чоңоюп калышты. Эми балдарыма кичине кезинде мээрим бере албай калганыма өкүнөм. Албетте, жолдошум тараптан мага күчтүү колдоо болгон. Ошон үчүн ушундай деңгээлге жеттим десем болот.

- Балдарыңыз да сиздин жолду улап, бизнес тармагына өтүүсүн каалайт белеңиз?

– Балдарым, “Апа, сизге окшоп бизнес тармагында иш алып баргыбыз келбейт”, – дешет. Уулум, “Мен сизге окшоп 12-15 саат иштей албайм” – дейт. Өзүмдү ойлосом жаш кезде, энергия көп,  ишке кызыгуум күч болгон үчүн кээде тамак жебей иштеген күндөрүм да болгон. Ал эми балдарым кайсы тармакты өздөрү үчүн пайдалуу деп чечсе, мен алардын тандоосуна тоскоол болбой колдоо гана көрсөтөм.

- Кыргызстандын киноиндустриясы да өнүгүүнүн үстүндө. Киноиндустриянын азыркы абалына кандай баа бересиз?

– Бизде Кыргызстанда бир убактарда мамлекеттен каражат бөлүнбөй кино тармагында бир аз тыныгуу болгон. Советтер союзунда “Ак кеме”, “Караш-караш”, “Акбаранын көз жашы”  сыяктуу мыкты тасмалар тартылган. Азыр  кино тармагында конкуренция көбөйүп сапаттуу кинолор тартыла баштады, мен аны менен сыймыктанам. Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө көрсөтүлө турган “Курманжан Датка” киносун  чыдамсыздык менен  күтүп жатам. Курманжан Датка күчтүү инсан болгон экен. Биздин кыргыз элибизди башка улуттардын кол салуусуна жол бербей, элди эч жакка качырбай акылмандык менен сактап калган. Ал эл аралык мамилелерди, тышкы саясатты мыкты өздөштүргөн чыгаан саясатчы, кыраакы аял болгон. Анын кинотасмасы тартылганына сыймыктанам. Тасма азыркы айымдарга Курманжан Даткадай акылдуу, кыраакы, чыдамкай аял болууга чакырчу, үлгү болгон тасма болду го деп олойм.  Дүйнөлүк тарыхта “Темир айым” аталып калган Маргарет Тэтчер, Индиянын лидери Индира Ганди, Пакистандын сыймыгы болгон Бенеуир Бхутто жана алардын арасында биздин Курманжан Датка энебиз да ардактуу орунда турат. Советтер союзунун мезгилинде Курманжан Датка апабыздын ысымы архивде гана болуп, ал туурасында көп айтылган эмес. Эми Датка апабыз тууралуу тасма тартылганы бизди кубандырбай койбойт.

- Тарыхка кызыгат окшойсуз?

– Ооба, тарыхы жок эл болбойт, – дегендей тарыхты изилдебесем дагы тарыхты окуп, ага кызыгам. Россиянын, Римдин, Европа мамлекеттеринин тарыхын окуйм. Учурда акын Анна Ахматованын уулу Лев Гумилев аттуу тарыхчынын эмгектерин окуп жатам.  Ал 14 жыл Гулагда отурса дагы сынбастан, абактын ичинде тарыхый эмгектеринде “Хазария” деген өлкөнүн жана  “ Хунны” деген улуттун эмне себептен жоголуп кетүүсүн изилдеген. Ошолорду изилдеп өзүнүн өмүрүн тарыхка арнаган инсан болуптур. Андан сырткары бош убактым боло калса А.Токомбаев, Ф.Достоевский, Л.Н. Толстой, Ч. Айтматов, Т.Касымбеков сыяктуу улуу акын-жазуучулардын эмгектерин окугандан ырахат алам.

- Искусствонун дагы кайсы түрүнө кызыгасыз?

– Кыргыздын төкмөлүк өнөрүнө кызыгып келем. Төкмөчүлүк – сыйкырдуу дүйнө – космос сыяктуу татаал, чексиз. Төкмөлүк өнөр биздин каныбызда бар. Азыркы убакка чейин улуудан кичүүгө берилип келе жатат. Тилинде эми бар, билегинде күчү бар, сөзүн келген, акылынан жеткен, сөз устаты, төкмөчүлүктүн чеберлери Элмирбек Иманалиев, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев сыяктуу кыргыз элинин сүймөнчүктүү төкмө акындары бар. Биздин мамлекетте нефть, газ, сыяктуу кен байлыктар болбосо дагы өзгөчө Аалыга окшогон төкмө акындарыбыз менен сыймыктанам.

- Аялдардын азыркы коомдогу орду кандай деп ойлойсуз?

– Кыргызда аялзатын сыйлоо илгертеден бери келе жаткан салт, Теңирибиздин аялы Умай энеден башталган. Азыркыга чейин кыргыз табыптары, эмчилери  “Менин колум эмес, Умай энен колу” деп балдарды эмдеп жүрүшөт. Манас  баатырыбыз да жашоосунда бир гана Кыз Сайкалдан жеңилген. Бул деген аялзатына болгон сый мамилени билдирет. Жаңыл Мырза тууралуу айта турган болсок, ал жөнүндө аңгеме гана эмес бүтүндөй бир эпос жазылган.  Атчан аялдар эркектерге жол бошоткон эмес. Ал эми азыркы убакты ала турган болсок, аялзаты бардык тармакта бизнесте болобу, саясатта болобу көп ийгиликтерге жетишип жаткандыктары сыймыктанаарлык.

- Сулуулук сиз үчүн эмне?

– Ким эмне деп айтпасын, сырткы сулуулук болгону фасад. Эң башкысы адамдын ички жан дүйнөсүнүн сулуулугу, өзүңдүн ички сезимиңди кандай туюп турсаң ошол сенин сулуулугуң. Сырткы келбети канчалык сулуу болуп  турса дагы, ички дүйнөсү бактысыз болуп турса, сулуулугун ача албайт. Ал эми сырт келбети анча сулуу эмес, бирок бактылуу аялзаты бул таймашта дайыма алдыга озот. Ошондуктан, мен үчүн эң биринчи ирээтте менин ички сезимим. Мен ичимен эмнени сезип туйсам, ал менин жүзүмөн билинет.  Коко Шанелдин: “Өңү серт аялды сулуу кылыш оңой, сулуу аялды эстүү кылыш чоң көйгөй”, – деп айтканы бар. Анын сыңарындай ички дүйнөсү да, сырткы келбети да айкалышкан сулуу болуп турса кандай сонун. Аял киши акылдуу, амалдуу, эстүү болсо анын өңүнүн серттиги дагы бир тыйын.

- Маегиңизге рахмат!

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №89




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru