Айбат » Бексултан Жакиев: “Бийликке жетпей калган саясатчылардын 99 пайызы башаламандыкты, бийликтин кулашын каалайт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бексултан Жакиев: “Бийликке жетпей калган саясатчылардын 99 пайызы башаламандыкты, бийликтин кулашын каалайт”

Бексултан Жакиев- Бексултан мырза, айрым саясатчылар “Күзүндө кырдаал курчуп кетиши ыктымал, керек болсо бийлик алмашышы мүмкүн” деп көз ачыктанып атышат. Бизге кырдаалдын курчушу, бийликтин алмашышы пайда алып келеби?

– Эч канда пайда алып келбейт. Саясатта жүргөн мансапкор, ач көз, дүнүйөкор саясатчылардын тилеги, үмүтү эле өлкөбүздө бир кырсык болсо экен, башаламандык болсо экен, анан андан пайдаланып бийликке келип калсак экен деген тилектер болуп атат. Буларды ою бузук адамдар деп коёт. Азыркы тапта бийликтин бир бутагына илинбей калган саясатчылардын 99 пайызы ушуну каалайт. Элибиз андай саясатчыларды деле жакшы билип калды. Бирок куру намыс деген балээ жок болбой атат. Жердешинин, тууганынын, досунун акмак экенин көрүп турушса деле “Кой бул биздин бала экен, колдоп коёлучу” деп көчөгө чыга калып атышат. Быйыл жазында деле ошол бийликти көксөгөндөр 10 миң, 20 миң адам топтойбуз деп атып тилектерине жетпей калышты. Жанагы Садыр Жапаров дегени ар нерсени уюштургусу келип чуркап жүрүп, азыр өзү башка мамлекетте качып жүрөт. Булар эми күзүндө деле албетте жөн жатпайт. Бир нерселерди уюштургулары келет.

- Мамлекетибизди өнүктүрүү үчүн биз кандай кадамдарга барышыбыз керек?

– Мамлекетибизди ар тараптан өнүктүрүү үчүн адегенде мамлекеттүүлүк дегенди бекемдөө керек. Аны бекемдөө үчүн тартип керек. Тартипти сактоо үчүн мыйзамды сыйлоо керек. Тилекке каршы бизде ошол мыйзамдарды жазып, анын аткарылышын көзөмөлгө алып тура турган депутаттар өздөрү мыйзамды бузуп коюп жатышат. Мыйзамды аткармак турсун, атайылап бузгандар бар. Айткандары башка, жасагандары бөлөк. Анан ыйман деген нерсе болуш керек. Ыйман менен маданият деген синоним эле сөздөр. Бизде ошол маданияттуулук жетишпей атат. Маданияттуулукту көтөрүү үчүн театр, кино, сүрөт, спорт тармактарын өнүктүрүү керек. Эл ошолор менен алек болуп калса дагы саясатта будуң-чаң токтойт. Азыркы тапта Кыргызстанды Россияга каршы койгусу келгендер да бар. Алар Америкага сатылып кеткендер. Мына ушундай саясатчыларга чара көрүлүшү керек эле. Тилекке каршы андай чаралар колдонулбай атат.

“Айбат пресс”

Айбат гезити №90




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru