Айбат » Мусулман динин кабыл алган атактуулар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Мусулман динин кабыл алган атактуулар

Дүйнөнүн белгилүү инсандары ислам динин кабыл алып, мусулмандарга боор тартып тургандары жүрөктү жылытат. Дал ошол атактуулардын эмне себептен ислам динин кабыл алышканын баяндап бермекчибиз

Л.Н. Толстой

Орус элинин жазуучусу, ойчул, орус адабиятына чоң салымын кошкон Лев Николаевич Толстой мусулман болуп, ислам динин кабыл алган. Жазуучу, кудай жөнүндө, философиялык көз караштары, трактаттары, адамдын жан дүйнөсү, билими, сүйүү жана жашоонун маңызы туурасында көптөгөн акыл ойлорду билдирип келген. Улуу жазуучуну ислам динин кабыл алганы үчүн жакын адамдары түшүнбөстүк менен андан баш тартышкан. 1870-жылдарда жазуучу “өлүм, күнөө” темаларына көбүрөөк басым кылган. Жазуучунун аялы Е.Векилова “Толстойдун балдары дагы исламды кабыл алышаарын каалап жатышат” – деген маалымат берген. “Эгерде адамга эки динди тандоого койсо, акылдуу киши сөзсүз түрдө исламды кабыл алат, анткени Кудай бир гана жана Мухаммед (с.в.а) анын элчиси деген сөзгө бекем карманып, жаратканга жалынганыбыз оң” – деп айткандары калган.

 

Майк ТайсонМайк Тайсон

Экс-чемпион Майк Тайсон темир тордун артында отуруп ислам динин кабыл алган. Ислам дининде алган аты Малик Абдул Азиз 2010-жылы Меккеге барып намаз окугандыгын өзүнүн интернет баракчасына жазып чыккан жана өз сөзүндө мындай деп айткан: Мен ишенем Аллах бар экендигине жана мени туура жолго салат деп ишенем деп өз оюн билдирген

 

Мухаммед Али

Мухаммед Али  биринчи аты Кассиус Клей оор салмактагы дүйнөнүн үч жолку чемпиону. Ислам динин 1965-жылы кирген анын айткан сөзү: Мен мусулманмын мусулман динин кабыл алганыма 20-жыл болду мени баардыгыңыздар жакшы билесиздер,  боксер катары жана чынчыл адам катары. Ислам дини адам өлтүргүчтөрдүн жана туура эмес жолго алып бара турган болсо, мен ислам динин кабыл алмак эмесмин мусулман дини таза тынчтыктын дини ойлонгула. Өзүнүн жашоосунда жакшы күндөрү  көп болгон, бирок Арафатка барып сыйынганы эч бир күнүнө теңелгис күн болгон. Кеч ойлонуп калганына гана өкүнгөн, дагы бир жашоом болгондо мен ислам динин тандамакмын деп айткан.

 

Майкл  ДжексонМайкл  Джексон

Бүткүл дүйнөгө таанымал “поп-музыкасынын королу” аталып келген Майкл Джексон терең ишеним менен “келме” келтирип, ислам динин кабыл алган. Мыкты ырчынын мусулман болуп калышына 90-жылдын башында исламды кабыл алган бир тууган байкеси Джексон Джермейндин кошкон салымы абдан чоң болгон. Майкл билимдүү жана тажрыйбалуу шейхтерден сабак алып, “Ислам улуту” деген кыймылды уюштуруп, анын лидери болгонго да жетишкен жана бош убактысынын баардыгын куранды окуганга арнаганын айткан. Исламдын принциптерин терең түшүнгөн Джексон Бахрейн борборундагы мечиттердин курулушуна миллиондогон доллар бөлүп, Дубайдагы бир нече мусулмандык бирикмелерге өзүнүн эсебинен банктан акча которуп бергени маалым болгон. Ал дүйнөдөн кайтканда дагы бир туугандары мусулманчылыкты бекем кармап, алакан жайып, бата кылып, куран окушуп жерге беришкени Майкл Джексондун мусулман экени дагы бир жолу даңазаланган.

 

ЭйконЭйкон

Хип-хоп музыкасын мыкты өздөштүргөн жаш муундун сүйүктүү ырчысы жана аткаруучусу Эйкон беш жыл түрмөдө олтурса дагы оригиналдуу ырларды жаратып, үч альбомду элге тартуулоого жетишкен. Англис, француз жана волоф тилинде эркин сүйлөгөн Эйкон учурда араб тилин үйрөнүүнүн үстүндө. Себеби, ислам динин кабыл алып, мусулмандардын санын дагы бир санга  көбөйтүп, куранды окууга киришүүдө. Эң кызыгы Эйкон мусулман катары үч аял алып, төртүнчүсү менен толуктаганы жатат. Кенже аялы Сенегалдын жашоочусу Джозефиняга баш кошкону турат. Ал наркотик сатуу менен алектенсе дагы аны бир да жолу колдонуп көргөн эместигин баса белгилеген жана жашоосу өзгөргөнүн айткан.

 

Баста РаймсБаста Раймс

Хип-хоп ырчыларынын арасынан Баста Раймс сыяктуу, өзгөчө стили менен айырмаланган мыкты рэпер жокко эсе эле. Өзүнүн имиджин таап, ачык, эсте калаарлык, башкача ырдоо манералары менен таанылган Баста Раймс мусулман дагы. Анын бардык ырлары күлкү менен коштолуп, саясат, экономика, дин маселелерин өзүнө камтыган ырларын эл алдына тартуулагандан ырахат алган рэпер исламдык уюмдарга кошулуп, “Калктын беш пайызы” деген атка конгон.

 

Уилл СмитУилл Смит

Белгилүү кино жылдызы Уилл Смит ислам динин кабыл алган. Ислам динин кабыл алган бирден-бир себеби Мухаммед Али аттуу кино тасмасына тартылып жатып акырындык менен Ислам динин кабыл алган Мухаммед Алинин жашоосун кызыгуу менен изилдеп ошону менен бирге ислам динин изилдеп чыгып ислам дининде чындык бар экендигине ишенип ислам  динин кабыл алган.

 

Зинедин ЗиданЗинедин Зидан

Белгилүү футбол оюнчусу, профессионал спортсмен, Франция командасынын лидери, миллиондогон фанаттардын кумири болгон Зинедин Зидандын түпкү теги Алжир жана ал ислам динин кабыл алган мусулман экендиги көпчүлүктү таң калтырды. Бул туурасында иниси Рабаха мындай дейт: “Ал мусулман экенин эч жашырбайт, бир гана Аллахка жана анын Пайгамбарына ишенээрин айтып, исламдын бардык койгон талаптарын аткарууга аракеттенет, мисалы: Зидан бир да жолу чылым чегип, спирт ичимдиктерин колдонгон эмес” – дейт бир тууган иниси. Анын мындай жолго түшкөнүнө атасы Исмаил жана энеси Маликанын салымы чоң экенин да жашырышкан жок. “Ислам дининдеги парздардын бири болгон “хаджды” иш жүзүнө ашырууга аракеттенем” дейт – жаш футболист. Ага ылайык, Сауд Аравиясынын королдугуна атайын чакыруу билетин Зидан колуна алып, ал жерди көрүп келүүгө да даярдык көрүп жаткан учуру.

Жеңишбек Шерипбаев

Айбат гезити №89



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru