Айбат » Максым жасоону үйрөнөбүз

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Максым жасоону үйрөнөбүз

МаксымАзыркы эшиктин ысыгына  чыдабай көлөкө издеп, тамагыбыз  суусап турган маалда чаңкаганыңызды кандыра турган суусундук ичип алган кандай сонун. Кыргыз элибиздин  улуттук ашканасы табигый азыктардан жасалган суусундуктарга бай. Алардын курамына  жарма, максым да кирет. Максым – талкандан жасалган жарманын ачытылганы. Ал эми жарманы ачытпай, жөн гана ага ак (сүт, айран, сүзмө) кошулат. Максым кантип жасаларын үйрөнүп алыңыз.

Керектелүүчү азыктар

• 8-10 литр максым даярдайм десеңиз: Ушунча өлчөмдөгү сууга

• тоң май – 2 аш кашык,

• ун – 2 аш кашык,

• талкан – 400-600 грамм, көрөңгө – 400-500-грамм, татымына жараша туз.

 

Максымды даярдоо ыкмасы

1) Мискейди отко коюп, тоң май саласыз.

2) Эриген майга унду кызарта кууруңуз.

3) Унду кызарта кууругандан кийин муздак суу куюңуз.

4) Суу кайнагандан кийин ага чубуртап талкан салып, бөлтөк болуп калбагандай кылып жакшылап чалыңыз.

5) Максымды бир калптагы отко 25-35 мүнөт кайнатуу керек.

6) Андан соң  аны бир аз суутуп ун чалып туздан кошуп коюңуз.

7) Салкын бөлмөдө 8-10 саатта ачыйт.

8) Максым ачыгандан кийин аны чыныгыга куюп алып анын даамы менен тамшансаңыз болот.

Билип алыңыз

• Унду куургандан кийин бир аз жылуу суу кошуп унду эзип алып, андан соң муздак суу куйсаңыз, куурулган ун бөлтөк болбой, тегиз эзилет.

• Жарма кайнап жатканда ташып кетпеси үчүн маал-маалы менен чалып туруңуз.

• Жарма кайнап жатканда маалы менен сапырып турсаңыз, талкан жакшы бышат.

• Максымды ачытуунун алдында ага 100-200 граммдай айран же сүзмө кошуп койсоңуз, ал көбүрүп-жабырып жакшы ачыйт.

• Эгер үйдөгү температура төмөн болсо, максымды ачытуу үчүн күн тийген жерге алып чыгып койсоңуз болот.

• Максым куюлган мискейге темир чөмүчтү калтырып койбой, алып коюп турганыңыз же жыгач чөмүч колдонгонуңуз жакшы. Себеби темир чөмүч максымды тундуруп коёт.

• Максым ачытуу үчүн көрөңгө жок болуп калса, ачыткы (дрожжи) колдонсоңуз болот.

Айбат гезити №89



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru