Айбат » Янки: “Гумандуулук… ал эмне?!”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Янки: “Гумандуулук… ал эмне?!”

Гумандуулук жана демократия деп эле кыйкырып, бирок бардык барган жерине согуш жана талкалоолорду гана алып келген америкалыктардын дагы бир чоң кылыгы – өлүм жазасы.

Америка

Джозеф ВудӨткөн жумада, 1989-жылы кылган кылмышы үчүн Джозеф Вуд өлүм жазасына тартылып, өлүмгө алып келчү инъекцияны сайгандан соң дээрлик эки саат абдан кыйналып өлгөн. Мындай мисалдар АКШда аз эмес жана парадокс – кыйналып өлүүлөр фармацевтикалык компаниялардын өлүм жазасына каршы чыгуунун натыйжасында болуп жатат.

АКШ элинен жүргүзүлгөн сурамжылоолор боюнча өлүм жазасын аткаруунун эң гумандуу методу – күчтүү дарылардан турган “коктейлди” сайып өлтүрүү – 65, атып өлтүрүү – 9 жана дарга асып өлтүрүү – 5 түздү. Жалпысынан өлүм жазасын колдогондор – 60, каршы болгону – 30.

өлүм жазасы2010-жылга чейин укол менен өлтүрүү процесси максимум 15 мүнөттү эле түзүп келген. Бирок ал уколдун курамын түзгөн тиопентал натриин Америка Европадан алчу. Эми европалыктар демократия жана гумандуулукту колдоп, адамдын ден-соолугуна доо кетирип, өлүмгө алып келген препаратты Американын жаза аткаруу системасына сатууга тыюу салышты. АКШнын түрмөлөрүндөгү тиопентал натриинин запасы 2012-жылдын аягында эле түгөнүп, “коктейлдин” курамын өзгөртүүгө дуушар болушту. Үч дарынын кошмосунун ордуна бир күчтүү дары – пентобарбиталды колдонолу деп чечишсе, аны дагы Европа чыгарат экен, бул иш дагы жогорудагыдай себеп менен ордунан чыккан жок.

Айласы кеткен Америка бийлиги түрмөчүлөргө альтернатива табууга уруксаат берди. Бирок мидазолам “ишин” так жана убагында аткара албай, өлүм жазасына тартылгандарды кыйнап жатат.

Ушундан улам АКШ кайдагы эле демократия, гумандуулукту айтып жатат, эгер өзүлөрү адамдарды өлүм жазасына тартканы аз келгенсип, аларды кыйнап өлтүрүп жатышса?!

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №89




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru