Айбат » Paramount Pictures киностудиясы “Черепашки-ниндзя” тасмасынын чатактуу постери үчүн кечирим сурады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Paramount Pictures киностудиясы “Черепашки-ниндзя” тасмасынын чатактуу постери үчүн кечирим сурады

Paramount Pictures киностудиясы 11-сентябрда тартуулай турган легендарлуу тасма “Черепашки-ниндзянын” постеринде жарылып жаткан небоскребдон секирип жатышкан ниндзяларды чагылдырган. Бул “картинаны” көргөн интернет колдонуучулары дароо нааразычылыктарын билдирди. Себеби көптөгөн эл 2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йорктогу болгон терракттан жарылып, кулаган эки небоскребду унутуша элек. Бул терактта үч миңден ашуун адам набыт болгон.

Черепашки ниндзя“Биз баарыңардан кечирим сурайбыз. Бул картинаны ушу датага байланыштырып коюуу абдан туура эмес кадам болду, мойнубузга алабыз. Бирөөлөрдүн көңүлүн ооруталы же дагы бир башка жаман ойлор болгон эмес. Ошондуктан болгон промо-материалдарды артка алып, интернет барактарынан алып салдык.” – дейт, киностудиянын өкүлчүлүгү. Чындыгында “Черепашки-ниндзянын” чатактуу постери бардык социалдык тармактардан алынды.

Эскерте кетсек “Черепашки-ниндзя” кино тасмасын Джонатан Либесман тартты, ал буга чейин “Титандардын каары” тасмасын мыкты тарткан. Продюсери Майкл Бэй. Негизги каармандардын бирин Меган Фокс, журналист кыз Эйприл О’Нилдин ролун ойнойт.

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №89




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru